Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:58

Сот июнь окуясына айыпталган кишини бошотту


Базар-Коргон райондук соту.
Базар-Коргон райондук соту.

Базар-Коргон районунда 2010-жылдагы улут аралык кастыкты козутууга катыштыгы бар деп 9 жылдан кийин кармалган адам соттун чечими менен шарттуу жаза алып, абактан бошотулду.

2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү катары быйыл март айында кармалган Базар-Коргон районунун 45 жаштагы тургуну Мухидин Юлдашевди райондук соттун судьясы Шарипжан Миталипов шарттуу кесип, абактан бошоткон.

Райондук соттун чечими ушул жылдын июнь айында чыкканы менен прокуратурадан жана жабырлануучу тараптардан апелляциялык арыз түшкөн эмес. Облустук соттун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов соттун чечими боюнча буларга токтолду:

Бүгүнкү күндө өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу түшкөн эмес.

- Базар-Коргон райондук сотунун 2019-жылдын 28-июнундагы өкүмү менен айыпталуучу Жазык кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,3-пункттары («Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча, анын жосунунда кылмыштын же жоруктун курамы жок болгондуктан акталган. Ошондой эле кодекстин 233-беренесинин 2-бөлүгү («Массалык башаламандык») менен күнөөлүү деп табылып беш жылга, ушул эле берененин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып төрт жылга эркинен ажыратылган. Ал эми кодекстин 59-беренесинин негизинде ага берилген жаза бири-бирине жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло жети жылга эркинен ажыратылган. Кодекстин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, үч жылдык сыноо мөөнөтү аныкталган. Сыноо мөөнөтүнүн ичинде ишенимди актап, жаңы кылмышка барбаса жаза аткарылбай тургандыгы көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу түшкөн эмес.

Юлдашевге 2010-жылдагы Базар-Коргон районунда массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп мындан 8 жыл мурда издөө жарыяланган. Ага эски Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Диний, расалык жана улут аралык кастыкты козутуу» беренелеринин негизинде айып коюлган. Быйыл жазында ал Кыргызстанга келген учурда аэропорттон кармалган эле. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев анын күнөөсү тергөөдө толук далилденгенин айтты:

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

- 2010-жылдын 13-июнь күнү Базар-Коргон районундагы Ош-Бишкек жолунун боюндагы көпүрөнү 400дөй адам тороп алып, улут аралык кастыкты козутуу максатында башаламандык уюштурушкан. Тергөөгө келбей, качып жүргөндөргө издөө жарыяланган. Юлдашев Мухидинге 2011-жылы издөө жарыяланган. 2019-жылдын 2-мартында Москвадан Ошко учуп келген учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан. Орусияда ал башка адамдын атынан паспорт жасатып, колдонуп жүргөнү да аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») жана 299-беренеси («Диний, расалык жана улут аралык кастыкты козутуу») менен күнөөсү далилденип, соттун кароосуна жиберилген.

2010-жылдагы июнь коогалаңында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашуун кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 65% бети ачылган. Жалпысынан июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган. «Санпа шейиттери» коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов соттун чечими туура эмес болду деп эсептейт.

Сырдаш Мамарасулов.
Сырдаш Мамарасулов.

- Бул адам Базар-Коргондогу 2010-жылдагы башаламандыкка катышканы анык, - дейт ал. - 9 жылдан кийин колго түшкөн адамдын соттон бошоп кетип жатканы бизге түшүнүксүз болуп жатат. «Облустук тергөө бөлүмү менен сот акчасын алып бошотуп жиберди» деген маалыматтар айтылып эле жатат. Анткени «айыпталып жаткан адам Базар-Коргон районундагы үйүн жана башка мүлкүн сатты» деп угуп калдык. Базар-Коргон районунда өткөн сотко бизди күбө катары катыштырган жок. Себеби тергөөдө эч кимди сурабай, күбөлөрдү кошпой эле сотко жөнөтүлгөн экен. Облустагы ички иштер бөлүмүндөгү тергөөчүгө барсак, «иш тергелип бүтүп калды, бул адам баары бир өмүр бою камалат» деп айткан. Акырында андай болбой жатпайбы.

Облустук ички иштер башкармалыгы Сырдаш Мамарасулов Сузактагы окуянын жабырлануучусу болгондуктан тергөө ишине кошулган эмес деп билдирет.

2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жибергени айтылган.

Мухидин Юлдашев күнөөлөнгөн окуяда каза болгон милициянын капитаны, маркум Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова соттук иштерге дайыма катыша албаганын билдирди:

Чынара Бечелова маркум күйөөсүнүн сүрөтүн кармап турат. 2011-жылы тартылган сүрөт.
Чынара Бечелова маркум күйөөсүнүн сүрөтүн кармап турат. 2011-жылы тартылган сүрөт.

- Мен 2010-жылдан бери ушул окуя боюнча сотторго тынымсыз катышып келдим. Акыры моралдык жана психологиялык жактан да чарчайт экенсиң. Акыркы соттордо балдарым «апа, атам өлдү, эми аны эч ким тирилтип бербейт, эми тынч жашайлы» деп урушканынан соттук отурумдарга катышпай жатам. Жолдошумдун өлүмүнө күнөөлүү алар, мен сотто аны айттым. Бирок ким кандай чечим кабыл алса, аларды Кудайга салдым. Ар кимдин жазасын Кудай өзү берсин.

Шарттуу кесилген Мухидин Юлдашевдин жакындары анын күнөөсүз экенин мурунтан бери айтып келе жатышат. Бирок акыркы жагдай боюнча комментарий алыш үчүн аларды Базар-Коргон айылындагы өз үйүнөн таба алган жокпуз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG