Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

"Азаттыктын" акындарынан ыр белек


Урматтуу окурман, угарман, күйөрман журту! "Азаттыктын" жамааты баарыңыздарды кирип келген Жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

2023-жылы экономикабыз, илим-билимибиз, маданиятыбыз коёндой жүгүрүп, алдыга кетсин. Элибиз ден соолукта болсун. Наристелер ачык, тынч асман алдында күлүп чоңойсун. Элге кайрат берген Чындыктын үнү буулбасын!

"Азаттык" үчүн ар бир окурман, угарман, көрөрмандын пикири кымбат! Анткени Ала-Тоону көрккө бөлөп, Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократия аралчасы катары тааныткан бул анын Эли! Ал сиз - урматтуу окурман!

Ар бириңиздерге бакубат жашоо, ачык маанай каалоо менен "Азаттыктын" акындарынын атынан ыр белек сунабыз!

Шайлообек акындан ак тилек

Кыргыз Республикасынын эл акыны, элдин чыныгы уулу Шайлообек Дүйшеев агабыз быйыл да угармандарды унутта калтырбай, окурмандарын томсортпой калемин шилтеп, "Азаттыкта" кыргыздын тереңдигин, улуулугун даңазалаган "Сөз дайра" берүүсүн алып барууда. Элдик акындын журтуна бата тилеген бул ыры сиздерге белек болсун!

Шайлообек Дүйшеев.
Шайлообек Дүйшеев.

АЗ ЭЛИМ, АЗАБЫ КӨП АЗГЫН ЭЛИМ

О, Кудай, кыргызыма бак тилейин,

Ансыз да тоом бийик пас жүрөйүн,

Ансыз да суум таза, ак жүрөйүн,

Жамандык басты ансыз болушунча,

Жакшылыкка эл-журттун ач жүрөгүн?!

Айды эсен, Күндү аман кыл күйүп турган,

Аялдын талгак болгон бас күмөнүн,

Каракчы жолго чыкса ниетин агарт,

Душмандын жумшарта көр кас жүрөгүн,

Жыландын жылыта көр таш жүрөгүн?!

Жалбарып Жараткандан бак тилейин,

Балдардын көпөлөк кыл ак тилегин.

Жалгыздын тие көрбө жалгызына,

Жакшынын жамандыктан кат жүрөгүн,

Батаны баткак кылган бул дүйнөнүн,

Адамын карап туруп азды көөнүм,

Кыргызым кыйналганда канча күттүм,

Кудайдын салаасынан ак тиледим,

Кыйырга тааныта албай канча жүрдүм,

Кыргыздын кармап алган ак жүрөгүн,

Кабылан Манас өткөн кайран жолум,

Капкадан ары өтө албай жатты менин,

Кареги Алтайдагы ташта калган,

Качанкы көздөн жашым акты менин.

Жалынып, о, Жараткан бак тилейин,

Жаннатта жалгыз ушул нак тилегим,

Арсланбап токоюмдай ансыз дагы,

Аз элим, азабы көп, азгын элим.

Ансыз да мындан бөлөк башка элим жок,

Ансыз да жалгыз кыргыз, башка элим жок,

Жайына жөн кое көр нак тилегим,

Жалбарып, о, Жараткан бак тилейин!

Ырларда жаңырган чындык

Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова "Азаттыкта" 20 жылдан ашуун журналистиканын жүгүн тартышып келет.

Бул аралыкта мамлекеттин тарыхында болгон окуялардын далайына күбө болуп, "Азаттыктын" тарыхына түшүргөн эжебиз поэзияны да таштабай, дирилдеген, назик саптарды жаратты. 2022-жылы акын эжебиздин ыры ТҮРКСОЙ чыгарган кыргыз акындарынын анталогиясына кирди. Бурулкан Сарыгулова ушу тапта "Азаттыктын" маданият жана тарых тууралуу өлбөс-өчпөс берүүлөрүн алып барууда.

Бурулкан Сарыгулова.
Бурулкан Сарыгулова.

АДАМДЫН ӨМҮРҮ

Баары сонун. Жашоо турат бапырап,
Алда канча ойдогудан жакшыраак.
Бирок эле жай алдырбай бу жанды,
Ой-санаалар өйдө-төмөн сапырат.

Капа деген түшүнө да кирбеген,
Иши болбой көңүл калуу, кир менен,
Балалыктын доору кандай бактылуу,
Жаалы күчтүү тагдыр барын билбеген.

Кала бербей балалыкта узакка,
Жетип барып тал чыбыктай куракка,
Кандай азап анан капыс тушалуу
Кайрымы жок сүйүү деген тузакка.

Жашоо – күрөш азгырыгы булгалап,
Алып анан тиричилик буйлалап,
Өмүр бойлоп өрдү беттеп жөнөмөй,
Кубат чексиз сыяктанып тырмалап.

Тирилик деп жүргөн кезде күйүгүп,
Укмуш кыял чекесинен бүлүнүп,
Жабыгат да, эңсөөсү күч жан дүйнө,
“Эртең!” деген убададан түңүлүп.

“Эртең, эртең, эртең” деген бир үндү
Уга берип күндөр нечен күбүлдү.
Өчпөс чыйыр салуу үчүн баратып,
Кайран өмүр көртирликке илинди.

Сынайт бир ой “тагдыр деген ушу” деп,
“Өмүр кыска, бүтпөйт киши иши” деп.
Каалаганды жасай албай калганда,
Көңүл сынып, кадыр кандай кичирет...

Күлкү муздап, күйбөй көздөр кайрадан,
Өкүт менен күн кечирет анда адам.
Жүрөк тартып залакасын чарчоонун
Алсыз согот. Маанай турат жанбаган.

Ким күнөөлүү? Учур? Адам? Жашообу?
Миң суроодон билбейт кантип бошоону.
Обон созот сыры терең сыбызгы...
Кунар качып, күндөр узайт жошолуу.

Ойлон, ойгон, изде...

Кубат Оторбаев – 22 жашында Табылды Муканов атындагы жаш акындар сыйлыгынын лауреаты болгон. Өткөн жылы “Гүлдөр күтөт” ыр жыйнагын чыгарып, окурмандарды сүйүнттү. Журналистикага көп жылын арнаган автор учурда адабият түйшүгүн тартып, улам жаңы ырларын тартуулап жаткан чак. “Азаттыкта” ал продюсер катары видео контенттерге жооптуу.

Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.


Өмүр эмне?

Өмүр эмне?! Жууруп дене, оюңду,
Бул турмушта табуу жеке жолуңду.
Ойлон, ойгон, изде, иште, турбагын
Жаратканча адам көрөр сонунду.

Биз турмушка ак барактай келебиз,
Баары таза – акыл, жүрөк, денебиз.
Кандай кыйын болсо эмгек үстүндө
Дал ошондой бермет, жакут беребиз.

Кыйнабасак жаныбызды оорутуп,
Бел бүкпөсөк колубузду жоорутуп,
Анан кайдан өтөөсүнө жетебиз,
Бул өмүрдүн табериги болуп кут.

Адам өзү эң сыйкырлуу машина,
Табышмактуу, сырдуу дагы, татына.
Бир күн текке кетирбестен изденип,
Кыйындыкта умтула бер бактыңа.

Мүмкүнчүлүк катылган ой, денеңде,
Азгырылып алданбагын беленге.
Кат-кат болуп жатат кенчтин баарысы
Акылыңда, анан эмгектеринде.

Элге биримдик тилеген жаш акын

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Максат Жангазиев "Калемгердин пегасы" адабий конкурсунун баш байгесинин жеңүүчүсү.

"Азаттыкта" маданий берүүлөрдү алып барат. 2022-жылы Максаттын калеминен жаралган ырлар дагы ТҮРКСОЙ уюму түзгөн кыргыз акындарынын анталогиясына кирди. Жаш акындын жыл жаңыраар алдындагы тилеги.

Максат Жангазиев.
Максат Жангазиев.

АК БАТА

Мээримге ороп улуу таңды, кечиңди,
Мээнетинен кубант Кудай, жесирди.
Жетилте көр, кабыргасын катырып,
Жерден боорун көтөрө элек жетимди.

Баталарда, ак үмүттүү тилөөдө,
Баары жетсин көксөп жүргөн мүдөөгө.
Бак бере көр, төрөт үйдөн кубантып,
Бала жытын жыттабаган бүлөгө.

Күч бере көр, ал-кубаттан тайганга,
Күйүттөр бүт калсын өткөн таңдарда.
Керебетке жыйып таштап жуурканын,
Кетсин чуркап ооруп жаткан жандар да.

Топук кылган күндөр дайым жандасын,
Токчулук бер, кут-береке жайнасын!
Колдорунан токоч түшпөй бөбөктүн,
Короодогу ит да ачка калбасын.

Какырабай бакка айлансын кайрак жер,
Калкыбызга биримдик бер, кайрат бер!
Карайлатпай өнүгүү бер Мекенге,
Калк башчыга абийир бер, айбат бер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG