Бүгүн, 9-майда Кыргызстанда Жеңиш майрамына байланыштуу митинг-реквием өттү.
Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров Өчпөс отко гүл койду. Ал Жеңиш миллиондогон өмүрдүн куну экенин айтып, 9-май жөн гана тарыхый дата эмес, элдин эс тутуму экенин эске салды.
Жапаров 1941-1945-жылдагы согушта Кыргызстан 360 миңден ашуун эр-азаматын же ар бир төртүнчү тургунун жөнөткөнүн айтты. Оорукта калгандар согушка кеткендерди түнү-күнү иштеп тамак-аш, кийим-кече менен жабдып турганын белгиледи.
"110 миңден ашуун кыргызстандык согуш талаасында ажалга тике карап, кийинки муундардын өмүрү үчүн баатырларча курман болгон. Бул сан Кыргызстан өтө чоң демографиялык жоготууга учураганын эске салып турат. Фашизмге каршы согушта 150 миңден ашуун кыргызстандык орден-медалдар менен сыйланганын, 22 жердешибиз "Даңк" орденинин толук кавалери, 73 каарманыбыз Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга ээ болушканын ар дайым сыймыктануу менен айтып келебиз. Согуш кайгы менен жоготууларды алып келерин, ал эми тынчтык баа жеткис байлык экенин ошол каардуу күндөрдөн улам билебиз. Бүгүн да чоң сабак болушу керек эле, тилекке каршы болбой жатат. Дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп жаткан согуштарда 3 триллиондон (АКШ доллары) ашык каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшасак кандай жакшы болот эле. Жок дегенде жашыл жаратылышты коргоого жумшаганда дүйнө жүзү жапжашыл болуп турмак. Мына ошон үчүн тынчтыкты, ынтымакты көздүн карегиндей сактоого тийишпиз", - деди Садыр Жапаров.
Кыргызстанда коомдун кайсы бир тарабы сынга алганына карабастан бул күнү "Өлбөс полк" жүрүшү дагы өттү. Бул жылы Бишкектеги маршрут Байтик Баатыр-Абдрахманов-Фрунзе-Жеңиш аянты деп белгиленген.
Кыргызстанда ушул тапта Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан, жети ардагер бар. Андан тышкары Ленинград блокадасында калган жана концлагерде туткунда болгон 24, ооруктун 297 ардагери калды.
Апрель айында аларга 200 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берүү жөнүндө президенттин жарлыгы чыккан. 2025-жылы 9-майга карата ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон берилген.
Москвадагы парад
Президент Садыр Жапаров быйыл Москвада өтүүчү аскердик парадга катышкан жок. 8-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Москвага жол тартканы, ал Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышары кабарланган.
Ушул эле күнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев да Москвадагы парадга катышары белгилүү болгон.
Ал арада АКШнын ортомчулугу менен Орусия менен Украина 11-майга чейин ок атышууну токтотту.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин сайтында "Москвада парад өткөрүү жөнүндө" жарлык да жарыяланды. Анда Америка менен сүйлөшүүлөрдө берилген көптөгөн өтүнүчтөргө жооп катары, гуманитардык максатта Москва шаарында 9-майда парад өткөрүүгө уруксат берилгени айтылат. Жарлыкта координаттары көрсөтүлгөн Кызыл аянт парад учурунда бутадан алынып салынган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жарлыкты "Жеңиш күнүн шылдыңдоого аракет кылгандардын баарына кайгы. Мындай акылсыз тамашалар алардын өзүнүн бактысыздыгы, бизге эч кимдин уруксаты керек эмес" деп комментарийледи.
Расмий түрдө, Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Жеңиш күнүнүн урматына бир тараптуу ок атышууну токтотуу 8-майда түн ортосунан тарта күчүнө кирди. Украина бул ок атышууну токтотууга кошулган жок, анткени Орусия мурда Украина тарабынан 6-майда жарыяланган ок атышууну токтотууну сактаган эмес. 8-майга караган түнү Орусия да, Украина да, эки тараптын тең айтымында, пилотсуз учактар менен сокку урушту, бутага Ростов-на-Дону, Пермь жана Грозный сыяктуу шаарлар да алынды. Киев орус аскерлери фронтто чабуул коюу операцияларын улантып жатканын билдирди.
8-майда түштөн кийин Владимир Зеленский Украинанын 9-майдагы аракеттери Орусиянын аракеттерине жараша болорун билдирди. Зеленский Орусияны узак мөөнөттүү ок атышууну токтотууга чакырып, Москвада парад өткөрүү үчүн эле ок атышууну токтотуу кабыл алынгыс экенин белгиледи. Ал мурдараак Кремль 9-майда Украинанын Москвага кол салуусунан кооптонуп жатканын белгилеген.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.
СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жылы 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан бөлүнгөн мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.
Шерине