Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Жин-шайтан, мастан жана мушташ. Кыргыз көрүүчүнүн табити жана талабы

Соңку жылдары тартылган кыргыз кинолору. (коллаж)
Соңку жылдары тартылган кыргыз кинолору. (коллаж)

Кыргызстанда соңку жылдары кино тармагы өзгөрүүдө. Мындан үч-төрт жыл мурда комедиялар басымдуу болсо, азыр мистика, триллер жана криминалдык тасмалар каптады.

Кыргыз киносунун учурдагы арышы жана агымы кандай нукта кетүүдө? Коомчулуктун талабы демиш болуп, даяр тасмаларды прокаттан алуу киноиндустрияга кандай таасир этиши мүмкүн?

Кыргызстандын Кинематография департаментинин билдиришинче, быйыл ата мекендик 100 тасма прокатка чыгышы мүмкүн.

Ал эми "Этномедиа" долбоорунун маалыматында, Кыргызстанда 2024-жылы 50 тасма, 2025-жылы 70 тасма, 2026-жылы 90 тасма (майга чейин эле 38 тасма) тартылган.

"Этномедианын" эсебине таянсак, 1.4 млрд калкы бар Индия 2500 фильм менен тизменин сап башында турат. Андан кийин 220 млн калкы бар Нигерия 2500 фильм, Кытай 1.4 млрд калкы менен 792 фильм, Жапония 124 млн калкы менен 676 фильм, АКШ 340 млн калкы менен 510 фильм, Италия 59 млн калкы менен 356 фильм, Франция 68 млн калкы менен 270 фильм, Германия 84 млн калкы менен 250 фильм, Британия 68 млн калкы менен 20 фильм, Түштүк Корея 52 млн калкы менен 200 фильм тартат. 7.5 млн калкы бар Кыргызстанда жылына 70 тартылат.

Аталган долбоордун башчысы Сүйүн Откеев мындай темп улана берсе, Кыргызстан калктын санына карата чыгарылган тасмалар категориясы боюнча бешилтикке кирип калышы мүмкүн дейт. Откеев муну менен катар кино көрүүчүнүн каалоосуна жараша тартыларын белгиледи.

"Кино эми көрүүчүлөрдүн каалоосуна жараша тартылат да. Көрүүчү барбай койсо, анда кино тартылбайт. Эгер эл көп барып жатса, демек суроо-талап бар. Акыркы убакта тартылган триллер, "мокочо" жана триллер жанрындагы кинолорду тарткандар жакшы акча тапты. Бирок алар коңшу өлкөлөргө прокатка чыгабы же жокпу айтыш кыйын. Казакстандын өзүндө мындай кинолор көп эле тартылууда. Өзбекстанды айта албайм. Комедия жанрындагы кинолорубузду алып көрсөтүп жатышат. Бирок бир-эки кино менен бир нерсе айтыш кыйын”.

Ошол эле маалда кыргыз кинолору коңшу өлкөлөргө прокатка чыгып жатканын дагы белгилей кетүү керек. Руслан Акундун “Бейиш эненин таман астында” фильми 2024-жылы Казакстандан эле 2 млн доллардай киреше тапкан. Интернет булактардан тасманын быйыл чыккан уландысы КМШ аймагында 2,5 млн доллардай тапканын көрүүгө болот.

Ушу тапта Кыргызстандын комедия жанрындагы айрым тасмалары өзбек тилине которулуп, прокатка чыгууда. Коңшу өлкөдөгү көрүүчүлөр "Кудай сактасын" тасмасы тууралуу жылуу пикирлерин билдирген.

Өзбек режиссерунун кайрылуусу. Киного эркиндик эмне үчүн керек?

Кыргыз киносунун өнүгүү динамикасы коңшу өлкөлөрдүн кинематографисттеринин да көз кырында турат.

Өткөн жумада өзбек режиссеру Рашид Маликовдун өз өлкөсүнүн тасмалары тууралуу кайрылуусу жарыяланды. Анда режиссер ата мекендик тасмалар Кыргызстандын жана Казакстандын фильмдеринен артта калып жатканына капа болгон.

40 жылдык эмгек стажысы бар режиссер катында өзбек киносу искусство катары жашабай калганын белгилеген. Анын айтымында, эл аралык фестивалдарга илинген "А" классындагы ата мекендик тасмалардын жоктугу жана жалпы прокатка улуттук фильмдердин чыкпай калышы көп жылдык стагнациянын кесепети.

Автор деградациянын башкы себеби катары "Өзбек кинонун" жетекчилигинин чабал компетенциясын жана "жалган-питчинг" системасын атаган. Бул термин кинодолбоорлордун формалдуу, имитациялык мүнөзүн белгилейт.

"Сценарийлер алдын ала корголуп, жеңүүчүлөр алдын ала аныкталат. Мындай "кронизм" мамлекеттик буюртмалар жетекчиликке жакын чакан топтун арасында бөлүштүрүлүп, чыгармачылык атаандаштыкты өлтүрүүдө. Жыйынтыгында, эксперттерге да, көрүүчүлөргө да кызыксыз "бозомук жана белгисиз" тасмалар жарыкка келүүдө", - деген Рашидов.

Өзбек режиссерунун жогорудагы каты цензура жана ыгы жок кийлигишүү кино тармагын кантип аксатарын көрсөтүп турат.

Буга чейин Кыргызстандын кино мейкиндиги эркин саналып келген. Кыргыз киносунун өз жүзү, өз стили барын, социалдык үнү менен күчтүү экенин коңшу өлкөлөрдүн эксперттери белгилешкен.

Бирок эки жума мурда “Өч-2” көркөм тасмасы “зомбулукту жана катаалдыкты камтыганы” үчүн прокаттан алынды. Бирөөлөр муну цензуранын башталышы десе, башкалары сапатты көтөрүү үчүн мындай кадам маанилүү экенин айтышууда.


"Өч-2ни" прокаттан алуу. "Пандора кутусу" ачылдыбы?

Жин менен алышкан молдо, көзү ачыктын кара дубасы, жаш кызды уурдаган зөөкүр, намысын тебелеген эркектерден өч алган келин... Соңку жылдары экранга чыккан бул тасмалардын айрымдары көрүүчүгө жакса, айрымдары элдин кыжырын келтирет.

Өткөн жумаларда “Өч-2” триллери көрүүчүлөрдүн сынынан кийин прокаттан алынган.

“Кызын зордуктаганы аз келгенсип аны ата-энесине көрсөтүп. Атасы көрбөй коеюн десе аны кыйнап, аргасыз кылып. Биздей байкуш кыздардын психикасын бузайын дегенби? Режиссер байке чегип алып тартканбы? Американын кинолорунда зордуктап, өлтүрсө да аны ата-энесине көрсөтпөйт. Өспүрүмдөр көрөт, күйөөгө тие элек кыздар көрөт, кызы бар аталар көрөт. Менин психикам сынып, өлдү. Ансыз деле бизде эркек кишилерге ишеним жок. Ансыз да зомбулук көбөйүп жатат. Психтерге идея берип тарпай эле койгулачы”, - дейт Камила аттуу колдонуучу видео кайрылуу жасап.

Мындан кийин Кинематография департаментинин комиссиясы “зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр басымдуу” деп таап, кинотеатрларда 13 күн көрсөтүлгөн тасманы прокаттан алган.

Эске сала кетсек, өткөн жылы ушундай эле аталыш менен кино тартылып, аны коңшу өлкөлөр дагы көрсөткөн.

"Өч", "Өч-2" тасмаларынын продюсери Ринат Русланов чыгармачыл топтун зомбулукту жайылтуу ниети болбогонун, тасма “18+” деген чек менен чыкканын белгиледи.

“Биз зомбулукту пропаганда кылбайбыз. 18+ деген чек менен чыкканбыз. Эл аралык эреже боюнча тасмада кан, киши өлтүрүү сыяктуу сценалар болсо, ошондой чектер коюлат. Триллер жанрында тартып жаткандан кийин кинонун бардык талаптарын сактаганбыз. Кино тартуу оңой эмес. 2023-жылдан бери киноиндустрияда жүрөбүз. Жеке ишкер катары кредит алып тартабыз. Маркетинг менен кошкондо бул киного 105 миң доллар жумшалган. Башка триллер кинолордо деле катаал сценалар бар. Бирок бизге келгенде ушундай тандалма мамиле болуп кеткенине түшүнбөй калдык. “Кыргызтасмасынын” бардык талаптарын аткарганбыз. Монтажда далай сценаны кескенбиз, сөгүнгөн жерлерди жапканбыз. Биздин кинодо антогонисттер жазасыз калбайт. Анткени биз зомбулукту биз пропаганда кылбайбыз. Азыр элге жакпай жатканы бир чети биз чындыкты көрсөттүк. Көрүүчү антогонисттердин аракетин сындап жатат. Демек, кайсы бир деңгээлде өз мүдөөбүзгө жеттик десек болот. Биз кинону көрүүчү үчүн тартабыз. Азыр бизди сындагандар менен катар колдогондор дагы бар”.

Кыргыз кинопродюсерлеринин ассоциациясы бул окуядан кийин Маданият министрлигине расмий кат жолдогон.

Уюмдун жетекчиси Эрке Жумакматова мындай аракеттер цензурага жол ачышы мүмкүн деп чочулайт.

“Министрликтен экспертизанын жүрүшү, укуктук так чеги жок, өз алдынча чечим кабыл алганын сурадык. Биз муну цензура катары баалайбыз. Болгондо дагы ата мекендик тасмага карата тандалма цензура болуп жатат. Тасманын продюсерлери бизге кайрылганда жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Азырынча алар көйгөйдү тынч, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү каалашууда. Биз дагы министрликтин расмий жообун күтүп жатабыз. Биринчиден, мындай чечим президенттин улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү токтомуна каршы келет. Бул жакшы эмес тажрыйба. Биз байкоосуз эле “Пандора кутусун” ачып алышыбыз ыктымал. Кийин кайсы бир тасмага социалдык тармактагы пикирлердин негизинде эле тыюу салынышы мүмкүн. Кыскасы, бул жакшы тенденция эмес”.

“Өч-2” прокаттан алынгандан кийин “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Түлекеев кызматынан бошотулган.

Кинематография департаментинин жетекчиси Талантбек Төлөбеков кино мыкаачы сценалар үчүн прокаттан алынганын айтты.

Талантбек Төлөбеков.
Талантбек Төлөбеков.

“Бизге караштуу “Кыргызтасмасынын” мурдагы жетекчиси ошол жаратмандар менен кеңешип, иш алып барбаса керек деп ойлоп калдым. Абдан мыкаачы сценалары бар экен. Азыр “Кыргызтасманын” башына кинону, монтаж, драматургияны түшүнгөн кесипкөй адисти издеп жатабыз. Сураштырсам, “Өч” тасмасы жаңы чыкканда эл көп барган экен. Анан булар “эл келе берет экен” деп экинчи тасмасын андан да оор кылып салышкан окшойт. Атайын комиссияга көрсөтсөк, алар да каршы болду. Тактай кетейин, бизде цензура жок, жөнгө салуучу ченемдер, документтер гана бар. 2016-жылы токтом кабыл алынган. Ошол жерде зомбулукка, мыкаачылыкка байланыштуу контентти жаратпагыла, андай болсо комиссия карасын деп так жазылып турат. Кыргыз киносунун өзүнүн социалдык үнү бар, ошонусу менен башкалардан айырмаланып турат. Бирок аны кинонун, коомдун этикалык эрежелерин эске алып тартыш керек”.

"Кино тартуунун өз этикасы бар"

Талантбек Төлөбековдун белгилешинче, быйыл жүз тасма прокатка чыгышы мүмкүн. Ал кино бизнеске айланганы айрым этикалык нормалар, автордук укук, тилдин эрежеси өңдүү талаптар эске алынбай жатканын сынга алды.

“Бир-эки жыл мурда казактардын “Дастүр” өңдүү "мокочо", триллер жанрындагы кинолору популярдуу болуп, прокаттан жакшы акча табышкан. Менин оюмча ошол тенденция биздин киночуларга импульс берди. Продакшн компаниялар ошол боштукту ээлеп, 50 миң доллар жумшап, жарым миллион табабыз деген бизнес моделге өтүп алышты. Жеке студиялар кинону үч айдан, алты айга чейин тартышат. Жума сайын кинолор чыгып жатканы ошондон. Көпчүлүк жаратмандардын киноиндустрия боюнча билими жок. КВНдан келип эки-үч комедия тартып коюп, режиссермун деп жүрүшөт. Ошон үчүн драматургиядан, мааниден, оператордук иштен каталар кетип, автордук укук, тилдин нормалары сакталбай жатат. Кино өзү татаал искусство да. Жакында бир-эки кинотеатр менен сүйлөшсөк, 14-15 млн доллардай айланарын айтышты. Ошон үчүн айрым жаратмандар акчанын артынан чуркап жатышат. Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров же Болот Шамшиевдей кинодо из калтырам дегендер аз”.

Төлөбеков муну менен катар Кыргызстанда жакындан тарта вертикалдуу сериалдарга сынак жарыяланганын белгилейт. Анын айтымында, Киноматография департаменти өспүрүмдөргө анимациялык тасма тартууну үйрөтүүнү караштырып жатат. Андан тышкары “Кыргызтасмасынын” алдында диалогдорду, автордук укук маселесин караган редколлегия түзүлмөкчү.

Мындан төрт-беш жыл мурда киночулар комедияга басым кылса, акыркы эки жылда мистика, социалдык драма, детектив тасмалар тартыла баштаганы байкалат.

Артхаус жанрындагы тасмалары эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга илинген киноежиссер Темир Бирназаров кыргыз киносу эки багытта кетип жатканын, коммерциялык максатты көздөгөн тасмалардын арасында сапаттуулары да барын белгилей кетти. Ал муну менен катар "Өч-2" тасмасын прокаттан алууну колдобосун да кошумчалады.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

"Мен коммерциялык тасмаларга каршы эмесмин. “Өчтү” көргөн жокмун, бирок балдар аны акчасын коротуп тартты да. Комиссия түзүлдү дешти. Эмгегин талаага кетирбей, комиссияны кино тартылганга чейин эле түзүшсө болмок. Режиссерлорго эл дагы, министрлик дагы багыт берсин анда. Мен өзүм ачкан курста жаштарды улуттук маданиятты, тарыхты, тилди, гуманизмди сыйлоого окутам. Адам кинону көргөндө тазарып, жакшы сезимдери ойгонуш керек, катарсис деген ошол да. Өткөндө “Кыял” деген тасманы көрүп келгем. Жакшы тасма экен. Руслан Акунду алалы, ал деле автордук кинолорду тартып жатат. “Бейиш. Апама кат” деген тасмасы мага өтө жөнөкөй көрүндү. Бирок жанымда отурган чоң эле жигиттер ыйлап жатышты. Биз, киночулар кемчилик таап, сындай берсек болот. Бирок тасма адамдардын боорукерлик сезимин ойготуп жатпайбы. Мисалы, Тарантинонун кинолору мага жакпайт. Аны көргөн адамда ташбоордук сезими ойгонот, мушташкысы келет дегендей. Түштүк Кореяда ар кандай кино тартылат деп жатасың. Бирок ошол эле Ким Ки Дуктун тасмаларын алар катуу сындашып, сотко бергенге чейин барышкан. Мындан бир канча жыл мурда бирөө Мухаммед пайгамдар тууралуу кино тарта коюп, мусулмандар каршы чыгып, согуш чыгып кете жаздаган. Кино бул чоң курал, аны менен ойнобош керек”.

Эске сала кетсек, Бирназаровдун быйыл Экинчи дүйнөлүк согушта колго түшкөн жоокердин тагдыры тууралуу "Туткун" аттуу тасмасына көрүүчүлөр күбө болду.

"Көрүүчүнүн дагы табитин, маданиятын көтөрүү керек"

Режиссер Сүйүн Откеев кинодогу чектөөлөргө менталитет дагы себеп болуп жатканын белгилейт. Ал көрүүчүнүн дагы кино көрүү маданиятын калыптандыруу керек деген пикирде.

“Борбор Азиянын өзүнүн менталитети бар да. Башка бирөөлөр уят же триллер кино тартса көрө беришет. Өзүбүздүн режиссерлор тартса сындашат дегендей. Кинодо 16+, 18+ деген эреже бар да. Бирок айрым көрүүчүлөр аны билбейт же билсе да маани бербейт. Ошондой кинолорго балдары менен барып көрүп отурат. Канды, зомбулукту балдарга көргөзбөш керек. Элдин дагы кино көрүү маданиятын өнүктүрүш керек болуп жатат".

Албетте, Кыргызстанда тартылган кинолордун баары эле көрүүчүгө жагат жана ийгиликтүү киреше табат деп айтууга болбойт. Бул жаатта кинону кредитке тартып, чыгымы өзүн актабай күйүп кеткендер дагы жок эмес.

“Кыргызфильм” студиясынын жетекчиси Максат Жумаев киноиндустрияны интеллектуалдык жактан чыңдоого убакыт келди деп эсептейт.

“Бизде ушул сценарий жазгандар да аз болуп жатат. Балким сценаристтерди четке жиберип окутуш керекпи деп ойлойсуң. “Кыргызфильмге” дагы сынакка сценарийлер келип жатат. Көбү примитивдүү, эч кандай драматургиясы жок. Көркөм кеңештен өтпөй калган сценарийди ошол киши өз акчасына эзели тартпайт. Өз акчасына тартпаган кинону эмне үчүн мамлекет тартып бериши керек? Ал эми коммерциялык тасмалар Голливудда деле тартылат да. Бирок алардын сапаты жакшы. Түштүк Кореяны алалы, алар тарткан кинолор коммерциялык дагы, автордук дагы тасма болуп кете берет. Бизде тартылган көп кинолор Кыргызстандын аймагында эле калып жатат. Бир кинону социалдык тармак аркылуу жарнама кылышат. Ага эл барып акча топтоп алышат, ошону менен унутулат. Көпчүлүк коммерциялык тасмалар көчүрмө. Он жылдай мурда чыккан чет элдик тасмалардын сюжетин алып, кыргызчага ылайыктап эле тартып жатышат”.

Кыргызстанда буга чейин дагы тартылып, бирок прокатка чыкпай калган кинолор болгон. Өткөн жылы Казакстандын “Рэкетир. Жаңы доор” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Буга анын Бишкекте өткөн жабык көрсөтүүсүнө кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уулу Руслан Камчы келгени себеп болгону айтылган.

Быйыл ноябрь айында кыргыз киносу 85 жылдыгын белгилегени турат. Соңку үч жылда “Кыргыз кереметин” жандантуу аракети жүрүп, мамлекеттен бөлүнгөн акча 80 млн сомдон 951 млн сомго жеткен. Андан тышкары коммерциялык тасмаларды тарткан 70ке жакын киностудия бар. Кинематография департаментине караштуу 38 кинотеатр болсо, алардын 28ин ижарачылар иштетет.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG