Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Түштүк кореялык режиссер Ким Ки Дук каза болду


Ким Ки Дук.
Ким Ки Дук.

Түштүк кореялык режиссёр Ким Ку Дук Латвияда коронавирустан улам каза болду. Латвиялык маалымат каражаттары жазганына караганда, 60 жаштагы режиссер Латвияга өткөн айда келген. Акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алып, ооруканага түшүп калган.

Режиссёр 1960-жылы 20-декабрда Түштүк Кореяда төрөлгөн. 90-жылдардын башында ал Парижден искусство жаатында билим алган.

Чыгармачылык жолунда 31 тасма тарткан Ким Ки Дуктун айрым фильмдери Венеция, Берлин кинофестивалдарында баш байгени жеңип алган.

Кореялык режиссёр былтыр Кыргызстанга келип, кыргыз киночулары менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG