Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Марокко менен Израил алака-катышты жөнгө салууну макулдашты


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Марокконун тышкы иштер министри Насер Буританын жолугушуусу. 2019-жыл, декабрь.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Марокконун тышкы иштер министри Насер Буританын жолугушуусу. 2019-жыл, декабрь.

Марокко менен Израил дипломатиялык алака-катышын кайра жандандырууну макулдашты. Эки өлкөнүн өз ара мамилесин жөнгө салууга АКШ ортомчулук кылды жана Вашингтон Марокконун шарты менен Батыш Сахараны анын карамагындагы аймак катары тааныды.

Бул соңку бир жыл ичинде АКШнын, тактап айтканда, президент Дональд Трамптын ортомчулугу астында Тел-Авив менен өз ара мамилесин жөнгө салган төртүнчү араб өлкөсү болуп калды.

Израил менен Марокко өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашканын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жарыялады. Анда бул эки өлкөнү «Биздин эки чоң досубуз» деп атады жана алардын алака-катышты жандантуу боюнча чечимин «кезектеги тарыхый алга жылуу, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка карай чоң кадам» катары баалады.

Марокконун падышасы Мухаммед IV анын өлкөсү Израил менен «расмий байланыштарды жана дипломатиялык алака-катышты кечиктирбестен жандандырарын» билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху макулдашууну «тарыхый» деп атады жана жакын арада эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамы башталарын билдирди.

Эки өлкөнүн бири-бириндеги өкүлчүлүктөрү 2000-жылы Палестинадагы көтөрүлүштөрдөн улам жабылган.

Буга чейин Израил Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Судан менен өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашкан.

Палестина араб өлкөлөрүнүн Израил менен ымала курганын «чыккынчылык», «артынан урулган бычак» катары баалап келет.

XS
SM
MD
LG