Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Марокко Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту


Батыш Сахаранын эки бөлүнгөн чек арасы.
Батыш Сахаранын эки бөлүнгөн чек арасы.

Марокко "Тегеран Батыш Сахаранын эгемендигин жактаган “Полисарио фронту» кыймылын колдойт" деп айыптап, Иран менен дипломатиялык байланыштарын үздү. 1-майда Марокконун тышкы иштер министри Насер Бурита Иранды жана Ливандагы “Хезболла” тобун "“Полисарио” кыймылына согушкерлерди даярдаган жана 2016-жылы Ирандын Алжирдеги элчилиги аркылуу ракеталарды берген" деп айыптады.

Бурита Тегеранга барып, Ирандын тышкы иштер министрине алакаларды токтотуу тууралуу айтканда, министр Мохаммад Жавад Зариф “нес болуп” калганын билдирди.

Ал Марокконун Тегерандагы элчиси чыгып кеткенин, Мароккодо Ирандын элчилиги “тезинен жабылышы” керек экенин кошумчалады.

Мурда «Полисарио» кыймылына колдоо көрсөтүп жүргөн Иран азырынча Марокконун чечими туурасында комментарий бере элек.

«Хезболла» кыймылы билдирүү таратып, «Полисарио фронтун» курал менен жабдыганы тууралуу маалыматты четке какты. Марокконун жетекчилиги мындай чечимди АКШ, Израил жана Сауд Арабиясынын «басымы алдында» кабыл алды деп айыптады.

Испаниянын оторчулугунда болгон Батыш Сахаранын бир бөлүгүн Марокко 1975-жылы аннексиялап алган. «Полисарио фронту» 1991-жылы Улуттар Уюмунун катышуусунда тынчтык макулдашуусу жетишилгенге чейин куралдуу каршылык көрсөтүп келген.

XS
SM
MD
LG