Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

БАТЫШ САХАРАНЫН КЕЛЕЧЕГИ МАРОККОНУН КОЛУНДАБЫ?


Батыш сахаралык козголоңчулар туткундан бошоткон 404 марокколук жаран бейшемби күнү мекенине учуп келишти. Алжир колдогон жана өзүн “Полисарио майданы” деп атаган адаватчы топ туткундарды бошотуу менен Батыш Сахара чатагын жөндөөгө жардамдашууну каалаганын билдирди. АКШ жана Улуттар Уюму Алжир менен Мароккону учурдан пайдаланып, тээ 30 жылдан бери келаткан чатакты жөндөөгө жана өз ара карым-катнашты жакшыртууга чакырышты. Талдоочулар талашты жөндөө эл аралык террорчулукка каршы күрөш үчүн маанилүү экенин айтышат.

Алжирдеги адаватчылар базасынан көтөрүлгөн эки учак бейшемби күнү Марокконун түштүгүндөгү Агадир шаарына келип конду. Марокко сыналгысы учактан түшөр менен тизе бүгүп, жаратканга топук кылган адамдарды көрсөттү. 20 жыл өмүрүн адаватчылар колунда өткөргөн 404 туткундун арасында жашы 60тан ашкан карыялар да бар. Акыркы жылдары башка дагы 2 миң ашуун марроколук туткун эркиндик алган.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Ричард Лугар туткундар бошотулуп, өз жерине келгенге чейин алардын жанында жүрдү. Лугардын айтышынча, жаңы заманда булардан узак эч ким согуш туткуну болгон эмес:

– Бул Кошмо Штаттары үчүн эмес, Алжир менен Марокко үчүн да эң сонун күн болду деп айтаар элем. Биз Алжир жана Марокко сыяктуу эле оң жараянга кубанчытабыз жана эки өлкө арасындагы байланыштын дагы бекем болушун каалайбыз.

Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан туткундардын бошотулушун оң жышаан деп атады.

Вашингтон территориалдык талаш союздашы Марокконун кыйырына көз жатпаган аймактарында террорчул топтордун пайда болушуна өбөлгө болот деп кооптонот. Андыктан, калабалуу аймакка автономиялык укук берүүнү сунуш кылууда.

Марокко менен Мавритания ортосунда 1 100 чакырымга созулуп жаткан Батыш Сахарадан 1975-жылы Испания чыгып кеткенде Марокко ээлеп алган. Ошол замат Алжирде жайгашкан “Полисарио майданы” аймактын эгемендүүлүгү үчүн күрөштү баштаган. 1991-жылы Улуттар Уюмунун арачылыгы астында референдум өткөрүлмөк болгондо, шайлоого ким катышат деген талаш чыгып, чатак кайра уланган.

АКШлык мурдакы дипломат, Африка боюнча эксперт Принстон Лимандын пикиринче, туткундарды бошотуу Марокконун көз карашын өзгөртүүгө мажбурлашы мүмкүн. Бирок эксперт тез арада Батыш Сахарада чоң саясый өзгөрүүлөр болооруна ишенбейт.

XS
SM
MD
LG