Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Ибраим Хантүрк: 80ден ашык чыгарманы котордум


Ибраим Хантүрк
Ибраим Хантүрк

Кыргыз-түрк адабий байланыштарынын өнүгүшүнө Ибраим Хантүрктүн салымы зор. Анын котормосунда ондон ашуун китептер чыкты. "Манас" эпосу, Токтогул, Алыкул, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов сындуу алп акындардын чыгармалары менен түркиялык окурмандар Ибраимдин котормосу аркылуу таанышууда.

"Азаттык": Ибраим мырза, "Азаттыктын" студиясына кош келдиңиз. Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин "котормочулар - бул почтанын аттары" деген таамай сөзү бар. Адабияттардын байланышын арттырчу котормочулукка кандайча келип калдыңыз?

Ибраим Хантүрк: 1992-жылы университетке окуйм деп Кыргызстанга келгем. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинде окудум.

1998-жылы аны аяктап, география боюнча мугалим болуп иштеп келатам. Анан карасам китептер аз экен, кыргызча билип калгам, кыргызчадан түркчөгө, түркчөдөн кыргызчага которсомбу деп ойлодум. Анан Түркияга баргандан кийинки байкаганым, түрк тилине Чыңгыз Айтматовдун гана чыгармалары которулуптур орусчадан. Башка китептер жок экен. Түркчөгө кыргыз тилинен которулган чыгармалар жок болуп чыкты.

Чыңгыз Айтматов - кыргыз адабиятындагы туу чокулардын бири. Анын катарында көптөгөн кыргыз акын-жазуучулары бар. Алардын ырлары менен кара сөз чыгармаларын которуп, түрк окурмандарына тааныштырдым. Андай чыгармалардын саны 80ден ашты. 13 китеп чыкты, дагы беш китеп кезекте турат. Эмгектерим сая кеткен жок.

"Азаттык": Социализм заманында түрк адабиятынан которулган чыгармаларды беш манжа менен санаса жетчү. Ал кезде коммунисттик идеологияга туура келген чыгармалар которулчу. Бирок ошол кезде түрк адабиятынын мыкты өкүлү Решад Нури Гүнтекиндин "Боз торгой" романы которулган. Анан кийин Салижан Жигитов Назым Хикметти түркчөдөн кыргызчага которду. Ал эми Азиз Несин орусчадан которулду. Буга чейин кыргыз-түрк котормосу калыптануу мезгилин башынан кечирип келсе азыр жаштардын аракети менен бул иш жанданууда. Кыргызчадан түркчөгө которгон башка таланттар да барбы?

Ибраим Хантүрк: Майрамгүл Дыйканбаева деген кыз бар. Эрзурум университетинде иштейт. Ал да китептерди, макалаларды которот. Анан Али Ташжар деген "Манас" университетинде эмгектенген жигит бар. Өмер Күчүк Мехмет уулу деген менин жердешим бар, бул жакта окуган. Аттарын унутуп атам, дагы бир-экөө бар. Эмгек деген эмгек, маңдай тер деген маңдай тер. Алардын иштери жакшы. Китеп жаатында көп деле жок. Алардын көбү макала жагынан болуптур. Менде котормочулук менен иштөөгө убакыт көбүрөөк болуп калды.

"Азаттык": Жаштар демекчи, Кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги окутуучу Алтынбек Исмаилов Мевлананын - Жалаледдин Руминин ырларын кыргызчага түп нускасынан которду. Дүйнөдөгү бай адабияттардын бири - түрк адабиятын кыргызчага которуу иштери уланып жатат. Бул ишти жандантуу боюнча дагы эмнелерди жасоого болот?

Чыңгыз Айтматов - кыргыз адабиятындагы туу чокулардын бири. Анын катарында көптөгөн кыргыз акын-жазуучулары бар. Алардын ырлары менен кара сөз чыгармаларын которуп, түрк окурмандарына тааныштырдым. Андай чыгармалардын саны 80ден ашты. 13 китеп чыкты, дагы 5 китеп кезекте турат. Эмгектерим сая кеткен жок.

Ибраим Хантүрк: Омор Султановдун 80 жылдыгына карата анын сексен ырын котордум эле ТҮРКСОЙдогу кечесинде таратылып берилди. Буюрса ушул майда Сагымбайдын толук вариантын которгонбуз, ошол чыгат. Кожогелди Култегиндин демилгеси менен Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата томдугун которуп чыгардык. Токтогулдун чыгармаларын которууга да катыштым. Ушул биз жасап жаткан иштер океандагы бир эле чөмүч болуп атат. "Манастын" башка варианттары турат, мисалы, Саякбайдын, Жусуп Мамайдын. Аалы Токомбаевдин ырларын которгом, ал дагы чыкканы турат. Дагы көп-көп иштер бар.

"Азаттык": 1995-жылы Стамбул университетинин профессору Эмине Гурсой Наскали өз акчасына "Манастын" кыргыз, түрк, немис тилиндеги китебин чыгарып, ал 1000 жылдыкка жакшы белек болуп калды эле. Андан кийин Токтогул, Алыкулдун томдуктары чыкты. Кыргыз поэзиясын которууда сизде кандай кыйынчылыктар болду?

Ибраим Хантүрк: Түркияда мектепте окуп жүргөндө ыр жазчумун. Ошондон ырды которуу мага жеңил болуп калды. Түркияда ырларым азыр деле чыгууда. 1992-жылы Кыргызстанга келгенден кийин колума тийген кыргыз китептерин окуй берчүмүн. Билбеген сөздөрдү сурай берчүмүн, сөздүктөрдү карачумун. Анын баары кыргыз сөзүнүн өзгөчөлүгүн, жазуучу, акындардын стилдик өзгөчөлүгүн түшүнүүгө жардам берди.

(Маектин калган бөлүгүн "Азаттыктын" аудио-видео версиясынан угуңуз)

Ибраим Хантүрк: 80ден ашык чыгарманы котордум
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:37 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG