Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Көчмөндөр оюндарын иликтөө – илимпоздук парыз


Кыргызстанда Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары аяктады, бирок бул иш-чаранын алкагындагы мол этнографиялык, социалдык, спорттук жана башка маалыматтар жаңыдан гана ар тараптуу иликтене баштады. Тарыхчы Т. Чоротегиндин чакан. сереби.

Салттык оюндарды изилдегендердин экинчи шеринеси

2016-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 27-28инде Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөрүлгөн “Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары” аттуу Экинчи эл аралык симпозиумдун максаты - элдик оюндарды изилдеген окумуштууларды баш коштуруу болду.

Симпозиумдун айрым катышуучулары. 27.10.16.
Симпозиумдун айрым катышуучулары. 27.10.16.

Бишкекте экинчи ирет өткөн бул кадыр-барктуу эл аралык симпозиумга кыргызстандык окумуштуулардан тышкары Азербайжан, Казакстан, Кытай, Ооганстан, Орусия, Өзбекстан, Түркия, Украина сыяктуу мамлекеттерден спорт жана элдик оюндар жаатында иликтеп жүргөн этнограф, тарыхчы, педагог, адабиятчы, тилчи, музыка таануучу, саясат таануучу ж.б. илимпоздор келип катышты. Айрымдары илимий баяндамаларын электрондук кат аркылуу жиберишти.

Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетине (КТМУ) бул илимий жыйынды уюштурууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду жана Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы шериктеш болушту.

Окурмандар эсинен чыгара элек чыгаар: Борбордук жана Ички Азиядагы көчмөндөр жана алардын тарыхый коңшулары кылымдар бою сактап келген салттык спорт оюндарына жана башка элдик оюндарга арналган туңгуч эл аралык илимий симпозиум 2014-жылы күзүндө Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөрүлгөн болчу.

Мааракелер жылы

Быйылкы эл аралык илимий шерине – Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү “Тарых жана маданият жылында” өткөнү менен айырмаланат. Бул жылы кыргызстандыктар даанышман ойчул жана акын Жусуп Баласагындын миң жылдык мааракесин, эгемендик үчүн күрөшкөн Тайлак Баатырдын 220 жылдыгын, улуттук боштондук үчүн падышалык оторчуларга каршы тайманбай чыгып, эгемендик үчүн өмүрүн берген бабалардын көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместикке кайрадан жетишкендигинин 25 жылдыгын жана башка куттуу мааракелерди белгилеп жатат.

Дал ушул жылы дагы бир ири эл аралык окуянын 90 жылдыгы белгиленди. Ал – 1926-жылы бирдин айынын (февралдын) 26сынан жалган курандын (марттын) 5ине чейин илимпоз бабаларыбыз Бакы шаарында өткөргөн Биринчи түркологиялык курултай (азербайжанча: Birinci Türkoloji Qurultayı). Бакыга чогулган окумуштуулар түрк калктарынын жазмасын латын арибине өткөрүү ылайык деген тарыхый чечимге келген.

Азербайжандын боорборундагы бул жыйынга Кыргызстандан жаш окумуштуу Касым Тыныстанов (1901-1938) катышып, кыргыз жазмасын латын арибине которуу тууралуу баяндама жасаган.

(Айтмакчы, быйылкы симпозиум КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйынканасында өткөрүлгөнү символдук окуя болду. Дал ошол Бакы түркологиялык курултайына катышкандардын бир далайы сталиндик доордо “пантүркист” катары ак жеринен куугунтукталып, канчасы сталиндик абакта набыт болуп, канчасы кордуктун башка түрлөрүнөн жабыркаган! 1937-жылы жазыксыз жерден камакка алынып, 1938-жылы атылган профессор Касым Тыныстанов, 1988-жылдан тартып актала баштаган менен, иш жүзүндө, Кыргызстандын эгемендик доорунда гана татыктуу баасын алган).

Бакыдагы илимий жыйынга жалаң гана советтик илимпоздор баш кошуп чектелбестен, Түркиядан айтылуу профессор Мехмет Фуат Көпрүлү (Mehmet Fuat Köprülü) мырза да катышып, баяндама жасаган.

Азыр да ошол түркологиялык курултайдын 90 жыл мурдагы отурумундагы биримдикке чакырган ураандар кулагыбызда жаңырып тургансыйт. 1992-жылы Бишкекте Түрк өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин жыйыны өтүп, анда да Бакыдагы бабалардын орток латын алфавитине өтүү чакырыгы кайталанган, бирок латын арибине негизделген бирдиктүү алфавит түзүү идеясы азыр да бирдиктүү саясий эрктин жоктугунун айынан жүзөгө ашпай келет.

Көчмөндөр оюну татыктуу өттү

Быйыл аяк оона (сентябр) айынын 3үнөн 9уна чейин Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Бул иш-чара Евразиядагы мурдагы көчмөндөрдүн спорттук иш-чарасы гана болуп чектелбестен, дүйнөгө эшигин кеңири ачкан элдик оюндар майрамы болду. Анын алкагында Кырчын жайлоосунда кыргыз элинин этнографиясы, каада-салты, фолклордук казынасы, заттык жана заттык эмес маданиятынын көөнөргүс байлыгы даңазаланган өзгөчө шаан-шөкөттүү маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Оюндарга ширетилген дал ушул кошумча компонент менен кыргыз эли бир кезде “Манас” дастанындагы Көкөтөйдүн ашында даңазаланган мыкты сапатты – тарыхый коңшуларды этностук тегине, динине, тилине, маданий жана башка айырмачылыктарына карабастан бир ынтымакка чакыруу, тынчтыкты, достукту, дурус коңшулукту чыңдаган элдик оюндарды уюштуруу үчүн зарыл болгон айкөлдүк жана данакерлик сапатын, - дагы бир ирет тастыктады.

Эгерде 2014-жылы өткөрүлгөн Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары далай элдин көз кырына үстүрт илинген болсо, быйылкы оюндар жалпы дүйнө коомчулугунун назарын өзүнө бурду.

Элдик оюндардын көөнө тарыхы бар

Хун доорунда эле жалпы түрк тилдүү бабаларыбыз Ички Азия алкагындагы эл аралык көчмөндөр оюндарын уюштурган. Анын тарыхын дээрлик 22 кылымдан кийин гана үйрөнүп жатабыз.

Ал эми быйыл болсо Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын кезектегиси соңуна чыгаар замат эл аралык илимий журтчулук Бишкекте Кыргыз-Түрк Манас университетинин Касым Тыныстанов атындагы куттуу жыйынканасында чогулуп, эл аралык деңгээлде илимий шерине өткөргөндүгү ‑ кубаттоого арзырлык саамалык. Демек, бул – жыйынды уюштуруучулар да, катышуучулар да замананын талабына ылайык адым таштап жаткандыгы.

Элдик оюндар ар дайым күнүмдүк саясаттан жогору турууну, саламаттыкты жана сергектикти, ыкчам, шайдоот, көрөгөч, ийкемдүү жана зирек болууну даңазалаган.

Маселен, чатыраш (шатранч, шахмат), дойбу, тогуз коргоол сыяктуу оюндар ыкчам ой жүгүртүүгө түртсө, көк бөрү, чооган (чавган), ордо оюндары – оюнчулардын жеңишке жеткире турган тактикалык жана стратегиялык амалдарды ынтымактуу иштеп чыгуусун талап кылган.

Айдыңдардын шеринеси

Элдик оюндарды иликтеген илимпоздор дагы өздөрү жашаган мамлекеттердеги тигил же бул саясий режимдердин ар кандай чектөөчү чидерине эч чалынбастан, кылымдарга жеткирген узак мөөнөттүү илимий иш-аракеттерди улантып жатышат деп эсептейбиз. Азыркы кайсы бир өлкөдөгү авторитардык башкаруу ыкмалары – убактылуу гана мүнөзгө ээ. Түркология, кыргыз таануу жана көчмөндөрдү таануу илими болсо – түбөлүктүү. Окумуштуулардын жана айдыңдардын ынтымагын эч бир режим ыдырата албайт.

Чыңгыз Айтматов. 21.11.2007.
Чыңгыз Айтматов. 21.11.2007.

Буга бир мисал келтирсек. Мурдагы Советтер Биримдигинде Кайра куруулар доорунун башталышын даңазалаган бир окуя – мындан 30 жыл илгери Ысык-Көлдө өткөн эле.

1986-жылы тогуздун айында – октябрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) демилгеси менен өткөрүлгөн “Ысык-Көл шеринеси” (The Issyk-Kul Forum) бүт дүйнө жүзүнөн келген айдыңдардын бейрасмий курултайы болгон. Ага түрк боордоштордон жазуучу Йашар Кемал (Yaşar Kemal) жана композитор, ырчы, коомдук ишмер Өмер Зүлфү Ливанели (Ömer Zülfü Livaneli) да болгон.

Азыр эми СССР деген империя түп-тамыры менен жок, бирок президенти Чыңгыз Айтматов болгон “Ысык-Көл шеринесинин” бүт дүйнө жүзүндөгү айдыңдарды биримдикке чакырган осуяттары дагы эле аткарылып келет. Ошол осуяттардын жүзөгө ашырылышынын соңку бир көрүнүшү – Кыргыз-Түрк Манас университетинде ийгиликтүү жыйынтыкталган кадыр-барктуу илимпоздор шеринеси болду десек жаңылышпайбыз.

Соңку иликтөөлөргө негизденген баяндамалар

КТМУдагы эки күндүк илимий жыйын ага катышкандар үчүн жаңы табылгаларга күбө кылган билим майрамы болду.

Профессор Кубатбек Табалдыев. 27.10.16.
Профессор Кубатбек Табалдыев. 27.10.16.

Кыргыз археологу Кубатбек Табалдыев мырза өзүнүн бул жолку илимий баяндамасында Борбордук Азия (анын ичинде Кыргызстан), Ички Азия жана Түштүк Сибирде аска беттеринде калтырылган сүрөттөр (петроглифтер), археологиялык казууларда табылган чүкөлөр жана башка табылгалар аркылуу байыркы көчмөндөрдүн элдик оюндарын жана салтын бул аймактардагы түрк тилдүү жана башка калктар азыркы заманда да ырааттуу улантып жатканын далилдүү ачыктап берди.

Жогоруда учкай эскергенибиздей, кыргыз улутунун кылымдар карытып сакталып келген “Манас” аттуу чоң жомогунда (эпосунда) “Көкөтөйдүн ашы” сыяктуу көөнөргүс бөлүмдөр бар. Аларда сансыз кылымдарга чачыраган спортчу бабаларыбыздын эл аралык жана жергиликтүү көчмөндөр оюндарына катышкандыгы жана башка элдик оюндар саймедирленип айтылат.

Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын ырааттуу изилдеп жаткан тарыхчы Муратбек Кожобеков мырза “Манас” эпосундагы элдик оюндардын тарыхый жана салттык мааниси” деген темада кызыктуу баяндама жасады. Бул темада башка да баяндамалар ортого салынды.

Ал эми мусулмандык кайра жаралуу доорунда жашаган бабаларыбыз негиздеген Карахандар каганатынын тарыхын ырааттуу иликтеп келе жаткан Кайрат Белек мырза болсо талаа экспедицияларында өзү чогулткан жаңы материалдарга таянып, кыргыз элинин ат оюндары тууралуу баяндады.

Ат оюндарына байланыштуу темага башка отурумдарда да кайрылышты. Маселен, Ооганстандан келген Мохаммад Исмайил Кайумоглу мырза Ооганстандагы салттык оюндар жөнүндө айтып, арасында көк бөрү (“бузкаши”, “ko'pkari, uloq”), чооган (ат хоккейи) оюндарын да атай кетти. Эдил Молдалиев болсо жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жаныбарым, Гүлсары” чыгармасындагы ат оюндарына сереп салды.

Жамила Бокоева айымдын тогуз коргоол (кыргыздар менен казактарда анын “тогуз кумалак” деген да башка аталышы бар) оюнунун семантикалык маанисине арналган баяндамасы да уккандарды кайдыгер калтырбады.

Симпозиумга катышкандардын көбү буга чейин эле элдик оюндар жаатында иликтөө жүргүзүп келген илимпоздор. Алардын арасында, маселен, Азамат Казакпаев мырза кыргыз күрөшүнүн тарыхы жана этнографиялык өңүттөрү жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ал эми жаш илимпоз Назгүл Рысмендеева айым болсо чүкө оюндарынын түрлөрү жөнүндөгү эмгектери менен белгилүү.

КТМУнун окутуучусу Женгиз Буйар мырза “Түрк маданиятындагы аңчылык жана кыргыздарда мүнүшкөрлүк” деген темада баяндама жасады. Ал эми Түркиядан келген Абдулла Карачаг мырза болсо “Түрк көркөм өнөрүндө мүнүшкөрлүктүн чагылдырылышы” деген темада элестүү баян кылды.

Гүлзада Абдалиева. 08.5.2016.
Гүлзада Абдалиева. 08.5.2016.

Этнограф, доцент Гүлзада Абдалиева айымдын “Кытайлык кыргыздардын үйлөнүү үлпөт тойлорунда өткөрүлүүчү салттык оюндар” аттуу баяндамасы Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоодогу кыргыздардын элдик оюндарын изилдөөгө арналды.

Чынара Арыкова жана Алтынай Карасаева айымдар биргелешип даярдаган баяндама кыргыздын элдик оюндарын үйрөтүү аркылуу мектеп окуучуларынын саламаттыгын чыңдоо көйгөйлөрүнө арналып, соңку статистикалык, медициналык жана башка маалыматтары менен баалуу болду.

Талас мамлекеттик университетинен келген доцент Моймол Жусупова айымдын темасы да жогорку баяндаманыкына үндөш болду жана ал кыргыз улуттук оюндарынын таалим-тарбиядагы мааниси тууралуу сөз козгоду.

Профессор Канат Уркаш уулу Мамбеталиев. 27.10.16.
Профессор Канат Уркаш уулу Мамбеталиев. 27.10.16.

Профессор Канат Уркаш уулу Мамбеталиев мырзанын “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана этноспорт кыймылы - XXI кылымдын феномени” деген темадагы баяндамасы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары, европалыктар негиздеген олимпиадалык оюндардын сыңарындай эле, эл аралык коомдук тажрыйбага жана асыл-наркка эгедер экендигин тастыктаган илимий тыянактары менен көпчүлүктүн купулуна толду.

Ал эми Евразия маданият жана спорттук кызматташтык коомунун төрагасы Ахмет Түзүн мырза Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын тарыхы менен байланыштуу Ысык-Көлдө (Чолпон-Атада) атайын музей негиздөө зарылдыгы сыяктуу бир катар кызыктуу сунуштарды ортого салды.

Жыйындын ачылышында куттук сөз менен чыгып сүйлөп жатып, биз илимпоздорго чыгыш таануу, түркология, кыргыз таануу, ошондой эле көчмөндөр таануу, спорт таануу, элдик оюндарды таануу сыяктуу ар кыл цивилизацияларга көпүрө болгон илим тармактарын улам жогорку сереге чыгарган үзүрдүү иш-аракетти жүзөгө ашырууларына тилектештик билдирдик.

Тээ 1970-жылдары ЮНЕСКО Борбордук Азиядагы көчмөндөр цивилизациясынын тарыхын изилдөөгө арналган атайын көп жылдык эл аралык долбоор баштаган.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – Кыргызстан үчүн гана жаңы бренд тартуулап тим болбостон, дал ошол ЮНЕСКОнун долбоорун XXI кылымда жаңы деңгээлде жана жаңы форматта уланткан дүйнөлүк спорттук-маданий салтка айланууга тийиш. Бул феноменди аңдоо үчүн атайын эл аралык, чөлкөмдүк жана жергиликтүү илимий изилдөөлөрдү ырааттуу жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарын кеңири коомчулукка маалкатпастан тааныштырып туруу абзел.

Биздин оюбузча, бул жаатта Кыргызстандын айдыңдары жана жалпы коомчулугу өз салымын кошо берээринде шек жок.

XS
SM
MD
LG