Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

“Маш ботой” – көчмөн кыргыздын Мекен ыры


Көчмөндөр оюнунда миң комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти.
Көчмөндөр оюнунда миң комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти.

Асмандан издегенимди жерден, ата-бабалардын мурасынан эле таап алгандай болдум. Миӊ кандашым бир кишидей болуп “Маш ботойду” чертип чыкканда кыргыздын МЕКЕНЫРЫ ушул турбайбы деген ой көкүрөгүмө уюду. Миӊ кыргыздын жарыша “Маш ботой” черткени “Мен кыргызмын!”, “Мен – Манастын урпагымын!” деп төш койгулаганга караганда алда канча артык таасир этти, чиркин!

Улуттун рухун курчуткан, сыймыкка бөлөгөн көз ирмемдер күн сайын, ай сайын боло бербейт, өтө сейрек болот. Ар бир адамдын жүрөгүн толкутуп, көөдөнүн ойготкон, төбөсүн көккө жеткирген ошондой сейрек көз ирмемдерди мен Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынан көрдүм.

Эки жыл илгери, 2014-жылы өткөн Биринчи көчмөндөр оюндарынын ачылышынан кийин бир тобубуз кубангандан ыйлап жиберген элек. Ааламдын оозун ачыргыдай ачылыш жасаганыбыздан эмес. Анда көп эле алешемдиктер, кемчиликтер болгон. Тек гана эл аралык деӊгээлде фестиваль уюштуруп, дүйнөгө көргөзүү биздин деле колубуздан келет турбайбы, деп өзүбүзгө ишенгенден жашып жиберген элек.

Ошол Биринчи оюндарда Кырчында дагы бир жүрөк элжиреткен көрүнүш али күнчө эстен кетпейт. Алыстан ат арытып келген баткендиктер менен жалалабаддыктарга жергиликтүүлөр бекер же арзан баага боз үйлөрүн тигип бергенде бир атанын балдарындай бири-бирибизге боор тартуу, күйүү сезими айкын көрүнгөн.

Комузчу кыздар
Комузчу кыздар

Азыр дүйнөнү эч нерсе менен таӊдандыра албайсыӊ. Биринчи оюндарда кыргыздын кыраан чабандеси ат жалында артынан от чалган бойдон чаап өткөнү дүйнөлүк прессанын башкы бетине жарыяланып, майрамдын негизги белгилеринен болуп калган.

Экинчи оюндардын ачылышында миӊ комузчунун айтылуу “Маш ботойду” текши шартылдата чертип чыкканын жазбаган, тартып көргөзбөгөн дүйнөлүк маалымат каражаты калбады.

“Маш ботойду” жалгыз комузчунун, топ комузчунун, оркестрдин коштоосунда буга чейин угуп эле келатам. Бирок Экинчи оюндардын ачылышындагыдай таасир алып, толкуган эмесмин.

Улуу композиторлор айтмакчы, ар бир элдин мүнөзү, пейили, ички дүйнөсү ошол элдин ыры менен музыкасынан таасын билинет тура. Көчмөн кыргыздын тарыхы менен тагдыры, тамыры менен кулк-мүнөзү, намысы менен абийири мына ушул “Маш ботойдо” тура. “Маш ботойдун” ыргактары кыргыздын ыйы менен санаасын, кубанычы менен кыял-тилегин жүрөк түпкүрүнө жеткирет. Уккан сайын Ала-Тоонун желаргысындай көӊүлүӊ сергийт, желдей сызган аргымактын жалында учу-кыйырсыз мейкиндикке даң салып бараткандай болосуӊ.

Биз бири-бирибиз менен канчалык чукулашпайлы, саясаттагы сасык оюндарга аралашпайлы, жетиге же кыркка бөлүнбөйлү, жородо же шеринеде сен – мыркыбай, сен – киргиз, сен - исламчы, сен – теӊирчи, сен тигил жактык, бул жактык дешпейли (жешпейли), баары бир кыргызды боз үйдүн ууктарындай бириктирип турган күч бар. Ал күч болбосо, ууктар туш-тушка чачырап кетпейби! Көчмөн ата-бабаларыбыздын көөнө салттарына кайра аралашканда, “Маш ботой” менен кошо термелгенде ушундай майда, жүрөк карарткан сөздөрүбүз үчүн бетибиз чымыраса керек?!

Кудайым кыргызды колдоп эле келатат. Бизден саны жагынан беш-он эсе элдер өз жерине, мамлекетине жете албай, зар какшап келатканын көргөндө тобоо деп жакаӊды кармайсыӊ. Ушул жерибизди кут кыла көр дейсиӊ.

Көп жылдык коммунисттик идеология кыргызды бир аз “бузса” да, рухун жок кыла алган жок. Андан бери карай “мен киммин? биз каякка баратабыз?” деген суроолорго жооп издеп эле келатабыз. Бирибиз тоо-таш менен мечиттен, бир даарыбыз Орусия менен Америкадан, калганыбыз Түркия менен Европадан жооп издеп, дербиштердей жер кезип кеттик. Атыбызды арабча коёлу, англисче түш жоруйлу, батышчыл, чыгышчыл бололу, каякка барып урунуп-беринбейли, бирок өӊүбүз менен жандүйнөбүз кыргыз бойдон калат ээй. Каерде ажалыбыз жетип, же бөөдө өлүм таппайлы, сөөгүбүз Ала-Тоого жашырылат ээй.

Көчмөндөр оюндары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделип баратканын, улутубуздун улам чыйралып, намысы курчуп баратканын бышыктады. Ооба, уюштуруу жагынан, сапаттуу чагылдырып, дүйнөгө текши таратуу жагынан, жол-транспорт жагынан кемчиликтер бар. Бирок булар бара-бара чечиле турган нерселер.

Эң негизгиси: биз ушул оюндар аркылуу өзүбүздү таптык. Дүйнөнүн көзүн кызыктырып, “сата” турган өнөрүбүздү таптык. 2014-жылы 19 мамлекеттен өкүлдөр келсе, бул жолу 60тан ашуун өлкөдөн келгени буга далил.

Таяк тартышкандар менен улакчылар кудум эле Олимп оюндарындагыдай жанын сабап, олжодон куру калса чыр салып, ыйлап жатышат. Эртеӊ ат чабыш менен көкбөрү финалы Олимп оюндарынын марафону менен финалдык эрөөлдөрүнөн кем калышпайт, көрөсүӊөр!

Көчмөндөр руху кыргыз жергесинде жанданды. Бул көчмөндөрдүн маданий жана спорттук Олимпи болот. Бул биздин жеӊиш. Ал эми “Маш ботой” көчмөндөрдүн Мекеныры, Гимни.

Султан Жумагулов, журналист

XS
SM
MD
LG