Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

1916: Көтөрүлүштү колдогон келгин украин жана орустар


Семён Чуйковдун "1916-жылдагы кыргыз элинин көтөрүлүшү" аттуу кыл калем менен тартылган сүрөтү. 1931-жыл.
Семён Чуйковдун "1916-жылдагы кыргыз элинин көтөрүлүшү" аттуу кыл калем менен тартылган сүрөтү. 1931-жыл.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу даректүү маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Кыргызстандагы көтөрүлүш очокторун диссертациялык эмгегинде атайын иликтеген тарыхчы, профессор Токторбек Өмүрбековдун макаласында 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө айрым орус-украин келгиндеринин катышуусу тууралуу сөз болот.

Кыргыздар алмустактан эле бөлөк-бөтөн элдерге ак пейил мамиле кылган, табиятынан өтө меймандос эл экендигин ар кайсыл мезгилдерде мында келген чет жерликтер баса белгилеп келишет.

Атүгүл 1916-жылкы алааматтын маалында да элеттиктердин андай асыл сапаттарын кадыр-барктуу, аттуу-баштуу орус генералдары моюнга алышканы маалым.

Маселен, кыйла жыл (Пржевальск) Көл кылаасында кыргыздарга жанаша жашаган генерал-майор Ярослав Иванович Корольковдун бул өңүттө мындай деп айтканы бар:

Мен кыргыздарды ак көңүл, ичинде кири жок меймандос, улуктарга чоң урмат-сый көрсөтө билген эл катары караганга небактан бери көнүп калгам. Мен Жети-Суунун тоолорун атчан аралап, 130 миң вёрст жол жүргөм. Барган жердин баарында мени жакшы кабыл алышчу. Баардыгы мени үйлөрүндө сыйлуу мейман катары түнөтүшчү, колунда болгон тамак-ашын менден эч качан аяшчу эмес. Орус калкы менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер жалпы жонунан жакшы эле болгон деп айта алам”.

(Булак: Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. –М.:Изд-во АН СССР, 1960. 359-бет.).

Келгендерге карата кыргыздардын дал ушундай айкөлдүгү айрым орус-украин дыйкандарынын жергиликтүү элге жан тартышына, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында көтөрүлүшчүлөргө ачыктан ачык колдоо көрсөтүлүшүнө өбөлгө түзгөнү шексиз.

Алсак, кээ бир орус, украин дыйкандары элет элинин 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөшүнө түздөн-түз катышып, оторчул (колониалдык) бийликке карщы көтөрүлүшкө чыккан жергиликтүү калкка олуттуу көмөк көрсөтүшкөн эле.

Алардын айрым чечкиндүү аракеттерине кайрылалы.

Ысык-Көл өрөөнүндө көтөрүлүш башталгандан көп өтпөй, 1916-жылы 11-августта тескейдеги Барскоон жергесинде орус кыштагынын тургундары Г. Кайгородцев, Грачев, Самойлов ж.б. өз ыктыяры менен көтөрүлүшчүлөргө кошулуп кетишкендиги падышалык архивдик маалыматтарда чагылдырылган.

Эртеси 12-августта Г. Кайгородцев Барскоон кыштагына атайылап кайтып келип, айылдаштарын көтөрүлүш чыгарган кыргыздарга кошулууга үндөгөндүгү белгилүү.

(Булак: Кыргыз Республикасынын БМА. Ф.И.-34, оп.2, 11-иш, 32-барак.).

Ошондо оторчул бийлик өкүлдөрү, кыштактагы төбөлдөр менен оокаттуу бай кулактар өтө чочулап, катуу каршылык көрсөтүп, Г. Кайгородцевге ар кандай тоскоолдук кылышкан.

Ошол окуяларга удаалаш кыргыздардын боштондук кыймылына Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Озерно-Фольбаум кыштагынын тургуну Марк Давыдович Власенко өз үй-бүлөсү менен бирге кошулуп кеткени белгилүү.

Адегенде анын демилгеси боюнча Фольбаум кыштагынын дыйкандары көтөрүлүшчүлөргө эки винтовка менен төрт дробовикти, б.а. жалпысынан 6 мылтык беришкен.

(Булак: Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане. 418-бет. Ошондой эле 5-иш, 67-68, 125-барактар.).

Марк Власенко болгондо да кенже (унтер) офицер, аскердик Георгий орденинин үч жолку кавалери болгон экен.

Орусия армиясынын согуштук өнөрүн, салгылашуудагы тактика-ыкмаларын жакшы билген мурдагы тажрыйбалуу аскер адамы катары ага ишеним көрсөтүү иретинде кыргыздар аны кошуун башчы дайындашкан.

Көтөрүлүштүн жүрүшүндө анын көп жолу пайдасы тийип, атүгүл өзү башкарган кошууну менен бирге Преображенское (Түп) кыштагын камалоого катышат.

Кийинчерээк Марк Власенко касташууну, кайгылуу кагылышууларды токтотуу, эки тараптын ынтымагына данакер болуу максатында аталган айылдын калкынан багынып берүүнү, анын кошуунуна ыктыярдуу кошулууну талап кылган болчу.

(Булак: КР БМА. Ф.И.-34, оп.2.).

Тилекке каршы, падышалык Орусиянын жазалоочу аскерлери менен айыгышкан кармаштардын биринде Марк Власенко окко учуп, шейит кетти.

Кыргыз көтөрүлүшчүлөргө Алексеевка айылынын тургундарынан - бир туугандар Тимофей менен Афанасий Лобзовдор да үй-бүлөсү менен кошулган эле.

1916-жылы 12-августта ошол эле кыштактык дыйкандар Степан Коваленко менен Филипп Павлов дагы көтөрүлүшчү кыргыздар тарапка өтүшкөнү маалым.

(Булак: Хасанов А.Х. Воспитание учащихся в духе дружбы народов... – Ф.: Мектеп, 1960. 30-бет.).

Алардын бардыгын кийин кулактардан куралган дружина (кошуун) туткундап, чыккынчы катары айыптап, атып салышкан.

Жогорудагы славян өкүлдөрүнөн тышкары, Ысык-Көлдөгү Сазановка (азыркы Ананьево) кыштагынын тургуну Даниил Кошаев дагы көтөрүлүшчүлөрдүн чакан кошуунуна кол башчылык кылып, падышалык жазалоочу аскерлер менен айкаштарга активдүү катышат.

(Булак: Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане, 418-бет.).

Эрегишкен кармаштардын биринде Даниил Кошаев туткунга түшүп, падышалык жазалоочу аскерлер аны дагы аёосуз жазалап, коркунучтуу жоо катары ит аткандай атып салышат.

Ал аз келгенсип, жазалоочуларга кошулган кулактар Даниил Кошаевдин үйүн өрттөп, күлүн көккө сапырышкан, катуудан казанын калтырбай талкалап, мал-мүлкүн талап-тоношот.

Ал эми Чүй өрөөнүндө орус дыйканы Иван Седой кыргыздардын боштондук көтөрүлүшүнө жигердүү катышканы маалым.

Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе, тарыхый даректерден 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн алдыңкы мезгилинде жана анын жүрүшүндө кыргыздар менен кээ бир келгиндер бири-бирин кырсыктан сактап калууга, жакшылык кылууга умтулушкан учурлар тууралуу маалыматтар көп эле кездешет.

Жыйынтыктап айтканда, 1916-жылкы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүшү Орусия империясынын саясий үстөмдүгүнө, падыша өкмөтүнүн оторчул саясатына каршы эгемендик, эркиндик үчүн анык элдик күрөш болгон.

Бул көтөрүлүш тарыхына кайрылып, адилет баа берүүдө кайсыл бир бүтүндөй элди бир беткей күнөөлөп каралоо туура эмес.

Анан калса, башкасын айтпаганда да, Николай II башкарган падышалык Орусия менен азыркы демократиялык республикалык түзүлүш орногон Орусия Федерациясын чаташтыруу саясий чайкоочулукка жатаары анык.

Профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков. Прага ш. 18.07.2009.
Профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков. Прага ш. 18.07.2009.

Эң башкысы - элибиздин эгемендик, көз каранды эместик үчүн күрөштө баардыгына кайыл болгондугунда, ошондой эле башка элдерге ар дайым жакшылык кылууга, санаалаш болууга даярдыгында!

Кыргыз көтөрүлүшчүлөрүн курал кармап колдогон орус жана украин келгиндер да кыргыз рухун, салтын, таза дилин аңдай алган жана анысын куралдуу күрөштү тастыктаган өз элинин эр азаматтарынан болгон.

“Бөлөккө кылган жакшылыгың, бирде болбосо бирде, кудайдан кайтат” деген накыл кеп бар эмеспи!..

Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков, Кыргыз Республикасынынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору.

XS
SM
MD
LG