Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:47

Эң башкысы – эскерүү, эскерүү, эскерүү...


Боом капчыгайынын оозундагы Үркүнгө арналган айкелдин бир бурчу. 25.8.2006.

Баш оонанын 1инде Кыргызстан атуулдарынын демилгелүү топторунун аракети жана бийликтин колдоосу менен Улуттук китепканада жана Боом капчыгайынын түндүк оозунда 1916-жылкы көтөрүлүштүн баатырларын жана Улуу Үркүндүн шейиттерин эскерген коомдук иш-чара өткөрүлдү.

Кыргызстанда атуулдук коом кыйла калыптанып калгандыгын Боом капчыгайынын түндүк оозундагы 1916-жылкы окуяларга арналган эстелик жана анын айланасында жыл сайын уюштурулуп келе жаткан иш-чара айкын көрсөтөт.

“Өмүр көчү” жүрүшү

Тээ 1991-жылы жазында “Ашар” козголушу теке (июл) айында “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштуралык деп демилге көтөрүп, аны “Кыргызстан” Демократиялык кыймылы (КДК) колдоого алып, 3-июлда Сокулуктун Асылбаш айылында, 4-июлда Бишкектин Ала-Тоо аянтында бет ачаар ири жыйындар уюштурулуп, анан жүрүшчүлөр Чүй өрөөнү аркылуу Кеминге карай жөө жүрүшкө чыгышкан.

Ар кыл уюмдардан куралган жүрүшчүлөр Боом капчыгайынын кире беришинде таштан дөбө үйүшүп, болочокто бул жерде эстелик курулат деп шардана кылышкан. Андан соң жүрүшчүлөр Балыкчыга чейин барып, андан Көл жана Нарын багыттарында сапарын улантышкан. Т.Тургуналы менен К.Матказиев жетектеген бир тобу Торугарт ашуусуна чейин, Ж.Жекше менен Ж.Усупов жетектеген экинчи тобу – Бедел ашуусу тарапка чейин барышкан. Жүрүштүн максаты - падышалык Орусиянын оторчул эзүүсүнө каршы 1916-жылы чыккан улуу көтөрүлүш падышалык жазалоочу аскерлер тарабынан ырайымсыздык менен басылган соң, Кытайды көздөй качууга аргасыз болгон жүз миңдеген бабалардын арбагына таазим этүү болчу.

Ошол окуялардан көп узабай, 1991-жылдын баш оона (август) айынын 31инде, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкөбүздүн мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу тарыхый декларацияны кабыл алган. Дүйнөнүн саясий картасында “Кыргызстан” деген эгемен мамлекет кайрадан пайда болгон. Бул – үзүлгөн учук кайра улангандай зор тарыхый окуя болду.

Быйылкы эскерүү

Быйыл болсо Кыргызстандын Президентинин өз учурунда жарык көргөн атайын жардыгына ылайык, өлкөбүздүн өкмөтү 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгына байланыштуу комплекстүү эскерүү чараларын жүзөгө ашыра баштады.

Боом капчыгайынын оозундагы Үркүндү эскерүүнүн катышуучулары. 1.8.2015
Боом капчыгайынын оозундагы Үркүндү эскерүүнүн катышуучулары. 1.8.2015

Бишкек шаарынын түштүк-чыгышындагы Түштүк Дарбаза деп аталган жерге 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн баатырларына жана Улуу Үркүндүн курмандыктарына багыштап ири айкел тургузулмакчы. Боомдун оозунда болсо 2006-жылы айкел тургузулган.

Өткөн айда Ысык-Көлдүн сыртында 1916-жылдан бери көмүлбөй келген сөөктөрдүн калган-катканы бар-жогу дагы бир жолу иликтенди. Бул иш-чараны Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, 1916-жылкы окуяларды эскерүү боюнча өкмөттүк уюштуруу комитетинин мүчөсү Э.Каптагаев өзү жетектеди.

Тарыхчылар архив таануу жаатындагы илимий экспедицияларды жана илимий жыйындарды уюштуруп, мурда айтылбай келген жагдайларга байланыштуу илимий табылгаларды илим чөйрөсүнө киргизүүгө белсенүүдө. Кыргыз Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча атайын комиссия кулжа (июн) айындагы отурумунда бул багытта атайын иш-чараларды бекитип, президенттик фонддон жана башка демөөрчүлөрдөн каржылык көмөк уюштурулууда.

Киночуларыбыз менен сыналгычыларыбыз да бири-бири менен атаандашып (бул атаандаштык – жакшы нерсе эмеспи), даректүү тасма тартуу менен алектенүүдө. Чет өлкөлөрдөн (мен билгенден – Улуу Британия менен Казакстандан) да киночулар жана сыналгы журналисттери Кыргызстанга байма-бай келип, 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө даректүү тасма тартуу үчүн маалымат иргеп жүрүшөт.

Коомчулук – четте эмес

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар, ар кыл саясий жана коомдук уюмдар өз алдынча иш-аракет пландарын жарыялашып, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн баатырларын жана Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү чараларын өз бетинче жүзөгө ашыра башташты.

Боом капчыгайынын оозундагы эскерүү чарасы – ошондой чаралардын бири гана болду.

Болжол менен 350дөй киши чогулган бул эскерүү жөрөлгөсү маалында Кыргызстандын акыркы советтик жана алгачкы пост-советтик парламентинин – легендарлуу Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ашар” козголушунун мурдагы жетекчиси Жумагазы Усупов (Чоң Аюу), мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун, мурдагы жана азыркы депутаттардан Бейшенбек Абдырасак, Каныбек Иманалиев, публицист, жазуучу, тарыхчы, ж.б. коомчулук өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Бул эскерүү жөрөлгөсүнө утурулай, баш оонанын 1инде Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында атайын китеп көргөзмөсү ачылып, анда да коомчулук өкүлдөрү 1916-жылкы окуяларга калыс баа берилген ар кыл маалыматтар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Айтыла кетчү бир сөз

Бул жыйындар маалында “бийлик эч нерсе кылбай жатат” дегендей ойлор да чыгып кетти.

Калыстык үчүн кошумчалай кетсек, тээ 1991-жылдагы “Өмүр көчү” жүрүшүнүн маалында да ошол кездеги кыргыз бийликтери бул сыяктуу эскерүү чараларына астейдил мамиле кылган. Ала-Тоо аянтындагы “Өмүр көчү” жүрүшүнүн бет ачаар жыйынына парламент спикери да, президент да катышканы эсте. Жолду ката милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугун жана тамак-ашын камсыз кылып турушкан. Ал кезде СССР биротоло кулай элек болчу да, бишкектик бийликтер тээ расмий Маскөөгө чейин чыгышып, Торугарт жана Бедел чек ара бекеттерине жүрүшчүлөрдүн эркин келиши үчүн уруксат сурап берген. Бул тууралуу өз учурунда “Азаттык” да кабарлап турган.

Бул жолу да Бишкек шаары менен Чүй дубанынын бийликтери Боом капчыгайынын оозундагы иш-чараны уюштуруу жаатында каржылык жана башка көмөгүн көрсөтүшкөнүн мага Турсунбек Акун мырза тастыктады. Кыргыз президентинин жардыгында да коомдук демилгелерге колдоо көрсөтүү идеясы камтылган эмеспи.

Бишкек китепканасындагы жана Боомдун оозундагы жыйындар маалында улуттук биримдикке чакырык улам баса айтылып жатты. Бул улуттук биримдик – жалаң гана кыргыздардын биримдиги болуп чектелбейт. 1916-жылкы көтөрүлүш маалында кыргыздардын бул боштондук кыймылына тилектеш болуп, падышалык оторчул режимге каршы дунган, уйгур, казак, сарт калмак жана айрым орус жана украин тургундардын өкүлдөрү да чыккан учурлар маалым. Алардын чыгуулары, маселен, профессор Токторбек Өмүрбековдун кандидаттык диссертациясында атайын чагылдырылган, маркум профессор Кушбек Үсөнбаев да бул жагдайды айрыкча белгилеген.

1916-жыл тууралуу “Мисмилдирик” романын жазган тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу жакында айтылуу орус демократы, Орусияда падышалык режим кулагандан соң орногон Убактылуу Өкмөттүн башчысы Александр Керенскийдин Лондон шаарындагы бейитинде болду. А.Капай уулу падышалык режим маалында эле А.Керенский Кыргызстандагы оторчулардын кыргынын Мамлекеттик Думада айыптап чыккандыгы тууралуу атайын эмгек жазып жатканын бизге айтты. Мындай иш-аракетти улантуу абзел. 1916-жылы кыргыздын боштондук күрөшүн колдогон башка этностордун баатырлары менен айдыңдары да унутта калбашы керек.

Эч бир эл тигил же бул жексур режимдин ырайымсыздыгы үчүн айыпталбашы керек. 1916-жылдагы Ала-Тоодо ырайымсыз жазалоону жүзөгө ашырган падышалык режимди орус эли өзү айыптап, ал түгүл 1917-жылы февралда биротоло кулаткандыгы унутта калбашы керек. Демек, орус элинин өзү падышалык режимге каршы чыккан. Орус элинин Марк Василенко, Г.Кайгородцев, Грачев, Самойлов сыяктуу өкүлдөрү 1916-жылы Ысык-Көлдөгү кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнө кошулуп кеткендиги да унутулгус символдук көрүнүш болгон.

Чын-чынында, Кыргызстандын эгемендиги ураанын кубаттуу таштап, калайыкты көз карандысыз мамлекет түптөөгө чакырган мындан 99 жыл илгерки кыймылдын - 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесин татыктуу өткөрүү - кылымыбыздын башындагы экинчи элдик ыңкылаптан кийин бийликке келгендердин да, ар кыл этносторду бирдиктүү элге жуурулуштурган жалпы кыргызстандык атуулдардын да орток парызы эмеспи.

Орток парызды биргелешкен аракет менен жүзөгө ашыруу гана күтүлгөндөй натыйжа берет.

Пикирлерди көрүңүз (33)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG