Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

"ҮРКҮН ОРДО” ДЕГЕН ТАРЫХЫЙ-ЭТНОГРАФИЯЛЫК БОРБОР САЛЫНАТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдраcаков бүгүн 1916-жылдагы Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү иш-чарасы өткөрүлөрүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Үркүн боюнча август айынын алгачкы аптасында иш-чара өткөрүү планы өкмөттө иштелүүдө.

Азаттык: -Бейшенбек мырза, Кеминдеги Боом капчыгайына кире беришинде 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендерге курулган эстеликтин жанында бүгүн куран окутуп жаткан экенсиздер. Мына ушул иш-чарага токтоло кетсеңиз?

Б.Абдраcаков: Бүгүн Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде саат тогузда Бишкек шаарынын борбордук аянтында куран окутулат, андан кийин тарых музейинде 1916-жылга байланыштуу көргөзмөсү болот. Саат ондо Улуттук китепканада Үркүн жөнүндө жазылган китептердин көргөзмөсү болот. Андан кийин Боом капчыгайында саат он экиде Үркүндө шейит кеткен ата-бабаларга куран окутулуп, аш берилет.

Азаттык: - Бүгүн “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы дагы Үркүнгө байланыштуу тегерек үстөл жыйынын өткөргөнү жатат. Алардын мындай иш-чарасын сиздер дагы колдоп жатасыңарбы, же ар ким өз алдынча Үркүндү эскерип, өз алдынча белгилейби?

Б.Абдраcаков: Чогуу иштеп жатабыз. “Асаба” партиясын, “Ашар” коомун дагы биз коноко чакырганбыз. Боом капчыгайында, китепканада жана тарых музейинде дагы бирге болмокчубуз. Андан тышкары тегерек үстөлү уюштурулуп жатат, ал жерде дагы чогуу болобуз.

Азаттык: - 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендерди августтун биринчи жумасында эскерүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан токтом кабыл алынды эле. Бул токтомдун аткарылышына коомдук уюмдар, саясий партиялардан башка, өкмөт көңүл буруп жатабы?

Б.Абдраcаков: Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык бир пунктунда өкмөт иш-чараларды иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке эки ай мөөнөттө алып келип берсин деп белгиленген. Ал боюнча биз дагы өкмөт менен чогуу иштеп атабыз. Өкмөт тарабынан тарых музейи, Улуттук китепкана уюштурулуп берилүүдө. Өкмөт тараптан конокторду чакырдык эле, Маданият министрлиги менен дагы бирге иштеп жатабыз.

Азаттык: - Боом капчыгайынын жанында мындан эки жыл мурда Үркүндө шейит кеткендерди эскерип эстелик курдуңуздар эле. Ошол жерге тарыхый-маданий комплекс курулат деген да маалыматтар бар. Ушул тууралуу токтоло кетсеңиз.

Б.Абдраcаков: Ошол эле Жогорку Кеңештин токтомунун дагы бир пунктунда “Боом капчыгайында курулган монументтин жанына тарыхый-этнографиялык «Үркүн ордо” деген борбор салынсын, 3 гектар жер бөлүнсүн” деп жазылган. Бүгүн ошол жерге биз архитекторлор арасында сынак жарыялаганбыз, ошол конкурстун жыйынтыгы боюнча уткан долбоордун макети коюлуп элге тартууланат. Эл көргөндөн кийин биринчи таш салуу аземи болот, Үркүндүн 95-жылдыгына арнап ошол жерге борбордук мемориалдык комплекс тургуза турган болдук.

Азаттык: - Бул иш чараларды өткөрүүгө каражатты кайдан алдыңыздар же бюджеттен каражат бөлүндүбү?

Б.Абдраcаков: Бюджеттен бир тыйын дагы акча бөлүнгөн жок. Өзүңүздөр билесиздер, эстеликти салганда дагы Бишкектин тегерегиндеги 300 миң үй куруучу бир сомдон ыражабыз бар, ошол ыражанын негизинде эстеликти салганбыз. Быйыл дагы бир сомдон чогултуп бүгүнкү иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү күнү ал жерде 25 боз үй тигилип атат, 600 киши чакырылган. Ага каржатты дагы үй куруучулар өз чөнтөгүбүздөн чыгаруудабыз.

Азаттык: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG