Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

ТОКСОН ЖЫЛ ТОО-ТАШТА КАЛГАН СӨӨКТӨР ЖЕРГЕ ЖАШЫРЫЛДЫ


Үркүн курмандыктарынын Бедел ашуусунда чачылып жаткан сөөктөрү токсон жылдан кийин жыйналып, ак кепинделип жерге берилди. Бул ишти 29-30-июлда кыргыз өкмөтү менен «Асаба» партиясы Бишкектен атайы уюштуруп жиберген экспедиция аткарды.

Кыргыз-кытай чегарасын бөлүп турган 4300 метр бийиктеги Бедел ашуусунда адам сөөктөрү мал сөөктөрү менен аралашып, беш километр аралыкта чачылып жаткан. Аларды атайын Бишкектен барган экспедиция чогултуп, мал сөөктөрүн ташка корумдап, адам сөөктөрүн бөлүп ажыратып жерге жашырышты. Адам сөөктөрү Беделдеги чегара постунун жанына ак кепинге оролуп жерге коюлду.

Бедел ашуусунда жыйналган адам сөөктөрү 1916-жылы падышалык Россиянын жазалоочу отряддарынан качып, Кытайга үркүп баратканда кырылган кыргыздардын сөөгү болуп саналат. Алардын сөөгү токсон жылдардан бери жыйналбай тоо арасында чачылып жаткан болчу.



- Ата-бабалардын арбагынын алдында парзыбызды аткарып, жеңилденип турабыз. Ата-бабасынын артынан кийинки муун ээрчип келип сөөгүн терген дегеле мындан кийин Кыргызстандын жеринде болбосун. Биз бир эле атуулдук парзыбызды аткарбастан, улуттук, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү бир тарыхый күндүн үстүндө турабыз. Мына ушул жер тарыхый окуянын күбөсү болуп түбөлүк кала бермекчи. Бизден кийинки муундар дагы ушул жерге келип эстеп, куран окутуп, биздин ишибизди эстеп айтып жүрөт деп мен терең ишенемин, -деди Жогорку Кеңеш депутаты, «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров Бедел чегара постунда сөөктөрдү жерге жашыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө.



Бийик ашуудагы адам сөөктөрүн чогултуп жерге жашыруу ишин «Асаба» партиясы менен Кыргыз өкмөтү биргелешип аткарышты. Бийик тоо арасына Бишкектен чыккан экспедициянын курамында бардыгы алтымыш адам, алтымыш аскер барды. Алардын теңи Бедел ашуусуна, теңи Ак-Шыйрак жайлоосундагы Өгүз ашуусуна бөлүнүп кетти. Себеби, бул ашууда дагы адам сөөктөрү чачылып жатат деген кабар бар болчу.

Үркүн курмандыктарынын сөөгүн жерге жашырып келаткан экспедициянын катышуучулары 3-августта Барскоон капчыгайына кыргыздын салты боюнча өкүрүп түшүшөт. Бул күнү капчыгайда Үркүн курмандыктарына арналып аш өткөрүлөт. Бир жумадан бери бул жакта жергиликтүү эл боз үйлөрдү тигип, союшка мал даярдап, аштын камын көрүп жатышат.

Улуу Үркүндүн токсон жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия 3-августту Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоо жөнүндө сунуш көтөрүүдө.

1916-жылы падышалык Россиянын колонизатордук саясатына каршы чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган. Көптөгөн жазыксыз адамдар орус аскерлеринин колуна ажал тапкан, Түндүк Кыргызстандагы кыргыздар жөө жалаңдап Кытайга качкан, он миндеген адамдар жолдо ач бел, куу жолдо ачкачылыктан, оорудан, сууктан кырылган. Үркүн маалында 150 миңдей кыргыздар кырылганы жөнүндө маалыматтар илимий булактарда айтылып жүрөт.

Кубат Чекиров, Бишкек.

XS
SM
MD
LG