Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Чоротегин: Үркүн – улутту бириктирген окуя


Улуу Үркүндө каза болгондордун сөөгүн кайра аруулап жерге берүү иш-чарасынан. Ак-Шыйрак, 2-август, 2014
Улуу Үркүндө каза болгондордун сөөгүн кайра аруулап жерге берүү иш-чарасынан. Ак-Шыйрак, 2-август, 2014

2-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы кыргыз-кытай чек арасына жакын Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду жана маркумдарга арналып эстелик тургузулду. Иш-чарага катышкан тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин “Азаттыкка" кеп салып берди.

“Азаттык”: Илимпоз катары айтсаңыз, улуу Үркүндө кайсы жерлерде адамдардын массалык түрдө кырылганы белгилүү?

Тынчтыкбек Чоротегин: Бул тарыхчыларга гана эмес, жалпы жамаатка Улуу Үркүндүн күбөлөрү, ошол кезде бала чагын өткөргөн кишилер калтырган ар кандай көркөм чыгармалар аркылуу да, архивдик маалыматтар аркылуу да белгилүү.

Оболу 1916-жылы июль айында Хожентте, андан кийин Чыгыш Ферганада, башкача айтканда Кыргызстандын түштүгүндө улуттук боштондук көтөрүлүш башталган. Ал очок кийин Кыргызстандын түндүгүнө өтүп, августтун башынан тартып Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ысык-Көл жана Нарын аймактарында көтөрүлүштөр уланган.

Бул жерлерде падышалык Орусиядан эркин мамлекет түзүү аракеттери да болгон. Бирок жазалоо армиясы көтөрүлүшчүлөргө караганда алда канча мыкты куралданып, анын натыйжасында көтөрүлүшчүлөр талкаланган, эптеп жанын коргоп, массалык түрдө качуу аракети башталган.

Бул Улуу Үркүн деп аталып калган каргашалуу окуяда 100 миңдеген кыргыздар каза болгону белгилүү. Алардын бир даары Ысык-Көлдөгү Бедел, Ак-Шыйрак ашууларында каза болгону да маалым.

“Азаттык”: Эгемен өлкө болгондон бери кыргыз бийликтери Үркүндүн тарыхтагы ролуна канчалык деңгээлде маани берип жатат?

Тынчтыкбек Чоротегин: Мурдагы президенттер Акаевдин, Бакиевдин тушунда деле Улуу Үркүнгө өзгөчө мамиле жасалганы белгилүү. 1991-жылы "Өмүр көчү" жүрүшү Сокулуктагы Асыл-Баш айылында башталганда парламенттин, ошол кездеги өкмөттүн таасирдүү өкүлдөрү да барып, сөз сүйлөгөн. Жүрүштүн катышуучулары Торугарт жана Бедел ашуусуна чейин барганда, ал кезде СССР толук кулай элек болчу, ошондо Кыргызстандын бийликтери СССРдин Чек ара кызматкерлеринен жүрүшчүлөргө уруксат алып беришкендиги да маалым. 2006-жылы да ушундай сөөк коюу жөрөлгөсү болду.

Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду. 02.8.2014.
Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду. 02.8.2014.

Айрымдар “бийликтер буга кош көңүл карап атат” деп айтып жүрөт. Мисалы, Ак-Шыйрактагы сөөктү кайра аруулап, жерге коюу жөрөлгөсүн 1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесин белгилөө үчүн расмий комиссиянын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзү жетектеп, ал барып сөз сүйлөгөндүгүн да айтып коюш керек.

Оппозициячыл күчтөрдүн өкүлдөрү да Ак-Шыйрактагы жөрөлгөгө барышты. Бул - улутту бириктирген орчун окуя болуп эсептелет. Мында ак, кара, кызыл деп бөлүнбөстөн, жалпы кыргыз элинин урпактары ошол каргалашуу учурдун курмандыктарын эскерип, урпактык парзын аткарып жатат деп ойлойм.

“Азаттык”: Өзүңүзгө маалым болгондой, Орусиянын Горчаков фонду Беловодскидеги “Жети-Суу казактарынын кошууну” коомдук бирикмесинин “1916-жылдагы тарыхый фактыларды калыбына келтирүү” долбоорун каржылоого акча бөлдү. Муну менен Орусия бул тарыхый окуянын ак-карасын тактап коёлу деген максатты көздөйбү же мунун артында саясий маселелер турабы?

Тынчтыкбек Чоротегин: Саясат болбой койбой турганын белгилеп коюш керек. Орус архиви канчалык деңгээлде бизге ачылаары жөнүндө да азырынча жакшы биле элекпиз. Бирок орус архивин ачуу үчүн ынтызар болгон орусиялыктардын бардык көмөгүн колдонушубуз керек деп эсептейм.

Падышалык Орусиянын залим иш-аракетин биринчи жолу расмий деңгээлде сындап чыккан, Мамлекеттик Думада бул мыкаачылыкты айыптап чыккан кишилер либерал орусиялыктар болгонун да айтышыбыз керек.

Бул окуяны азайтып, мүмкүн болушунча жөн гана эпизод катары көрсөткүсү келгендер да чыгышы мүмкүн. Ошол эле учурда калыс, бейтарап иликтөөгө аракет кылгандар да болушу мүмкүн. Муну жалаң гана орусиялыктар эмес, кыргызстандык окумуштуулардын айрымдары да “1991-жылы кыргыздардын көтөрүлүшү туура эмес, жаңылыштык болгон” деп жазып чыккандар да болгон. Демек азыр да тарыхка калыс көз караш бул күрөш менен жүрүп жаткан жараян экендигин мойнубузга алышыбыз керек.

Ошол эле учурда биз ар тараптуу, көбүрөөк маалымат алуу үчүн жалаң гана Орусияга карабастан, Кытайдагы маалыматтарды да иргешибиз керек. Кытайда калып калган Үркүндүн бир катар качкындарынын урпактары бар, алардын эскерүүлөрүн да алышыбыз керек. Бул тууралуу Шинжаңдагы Манасты изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун ж.б. мырзалар бизге жардам беребиз, Кытайдагы булактар эмнени жазса, аларды да орток жарыялап турууга көмөктөшөбүз деп айтты. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси да архивдерди жаңыча караганга, биз аны уюштурууга көмөк көрсөтөбүз деп жатат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев мырза Ак-Шыйрактагы жыйында абдан жакшы ойду айтты: “Бул саясий маселеге жакшы өңүттө чекит коюу үчүн Орусиянын жетекчилиги азыркы эгемен Кыргызстандын жетекчилигине өз саясий эркин билдирип, бул доор артта калган доор, аны жаңыча кароо үчүн биз кайдыгер болбой, көмөк көрсөтүп, ошону кылдат, калыс таразалаганга жардам беришибиз керек деген сөздү айтса дурус болмок”, - деп белгиледи. Бул да коомчулуктун пикири менен дал келет деп ойлойм.

Улуу Үркүндө каза болгондордун сөөгүн кайра аруулап жерге берүү иш-чарасынан сүрөт баян. Ак-Шыйрак, 2-август, 2014

XS
SM
MD
LG