Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

ПИАК: Алтай таануу шеринеси Бишкекте ишин баштайт


Эл аралык туруктуу Алтай таануу жыйынынын (ПИАКтын) эн белгиси.
Эл аралык туруктуу Алтай таануу жыйынынын (ПИАКтын) эн белгиси.

Август (баш оона) айынын 27синде, дүйшөмбү күнү, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы № 1 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” үйүндө Эл аралык туруктуу Алтай таануу жыйынынын (ПИАК / PIAC) “Алтай тектүү дүйнөнүн элдик оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары” деп аталган 61-отуруму салтанаттуу түрдө ачылмакчы. Жыйындын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, ПИАКтын баш катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле (Германия) куттуктоо сөзү менен чыгышы күтүлүүдө.

Отурумдун шейшемби-бейшембидеги иш-аракети Бишкектеги “Парк-отел” конок үйүндө улантылат.

Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле. 26-август, 2018-жыл.
Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле. 26-август, 2018-жыл.

Бул кадыр-барктуу чыгыш таануу илимий жыйынына 17 өлкөдөн 185тен ашуун илимпоз өкүл катышат. Алардын арасында АКШ, Венгрия (Мажарстан), Германия, Жапония, Казакстан, Кытай, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Польша, Румыния, Тажикстан, Түркия, Түштүк Корея, Франция, Чехия сыяктуу өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын ар кыл илимий мекемелеринин жана университеттеринин чыгыш таануучулары, түркологдору, алтай таануучулары, археологдору, булак таануучулары, тарыхчылары, тилчилери, философтору жана башка адистери бар. Орусиялык өкүлдөрдүн арасында Алтай, Башкырстан, Татарстан сыяктуу республикалардан жана ар кыл шаарлардан илимпоздор келген.

Бир нече күн бою өткөрүлө турган бул отурумдун чет өлкөлөрдөн келген катышуучулары сентябрь (аяк оона) айынын 2-3төрүндө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “Кырчын” жайлоосундагы этнографиялык-маданий иш-чараларга сый конок катары катышат.

Бул Алтай таануу жыйынынын өзү да III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулууда.

Аталган эл аралык илимий шеринени уюштуруучулардын арасында ПИАКтын катчылыгынан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, анын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, Бегималы Жамгырчинов атындагы тарых жана маданий мурас институту, ошондой эле Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмеси, «Кереге» коомдук фонду, Эл аралык Түрк академиясы сыяктуу шериктер да бар.

Мажарстандын Секешфехервар шаарында. 31-август, 2017-жыл.
Мажарстандын Секешфехервар шаарында. 31-август, 2017-жыл.

ПИАКтын быйылкы 61-отурумунун президенти болуп И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, Евразиядагы кыпчактардын тарыхы жана этнографиясы боюнча адис Сынару Кадыр кызы Алымкулова былтыр ПИАКтын Мажарстандагы 60-жылдык отурумунда шайланган.

Былтыр 27-31-августта Мажарстандын орто кылымдардагы борбор калааларынын биринен болгон Секешфехервар (Székesfehérvár) шаарында өткөн Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын 60-жылдык отурумунун жалпы багыты – “Символдорго жуурулган идеялар – жазмаларга сыйдырылган тилдер” деген темага арналган болчу.

Мажарстандагы ПИАКтын отурумунун айрым катышуучулары. 28-август, 2017-жыл.
Мажарстандагы ПИАКтын отурумунун айрым катышуучулары. 28-август, 2017-жыл.

ПИАКтын тарыхына кылчайсак, анын жылдык отуруму ушуну менен үчүнчү жолу гана Борбордук Азияда өткөрүлүүдө (анын чөлкөмдөгү буга чейинки отурумдары 1986-жылы Ташкент шаарында, 1992-жылы Алматы шаарында өткөн).

Алтай таануу жаатындагы заманбап илимий теориялардын бирине ылайык, эң байыркы убактагы тилдик орток өзгөчөлүктөрдү сактап калган Алтай тектүү элдерге түрк калктарынан (анын ичинде кыргыздардан) тышкары жапон, корей, тунгус-манчжур жана монгол тилдеринде сүйлөгөн Евразиядагы ондогон калктар кирет. ПИАКтын отурумдарында аталган элдердин орток жана өз ара айырмалуу тилдери, тарыхы, салттары, заттык жана заттык эмес маданий мурастары жана башка кубулуштары ырааттуу иликтенип келет.

Профессор Юлий Худяков (Орусия). 26-август, 2018-жыл.
Профессор Юлий Худяков (Орусия). 26-август, 2018-жыл.

Быйылкы отурумда Алтай тектүү дүйнөнүн элдик (спорттук жана башка) оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары тууралуу ар кыл темаларга арналган баяндамалардан тышкары соңку археологиялык, булак таануучулук жана башка жаңы табылгалар жөнүндө илимий баяндамалар да ортого салынмакчы. Ошондой эле ар кыл илимий борборлордун болочок кызматташтыгын арттырыш үчүн маанилүү эл аралык баарлашуу күтүлөт.

Бээжинден келген Жаркын Турсун (солдо) менен Барнаулдан келген Римма Элеманова. 26-август, 2018-жыл.
Бээжинден келген Жаркын Турсун (солдо) менен Барнаулдан келген Римма Элеманова. 26-август, 2018-жыл.

Чет элдик илимпоздордун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этнографиялык-маданий иш-чаралары маалында кыргыз маданияты, көркөм өнөрү жана спорту менен жакындан таанышуусу да алардын Алтай таануу багытындагы болочокку этнографиялык изилдөөлөрү үчүн маанилүү болоору шексиз.

ПИАК-61 отурумунун уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, бул эл аралык илимий жыйындын катышуучулары “Ата Бейит” эскерүү жайына жана “Бурана мунарасы” тарыхый-археологиялык музейине да бармакчы.

XS
SM
MD
LG