Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:59

Алтай таануучулардын Мажарстандагы шеринеси

Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 60-отурумунун эн белгиси.
Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 60-отурумунун эн белгиси.

31-августта Мажарстандын Секешфехервар шаарында Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 60-жылдык отуруму соңуна чыкмакчы. Ага кыргыз илимпоздору да катышууда.

Үстүбүздөгү (2017-) жылдын 27-31-августунда Мажарстандын (Венгриянын) орто кылымдардагы байтакты калааларынын биринен болгон Секешфехервар (Székesfehérvár) шаарында Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК / PIAC) 60-жылдык отуруму өтүүдө.

Бул кадыр-барктуу эл аралык илимий шеринеге бүткүл дүйнөдөн түрк, монгол, тунгус, манжур, корей, жапон таануучу адистер катышууда.

Будапешттеги Кароли Гашпар (Károlyi Gáspár) атындагы университеттин Чыгыш тилдери жана маданияты институту Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIACтын) быйылкы отурумунун конок ээси катары уюштуруу иштерин жыл башынан бери жүргүзүп келди.

Илимий шерине маалында. 28.8.2017.
Илимий шерине маалында. 28.8.2017.

ПИАКтын Башкы катчысы, немис чыгыш таануучусу, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле быйылкы отурумдун президенти Акош Берталан Апатоцки мырзага жана жалпы мажар конок ээлерине меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

ПИАКтын быйылкы отурумунун жалпы темасы – “Символдорго жуурулган идеялар – жазмаларга сыйдырылган тилдер” деп аталат. Ага жергиликтүү мажарлардан жана башка батыш европалык окумуштуулардан тышкары, Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиядан жана башка мамлекеттерден чыгыш таануучулар катышууда.

Илимий шериненин айрым катышуучулары. 28.8.2017.
Илимий шериненин айрым катышуучулары. 28.8.2017.

ПИАКтын 61-жылдык отуруму келээрки жылы Кыргызстанда өтүшү да ыктымал. Кийинки конок ээси болууга бишкектиктердин ниети жөнүндө “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов Фейсбук аркылуу маалым кылды.

Буга чейин Борбордук Азияда 1986-жылы Ташкен шаарынын, 1992-жылы Алматы шаарынын илимий мекемелери ПИАКтын конок ээлеринен болушкан. Ал эми Эдил боюнда (Татарстандын борбору Казан шаарында) 2007-жылы, Ички Монголияда (Хух-Хото шаарында) 2009-жылы ПИАКтын отурумдары өткөрүлгөн.

Эл аралык алтай таануу шеринесине (форумуна) тээ алмустакта орток алтай тили болгон, ал түпкү тилде азыркы түрк, монгол, жапон, корей, тунгус-манжур элдеринин эӊ байыркы бабалары сүйлөгөн деген теорияны колдогондор да, бу жоромолду сынга алгандар да баш кошуп, жыл сайын улам жаӊы илимий табылгаларын сунуштап, ар кыл темаларда ырааттуу баарлашып, талкуулашып, илимий мүнөздө талашып-тартышып келишет.

“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму: Сүрөт баян

“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Алдыңкы катарда (солдон оңго): археолог Кубатбек Табалдыев ("Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти), тилчи Таалайбек Абдиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов ("Мурас" фондунун жетекчиси). 
1/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Алдыңкы катарда (солдон оңго): археолог Кубатбек Табалдыев ("Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти), тилчи Таалайбек Абдиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов ("Мурас" фондунун жетекчиси). 
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017.
2/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017.
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. 
3/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. 
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Пленардык жыйын: «XXI кылымдагы алтаистика».   Бишкек. 20.7.2017.
4/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Пленардык жыйын: «XXI кылымдагы алтаистика».   Бишкек. 20.7.2017.
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
&ldquo;Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер&rdquo; форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Президент <a href="http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/10147_prezident_almazbek_atambaev__biz_altay_tsivilizatsiyasyinyin_okuldoru__evraziyalyik_kontinentte_tyinchtyiktyi_jana_yintyimaktyi_chyindoogo_janyi_dem_bere_alabyiz/" target="_blank">А.Атамбаев</a>.&nbsp;
5/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Президент А.Атамбаев
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
&ldquo;Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер&rdquo; форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Кыргыз президенти А.Атамбаев чет элдик расмий коноктор менен.&nbsp;
6/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Кыргыз президенти А.Атамбаев чет элдик расмий коноктор менен. 
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
&ldquo;Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер&rdquo; форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017.&nbsp;Саха (Якутия) жумуриятынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков да шеринеге катышууда.&nbsp;
7/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Саха (Якутия) жумуриятынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков да шеринеге катышууда. 
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
&ldquo;Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер&rdquo; форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев (ортодо).&nbsp;
8/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев (ортодо). 
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
&ldquo;Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер&rdquo; форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Хакас этнографы, профессор Виктор (Астайбек) Бутанаев.&nbsp;
9/9 “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму (2017-жылдын 20-22-июлу). Бишкек. 20.7.2017. Хакас этнографы, профессор Виктор (Астайбек) Бутанаев. 
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси (форуму) өз ишин баштоодо. Чакан сүрөт баян.
Артка
Алдыга

Быйыл жайында (июлда) Кыргызстанда алтай таануу боюнча башка бир эл аралык илимий жыйын өткөрүлгөнү маалым. Аны "Мурас" фонду жана Бишкектеги Ак үй уюштурган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG