Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Жолдубаеванын тагдырын Жогорку Кеңеш чечет


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу тууралуу сунушун колдоду.

Эми сунуш парламенттин жалпы жыйынында каралат. Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири катары белгилүү жана анын кызмат мөөнөтү 2023-жылы аяктамак. Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорду кызматтан кетирүү жөнүндө сунуштаманы өзүнүн ыйгарым укугуна ылайык жолдогон. Бирок Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндөгү сунуштаманын себептерин президенттик аппарат ачыкка чыгарган жок.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиевдин айтымында, президенттин парламентке жиберген сунуштамасында Жолдубаева жетектеген мекеменин ишиндеги кемчиликтер негиздеме катары көрсөтүлгөн. Депутат башкы прокурорду кызматтан алуунун мыйзамдык жол-жобосун түшүндүрдү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мыйзам боюнча, президент башкы прокурорду бир гана учурда - анын ишине канааттанбаганда кызматтан бошотууну сунуш кылууга укуктуу. Башкы прокурор кызматтан өз ыктыяры менен кетсе болот. Дагы бир учурда парламент кетире алат. Ал үчүн башкы прокурордун ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан аныктаманы депутаттардын үчтөн бири сунуш кылып, үчтөн экиси колдоого алганда гана парламент башкы прокурорду кызматтан ала алат.

Масалиевдин айтымында, Жолдубаева анын маселеси парламентте өзүнүн катышуусуз каралышына макулдук берген. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, Жолдубаеваны кызматтан алуу тууралуу комитеттин чечими 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна чыгарылып, каралат.

6-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.

Фракциялардын жыйынына башкы прокурор катышкан эмес, анын орун басары Бөкөнбай Казаков депутаттарга Жолдубаева ооруп жатканын билдирген. Ошентип бир катар саясатчылар "Жолдубаеванын кетээри айкын" деген көз карашты карманышууда.

“Ата Мекен” башкы прокурорго ишенбестик көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылып келгендердин бири. Анын пикиринде, Жолдубаева мурдагы мамлекет башчы Атамбаевдин тушунда анын оппоненттерине каршы кылмыш иштерин козгоп, саясий буйруктарды аткарып келген.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Эртең же бүгүн кызматтан алынаарына ишенгем. Индира Жолдубаева үч жылдан ашыгыраак иштеди. Чоң коррупциялык иштерди алып чыккан жок. Саясий иштер менен гана алектенди. Эң өкүнүчтүүсү - өзү эле саясий иштер менен алектенбей, кол алдындагы прокурорлорду да жаман жолго түрттү.

КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков башкы прокурордун иши качан болбосун сын пикирлер менен коштолот деп эсептейт. Ал Индира Жолдубаеванын үч жылдан ашуун созулган ишмердигине оң баа берди. Анын пикиринде, башкы прокурор саясатчыларга байланыштуу бир топ чуулгандуу иштерди аягына чыгарды:

Бизде саясатчыны соттосо эле "саясий буйрук" деп чыгабыз.

- Кеткен кишинин артынан сүйлөгөн жаман адат таап алдык. Мен андай көз карашты колдобойм. Эртең дагы чуулгандуу иш болот. Бизде саясатчыны соттоп койсо эле "саясий буйрук" деп чыгабыз. "Эч нерсе кылган жок" деп айта албайм. Бир топ иштерди аткарды.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратуранын, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана Ички иштер министрлигинин ишин сынга алган. Ушундан кийин саясий айдыңда "президент эми саясий эркин көрсөтүп, тиешелүү жетекчилерди кызматтан алышы керек" деген пикирлер айтыла баштаган.

Индира Жолдубаева 2015-жылы январь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен парламентте көпчүлүк добуш алып, кызматка келген. Башкы прокурорлукка белгисиз, анча таанымал эмес адамдын дайындалышы бир топ сын пикирлер менен коштолгон. Ошондой эле анын тушунда бир топ оппозиция өкүлдөрүнө, депутаттарга, саясатчыларга кылмыш иштери козголуп, көпчүлүгү эркинен ажыратылды.

Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Иш жолун ошол жылы "Сорос-Кыргызстан" фондунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. “Манас” эл аралык аба майданында, "Компаньон” микрокредиттик компаниясында юрист, “ДЭКА” жабык акционердик коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматка 2009-жылы кирип, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы бийлик алмашканда ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп келген.

Индира Жолдубаева - Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин балдызы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG