Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:38

"Дан” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алга Кылычов жарандык активист Мавлян Аскарбековду “ар-намысыма шек келтирди” деп сотко берип, андан 70 миллион сом айыппул өндүрүп берүүнү өтүнүүдө. Аскарбеков Кылычовдун артында "түрткүлөгөн" күчтөр бар деп эсептейт.

Жарандык активисттер бул көрүнүштү сөз эркиндигин басынтуу аракети катары баалап, мындай адат мурдагы жетекчилерден катардагы жарандарга жугуп жатат деп баалашууда.

Эскиргенде эстетиштиби?

“Дан” мамлекеттик ишканасынын башкы директору, “Бириккен элдик кошуундардын” төрагасы Алга Кылычовдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, сотко ал «Kyrgyztoday.kg» сайтына 2016-жылы чыккан макалага байланыштуу кайрылган:

​​- “Ксива”, “маргинал”, “торпеда” дегендей мыйзамга каршы сөздөр менен беделиме шек келтирип, шылдыңдоо иретинде ушундай нерселерди аткарып жатат. Унчукпай эле коёюн дегем, бирок улам ар кайсы жерлерге жазып, оозго алгыс сөздөр менен комментарийлеп жатканынан мыйзам чегинде ушундай кадамга бардым. Демократия жана сөз эркиндиги деген биринчи кезекте жоопкерчилик жана мыйзамдуулук болушу керек.

Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычов
Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычов

Кылычов Аскарбековдун жазгандары жеке өзүнүн гана эмес, ал жетектеген “Бириккен элдик кошуундардын” да аброюна шек келтирди деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков болсо Кылычов анын эки жыл мурда "Фейсбуктагы" баракчасына жазган сөзүнө эми көңүл буруп, өзүн сотко берип жатканы саясий буйрук деген пикирде.

Аскарбековдун айтуусунда, ал Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баштаган мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилерин сындап, бир катар басылмаларга маек курган. "Ушундан кийин Кылычовдун жанданганы анын артында түрткүлөгөн күчтөр бар экенин көрсөтүп турат", - деди жарандык активист:

Маектерим жарык көргөндөн кийин, Кылычов мени сотко берип жатат.

- Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин, бул демилгени колдоп, айрым басылмаларга интервью берген элем. Анда башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, ички иштер министри Улан Исраилов кызматтан кетиши керек экенин айткам. Ошол маектерим жарык көргөндөн кийин, Кылычов мени сотко берип жатат. Эгер 2016-жылы ар-намысына шек келтирсем, эки жыл эмнеге унчукпай келди?

Жарандык активист Рита Карасартова буга "жарандык активисттерди алсыратуу аракети" деп баа берди.

Бийлик "жарандык активисттердин күчүн алалы, соттон сотко барып жүдөсүн" деген ой менен ушуну жасап жатат.

- Бишкекке бийлик каалаган мэр керек болгондо башка бирөө өтүп кетпесин деп, Кылычовдун колу менен "Бизге Албек керек!" деп митинг өткөргөн. Ошол эле Кылычовдун оозу менен айрым басылмаларда, "Фейсбуктун" өзүндө бийликке керек идеялар, демилгелер айтылып жүрөт. Бүгүнкү күндө бийлик "жарандык активисттердин күчүн алалы, соттон сотко барып жүдөсүн" деген ой менен ушуну жасап жатат. Жарандык активисттер фактыны алардын алдына коюп, "бул качан жасалат", "тиги качан оңдолот" деген суроолорду бере баштаганда, айла таппай, "беделиме шек келтирди" деп чыга башташат.

Аскарбековго каршы үчүнчү доо

Алга Кылычовдун арызы менен активист Мавлян Аскарбеков экинчи жолу соцтармакта жазган пикири үчүн сот жоопкерчилигине тартылганы турат.

Буга чейин аны "Фейсбукта" жазганы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов сотко берип, 20 миң сом моралдык компенсация өндүрүп берүүнү, "Фейсбуктагы" билдирүүсүн өчүрүп, төгүндөөнү талап кылган.

Райондук соттун чечимине ылайык, Аскарбеков акча төлөп берген эмес, бирок "Фейсбуктагы" баракчасына төгүндөмө жарыялап, соттун 700 сом чыгашасын төлөгөн. Депутат сот чечимине нааразы болуп, кассациялык арыз менен жогорку сот баскычтарына кайрылган. Бишкек шаардык соту арызды кабыл алган эмес. Жогорку сот "Аскарбековдун "Фейсбуктагы" төгүндөмөсүн бардык пайдалануучулар көрүп, окуу укугуна ээ болсун" деп чечкен.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Мындан тышкары Мавлян Аскарбековго каршы былтыр УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп шек саналган.

Учурда иш Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Активист өзүнө коюлган айыпты четке кагып, оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук жүрүп жатат деп эсептейт. Аскарбеков сотко ишенбестик көрсөткөнүнөн майнап чыккан эмес. Ушундан улам ал Конституциялык палатага кайрылган:

- Азыркы учурда сот жараяндарын жалгыз судья карап, өзүнө ишенбестик көрсөтүлгөн учурда да аны кабыл албай, четке кагып коюп, ишти карай берет. Биз Конституциялык палатага кайрылсак, алар биздин арызды кароодон баш тартты. Жүйөсү - бул норма мурда каралып, чечим кабыл алыныптыр. Биз азыр дагы башка норма - "сот процессиндеги тараптардын тең укуктуулугу бузулуп жатат" деген жүйө менен Конституциялык палатага кайрылып жатабыз.

Соцтармакты тыюу - чындыктын оозун жабуу аракети

Социалдык тармактарды, Интернеттеги сайттарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзамды жыл башында Юстиция министрлиги сунуш кылып, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары колдоп беришкен.

Ал эми айрым депутаттар соцтармакта колдонуучунун маалыматы “жалган” деп табылганда авторду төгүндөмө берүүгө милдеттендирген норманы Жарандык кодекске киргизүүнү сунуш кылышкан.

Бул демилгелер өз кезинде коомчулук тарабынан сынга алынып, сөз эркиндигин чектөө аракети катары кабыл алынган.

Жарандык активист Рита Карасартова бийликтин бул аракети андан ары уланышына жол бербеш керек деген ойдо.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Көпчүлүк адамдар азыр "соцтармактагы пикирлер көзөмөлгө алынсын, каралсын" деп түшүнбөй айтып жатышат. Алар ошол эле учурда бул аракет "чындыкты айтам, акыйкаттыкты сүйлөйм" дегендерге каршы иш экенин билбей жатышат. Мунун баары - эртең биздин оозубузду жабууга жасалып жаткан кадам.

Сөз эркиндиги боюнча адистердин эскертүүсүнө ылайык, социалдык тармактардагы пикирлер боюнча атайын мыйзам бар. "Медиа полиси" институтунун юристи Алтынай Исаева алар кайсы жоболор экенин айтып берди:

Социалдык тармактарда жазылган, айтылган пикирлер үчүн жоопкерчилик бар, болуп келген.

- Биринчиден, бизде жарандардын ар-намысын, беделин Баш мыйзам коргойт. Экинчиден, Жарандык кодекстин 18-беренеси боюнча ар бир жаран тууралуу анын ар-намысына, беделине шек келтирген жалган маалыматтар жокко чыгарылышы керек. Ошондуктан социалдык тармактарда жазылган, айтылган пикирлер үчүн жоопкерчилик бар, болуп келген. Азыркы мыйзамдар социалдык тармактардагы түрдүү жорумдар үчүн жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок Алтынай Исаева мамлекеттик кызматтарда иштегендердин карапайым жарандарга караганда бул беренелер боюнча укугу азыраак экенин эскертет. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик кызматкерлер алардын ар бир кадамы, ар бир кыймыл-аракети, сөзү коомчулуктун көзүндө болорун, өз дарегине сын-пикирлер айтыларын билип, аны кабыл алууга даяр болушу керек.

Атамбаев салган чыйыр...

Активисттер соцтармактардагы пикирлер, басылмалардагы жазылган сындар үчүн журналисттерди, маалымат каражаттарын, активисттерди сотко берип, миллиондогон сомдук айыппул төлөтүү адаты акыркы эки жылдан бери күч алганын белгилешет.

Алардын пикиринде, экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган чыйыр өкмөттөгү белдүү кызматкерлерден тартып, катардагы аткаминерлерге өтө баштады.

Өткөн жылы президенттик шайлоо алдында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы 24.кg сайты менен саясатчы Кабай Карабековду сотко берип, ар биринен 5 млн. сомдон өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Свердлов райондук жана Бишкек шаар соту штабдын доосун канааттандырган.

Карабеков буга макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылганда Жогорку сот мурдагы чечимди өзгөрткөн эмес. Ал эми 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү тууралуу доосунан президент 5-февралда баш тарткан.

Элнура Алканова жана Сапар Исаков.
Элнура Алканова жана Сапар Исаков.

Жазылган макала үчүн журналистти жоопко тартып же жазганын төгүндөөнү талап кылган аткаминерлердин арасында азыркы премьер-министр Сапар Исаков да бар.

Журналист Элнура Алканова “Fergana.ru” маалымат порталына "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги сатылган коттеждерди сатууда "мыйзамсыз иштер бар, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашкан" деген көз карашын билдирген.

Бул үчүн өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналисттен өкмөт башчыдан кечирим суроону талап кылган. Журналист кечирим сураган эмес. Көп өтпөй Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоп, Элнура Алканованы адегенде күбө катары сурап, кийинчерээк ага айып такканы маалым болду.

Ушул өңдүү фактылар медиа каражаттарын сотко берүү аркылуу өз ар-намысын коргоого умтулган расмий жетекчилер көбөйүп баратканын көрсөтүп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG