Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Журналист "күбөдөн" "айыпталуучуга" айланды


Элнура Алканова. Сүрөт журналисттин "Facebook" социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды.
Элнура Алканова. Сүрөт журналисттин "Facebook" социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды.

13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага "коммерциялык сыр камтылган маалыматты мыйзамсыз алып жарыялаган" деп кылмыш ишин козгоп, айыбын угузду. Журналист тагылган айыпты четке кагып, муну саясий буйрутма катары баалады.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгон жана 2010-жылдан кийин улутташтырылган. Коомчулукта коттеждер арзан сатылганы айтылып, бул маселе жада калса Жогорку Кеңеште да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Бул фактылар боюнча журналист Элнура Алканова “Фергана.ру” маалымат порталы үчүн иликтөө жүргүзүп, анда "мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашкан" деген көз карашты билдирген.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналисттин маалыматын “чындыкка төп келбейт” деп, андан кечирим суроону талап кылган.

Журналист Элнура Алканова менен премьер-министр Сапар Исаков.
Журналист Элнура Алканова менен премьер-министр Сапар Исаков.

Журналист андай талапты аткара албасын айткан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоп, Элнура Алканованы адегенде күбө катары сурап келген. Ал эми 13-февралда тергөөчүлөр ага айып такканы маалым болду.

Айып Кылмыш-жаза кодексинин 193 жана 194-беренелери боюнча “Коммерциялык сыр камтылган маалыматты мыйзамсыз алган жана мыйзамсыз жарыялаган” деген негизде тагылды. Алканова өзүнө тагылган айыптарды четке какты:

- Мага тергөөчү чалып, эгер Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын мага таккан айыбын негиздүү деп тапса, анда айыптоочу тараптын кызыкчылыгын Башкы прокуратура өзү коргой турганын айтты. Коюлган күнөөнү мен, албетте, мойнума албайм, себеби бул иш саясатташып кеткени, анын артында кандайдыр заказ турганы айдан-ачык.

Журналисттин адвокаты Жыргал Бабаевдин созүнө караганда, эгер сот журналистти аталган беренелер боюнча күнөөлүү деп тапса, ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Адвокат "жарыяланган маалыматта эч кандай сыр жок жана ал маалымат Интернет булактарында эркин жайгаштырылган" деген пикирин билдирди.

- Эгер күнөөлүү деп табылса бул 194-берененин үч жылдык жазасы бар. Бирок “банктын сырын ачты” деп сыпаттоо туура эмес. Себеби ал маалымат Интернет булактарында бар. Ошолордун негизинде мен "ишти кыскарткыла" деп өтүнүч киргизгем. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат​ мага азырынча бул тууралуу жооп бере элек.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бул иш туурасында комментарий берген жок. Ал эми БТА банкы бул маселе сотто каралмайынча эч кандай комментарий бере албай тургандыгын маалымдады.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева буга чейин журналистке жана басылмага коюлган талап тууралуу мындайча пикирин билдирген:

- Журналисттик иликтөөдө келтирилген жүйөлөр Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, чындыкка дал келбегендиги аныкталды. Ушундан улам "Фергана.ру" басылмасына жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, маалыматты төгүнгө чыгарууну жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылдык.

Кыргызстандык журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.

“Медиа Полиси” институтунун адиси Алтынай Исаева "журналист “банктын сырынын” алып жүрүүчүсү болбогондуктан, аны ачууга мүмкүнчүлүгү жок" деп, бул иште ал болгону субъект катары өтүшү керек болчу деп эсептейт.

- Бул кылмыш иши негизсиз козголон деп эсептейбиз жана бул иш токтотулушу керек. Себеби иш козголгон беренелер боюнча журналист жөн гана субъект катары өтүүдө. Элнура Алканова “банктын сырын” жарыя кылгыдай ал маалыматтын алып жүрүүчүсү эмес. Демек ага карата кылмыштын курамы жок.

Ал арада баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык бейөкмөт уюму кыргыз бийлигин журналист Алкановага козголгон кылмыш ишин токтотууга үндөдү.

Уюмдун Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова айыптын “саясий жүйөсү бар жана ал журналисттик иликтөөдөн улам” коюлду деген пикирин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз бийлигин "кылмыш ишин токтотуп, журналистке өз ишин коркпой аткарууга шарт түзүп берүүгө” чакырды.

Бул иш боюнча акыйкатчы Кубат Оторбаев да өткөн жылдын декабрь айында өз пикирин билдирген. Анда мыйзам боюнча журналист өзүнүн маалымат булагын ачыкка чыгарбаганга укуктуу экенин айтып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG