Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Өкмөт "Фергана.ру" агенттигине жана журналистке талап койду


Элнура Алканова жана Сапар Исаков.
Элнура Алканова жана Сапар Исаков.

Кыргыз өкмөтү "Фергана.ру" агенттигине жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, "Идеал Хаус" шаарчасына байланыштуу иликтөөнү төгүндөөнү жана коомчулук алдында кечирим суроону талап кылууда.

Быйыл күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокуратура 18-декабрда маалымат таратып, Сапар Исаковго байланыштуу маалыматтар далилденбегенин билдирген. Бирок аукциондун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева журналистке жана басылмага коюлган талап боюнча буларды билдирди:

- Журналисттик иликтөөдө келтирилген жүйөлөр Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, чындыкка дал келбегендиги аныкталды. Мындан улам "Фергана.ру" басылмасына жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, маалыматты төгүнгө чыгарууну жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылдык.

Бул боюнча аталган басылма жана журналист комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG