Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:06

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсү бул жолу кыргыз саясатындагы тууганчыл байланыштарды, анын кызыкчылыктар кагылышындагы ордун иликтөөгө алды.

Аткаминерлер гана эмес, кыргыз аттуунун баары эле бири-бирине жакын. Сураштыра келсе эле тууган чыгат. Эл ичинде айтылгандай "жакшылыкта сүйүнүп, жамандыкта күйүнгөн" да ошолор. Мунун эмнеси жаман дешиңиз толук мүмкүн. Бирок биз кызыкчылыктар кагылышын пайда кылган, саясий тууганчылык тууралуу кеп кылабыз.

Эки ыңкылап тең тууганчыл саясаттын айынан болду десек жаңылышпайбыз. Туңгуч президент Аскар Акаев кызы Берметти, уулу Айдарды депутат кылам деп акыры Москвага качып кутулган.

Кийинки президент Курманбек Бакиев тууганчылдыгы боюнча алдына киши чыгарган жок. Төрт бир тууганын, эки уулун бирдей мамлекеттик кызматтарга коюп, бийликтеги Бакиевдердин санын жетиге жеткирген. Акыры мекенинен куулду.

Тууганчыл аткаминерлердин кийинки сабына президенттик аппараттын жетекчи орун басары Аалы Карашевди койсок болот. Башкы прокурор Индира Жолдубаева анын бир тууган балдызы, ал эми Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова кайын эжеси болот. Аалы Карашевдин бир тууганы Венера Карашева Жогорку Кеңеште бөлүм башчынын орун басары, бир тууган иниси Азат Азимов Коррупцияга каршы кызматтын Оштогу башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштейт. Атасы Азим Карашев мамлекеттик ишмер. Анткен менен Акаевдин убагынан бери бардык президенттердин эбин таап, "аттан түшпөй" келаткан Карашев "өз киндигин өзү кескенин" айтып келет.

Бир тууган Матраимовдорго келсек сегиз бир туугандын төртөө мамлекеттик кызматтарда иштешет. Матраимовдор өлкөдө бир гана бийлиги менен эмес, байлыгы менен да таанымал. Буга чейинки каармандарыбыз атасынын атагы менен элге таанылса, Матраимовдор акчасы менен таанылганын эл айтат. Анткен менен артынан уу-дуу сөз ээрчиткен бир туугандардын улуусу, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов майлуу орундарга ак эмгектери менен жеткенин айтат. Айтмакчы ал он жылдай кадр кызматынын түштүктөгү башкармалыгын жетектеген.

“Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө” мыйзам долбоорунда аткаминерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары кайын журт дагы тууган катары эсептелет. Бирок кыргыздарда расмий түрдө туугандардын катарына кирбесе да бейформал түрдө туугандан артык болгон “өкүл ата” деген институт кеңири жайылды. Бири-бирин өкүл ата шайлап алгандар мамлекеттик кызматкерлер арасында көп. Маселен алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов экс-премьер-министр Темир Сариевди, Кадр кызматынын башчысы Нурканбек Момуналиев президент Алмазбек Атамбаевди өкүл ата койгон. Бирок өкүл аталар менен өкүл балдардын мамилесин мыйзам менен чектөө мүмкүн эмес дейт адистер.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG