Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Депутат Момбеков: "Өткүрбек Жамшитовду эрте мактабаш керек"


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, прокуратурадагы жемкорлук менен күрөшүүнү сунуштады. Ал бир канча фактыларды мисал тартып, прокуратураны коррупциянын очогуна салыштырды.

Бүгүн парламенттин көпчүлүк коалициясы Өткүрбек Жамшитовдун баш прокурор кызматына талапкерлигин карап, жактырды. Талкуу учурунда Момбеков кызматташтарына кайрылып, Жамшитовду эртелей мактай бербөөгө чакырды:

- Тилекке каршы прокуратура коррупциянын очогунда отурат. Азыртадан эле бата берип, ийгилик каалап атасыңар. Эртең эки-үч депутатка кылмыш ишин козгойм, уруксат бергиле деп келет, отурасыңар, ийгилигиңер чийкилик болуп. Ошондуктан жаңы келгене жакшылап жарга такасаңар, кийин жеңилирээк болот.

Жамшитовду башкы прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да талапкерди жактырды. 25-апрелде бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда төрөлгөн. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Парламент мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматтан кетирген. (SE)

XS
SM
MD
LG