Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

АКШнын Иран боюнча чечими талашка түштү


АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгаарын Дональд Трамп 8-майда Вашингтондо жарыялады.
АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгаарын Дональд Трамп 8-майда Вашингтондо жарыялады.

АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыкканына карабастан, Иран, Орусия жана Европа мамлекеттери аны сактап кала турганын билдирүүдө. Дональд Трамп АКШ өзөктүк келишимден чыгаарын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда Вашингтондо жарыялаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуудан бир тараптуу баш тартканына “терең өкүнүчүн” билдирди. Москванын билдирүүсүндө 8-майда жарыяланган чечим – Вашингтондун “сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенинин жаңы далили” деп айтылат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да Кошмо Штаттардын келишимден чыкканына камтама болгонун айтты. Бул тууралуу БУУнун өкүлү Степан Дужаррик жарыялаган билдирүүдө айтылат:

- Баш катчы Кошмо Штаттардын келишимден чыгып, санкцияларды калыбына келтирүү тууралуу чечимине камтамалыгын билдирет. Баш катчы бул макулдашуу өзөктүк куралды жайылтпоо ишиндеги жана дипломатиядагы чоң жетишкендик экенин, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздукка оң таасир эткенин бир канча ирет билдирген.

БУУнун баш катчысы Тегеранды келишимди сактоого да үндөдү. Европадан келишимге катышкан Франциянын, Германиянын жана Британиянын лидерлери биргелешкен билдирүү жасашты. Президент Эммануел Макрон, канцлер Ангела Меркел, премьер-министр Тереза Мэй АКШнын чечимине карабай Иран келишимин сактай турганын белгилешти.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да Иранды келишимди сактоого чакырып, "эл аралык коомчулуктун башка өкүлдөрү менен аны сактап калууга аракет кылабыз" деди:

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

- Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасы тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын бүгүнкү билдирүүсүнө байланыштуу өкүнүчүн билдирет. Эгер АКШ өз позициясын кайра карап көрө турган болсо, биз кубанычта болмокпуз. Кошмо Штаттар биздин жакын досубуз, өнөктөшүбүз жана досубуз бойдон кала берет. Албетте, биз көптөгөн башка маселелер боюнча тыгыз кызматташтыкты уланта беребиз.

Ирандын парламентинде айрым депутаттар Вашингтондун чечимине каршылык иретинде АКШнын желеги түшүрүлгөн кагаздарды өрттөдү. Парламенттин төрагасы Али Лариджани болсо келишим Еврошаркеттен жана дүйнөлүк башка державалардан көз каранды экенин айтты.

Ирандын аймактагы атаандашы Сауд Арабиясы АКШнын келишимден чыгышын жана Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтире тургандыгын кубаттады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху болсо Трамптын кадамын “чечкиндүү" деп кубаттап, “Тегерандагы террористтик режим менен катастрофалык өзөктүк келишимден баш тартуу” деп сыпаттады.

Президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыга турганын, ага кошумча Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда Вашингтондо жарыялаган. Ал АКШ 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгып жатканынын себебин документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүрдү:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Бизде бүгүн Ирандын убадасы жалган болгонунун эң акыркы далили бар. Өткөн аптада Израил Иран узактан бери жашырып келген чалгын документтерин жарыялады. Ал Ирандын режиминин табиятын жана ал өзөктүк куралды көздөгөнүнүн тарыхын биротоло айгинеледи. Келишим түзүлгөндөн бери Ирандын аскердик бюджети дээрлик 40% көбөйдү, өлкөнүн экономикасы болсо ошол эле учурда абдан начар бойдон калууда. Санкциялар жоюлгандан кийин диктатура (Ирандагы) өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жарактуу ракеталарды жасоо, терроризмди колдоо, бүткүл Жакынкы Чыгышта жана андан тышкары жактарда башаламандык жаратуу үчүн өзүнүн жаңы каражаттарын колдонууда. Эгер мен келишимди азыркы абалында калтырсам, Жакынкы Чыгышта жакында өзөктүк курал менен жарыша куралдануу башталат.

Президент Дональд Трамп Тегеранга каршы 2015-жылы түзүлгөн келишимге чейин киргизилген экономикалык санкцияларын кайра жаңыртууну караган документке да кол койду. Ал эгер кайсыл бир өлкө Ирандын өзөктүк программасына жардам берсе, Вашингтондун санкцияларына кабылышы мүмкүн экенин эскертти. АКШ Иранга каршы киргизилүүчү экономикалык санкцияларды "эң жогорку деңгээлде" деп мүнөздөдү.

Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин эле Ирандын президенти Хасан Роухани да телекайрылуу менен чыгып, АКШнын чечимин “тарыхый жаңылыштык” деп атады:

- Бүгүн кечинде биз акыркы 40 жылдан бери такай айтып келген өтө маанилүү тарыхый тажрыйбага күбө болдук. Атап айтканда, Иран - өз милдеттенмелерин такай сактаган өлкө, Америка болсо - өз милдеттенмелерин эч качан аткарбаган мамлекет. Мен тышкы иштер министрине алдыдагы апталарда Европа өлкөлөрү, Кытай жана Орусия менен сүйлөшүүнү тапшырдым. Эгер биз тез арада "бардык мамлекеттер менен кызматташтыктын шартында Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планынын (өзөктүк келишимдин расмий аталышы) пайдасын толугу менен көрөбүз" деген бүтүмгө келсек, келишим күчүндө калат. Эгер биздин кызыкчылыктар корголбой турган болсо, Иран Ислам Республикасы өз чечимин жарыялайт.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Президент Роухани эгер сүйлөшүүлөр ийгилик таппаса, Иран “уранды мурдагыдан да көп байытарын" кошумчалады. Байытылган уран - өзөктүк бомба жасоодо колдонулуучу негизги зат.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Трамп өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер кезинен бери эле кескин сындап келаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG