Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:01

Президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыга турганын, ага кошумча Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялады. Трамп өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер кезинен бери эле кескин сындап келаткан. Келишимге катышкан Европа өлкөлөрү АКШны андан чыкпоого үндөп, Иран эгерде Вашингтон мындай кадамга барса өкүнүп калаарын эскерткен.

АКШ президенти акыркы апталарда эл аралык коомчулукта, өзгөчө ага тиешеси бар жана кызыкдар тараптар ортосунда тынымсыз талкууланып жаткан Иран маселеси боюнча чечимин 8-майда Вашингтондо жарыялады.

Ал АКШ 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып жатышынын себебин документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүрдү.

- Бизде бүгүн Ирандын убадасы жалган болгонунун эң акыркы далили бар. Өткөн аптада Израиль Иран узактан бери жашырып келген чалгын документтерин жарыялады. Ал Ирандын режиминин табиятын жана алар өзөктүк куралды көздөгөнүнүн тарыхын биротоло айгинеледи. Келишим түзүлгөндөн бери Ирандын аскерий бюджети дээрлик 40%га көбөйдү, өлкөнүн экономикасы болсо ошол эле учурда абдан начар бойдон калууда. Санкциялар жоюлгандан кийин диктатура (Ирандагы) өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталарды жасоо, терроризмди колдоо, бүткүл Жакынкы Чыгышта жана андан тышкары жактарда башаламандык жаратуу үчүн өзүнүн жаңы каражаттарын колдонууда. Эгер мен келишимди азыркы абалында калтырсам, жакында Жакынкы Чыгышта өзөктүк курал жарышы от алат.

Президент Дональд Трамп бул жарыясынын артынан дароо эле АКШнын Тегеранга каршы 2015-жылкы келишимге чейин киргизилген экономикалык санкцияларын кайра калыбына келтире баштоону караган документке да кол койду:

Дональд Трамп Иран боюнча жардыкка кол коюуда. 8-май, 2018-жыл.
Дональд Трамп Иран боюнча жардыкка кол коюуда. 8-май, 2018-жыл.

- Иран боюнча келишимден чыгып жатып биз союздаштарыбыз менен Ирандын өзөктүк коркунучу боюнча реалдуу, кеңири жана узак мөөнөттүү чечим табуу үстүндө иштейбиз. Ал Ирандын баллистикалык ракета программасынын коркунучтарын жоюу, бүткүл дүйнөдөгү террористтик ишмердигин токтотуу, Жакынкы Чыгышка коркунуч жараткан ишмердигине тоскоолдук жасоо боюнча аракеттерди камтыйт. Ал арада (Иранга каршы) катаал санкциялар толугу менен күчүнө кирет. Эгер Тегерандагы режим өзүнүн өзөктүк мүдөөсүн уланта берсе, буга чейин эч болбогон ири көйгөйлөргө кабылат.

АКШ президенти эгер кайсыл бир өлкө Ирандын өзөктүк программасына жардам берсе, Вашингтондун санкцияларына алар да кабылышы мүмкүндүгүн эскертти. АКШ Иранга каршы киргизүүчү экономикалык санкцияларды "эң жогорку деңгээлде" деп мүнөздөдү.

Каржы министрлиги Трамптын жарыясынан кийин түшүндүргөндөй, Иранга каршы санкциялар 90-180 күн аралыгында кайра калыбына келип, “толугу менен күчүнө кирет".

Ирандын жообу

Дональд Трамптын билдирүүсү артынан Ирандын президенти Хасан Роухани да телекайрылуу менен чыгып, АКШнын чечимин “тарыхый катачылык” деп атады:

Президент Хассан Роухани телекайрылуу жасоодо. 8-май, 2018-жыл.
Президент Хассан Роухани телекайрылуу жасоодо. 8-май, 2018-жыл.

-Бүгүн кечинде биз акыркы 40 жылдан бери такай айтып келген өтө маанилүү тарыхый тажрыйбага күбө болдук. Атап айтканда, Иран өз милдеттемелерин такай сактаган өлкө, Америка болсо өз милдеттемелерин эч качан аткарбаган мамлекет. Мен тышкы иштер министрине алдыдагы апталарда Европа өлкөлөрү, Кытай жана Орусия менен сүйлөшүүнү тапшырдым. Эгер биз кыска убакыт ичинде бардык мамлекеттер менен кызматташтыктын шартында Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планынын (өзөктүк келишимдин расмий аталышы) пайдасын толугу менен көрөбүз деген бүтүмгө келсек, келишим күчүндө калат. Эгер биздин кызыкчылыктар корголбой турган болсо, Иран Ислам республикасы өз чечимин жарыялайт.

Президент Роухани эгер сүйлөшүүлөр ийгилик таппаса, Иран“уранды мурдагыдан да көп байытарын" кошумчалады. Байытылган уран -өзөктүк бомба жасоодо колдонулуучу негизги зат. 2015-жылкы келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык же 2025-жылга чейин гана чек коюлган. Тегеран такай өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастап келет.

Эл аралык реакция

Европадан келишимге катышкан Франция, Германия, Британиянын лидерлери биргелешкен билдирүү жасашты. Президент Эммануел Макрон, канцлер Ангела Меркел, премье-министр Тереза Мэй АКШнын чечимине карабай Иран келишимин сактай турганын белгилешти.

Кошмо Штаттарды келишимге кол койгон башка тараптарга карата документте айтылгандарды аткарууга тоскоолдук кылган чаралардан карманууга чакырышты. Президент Эммануэл Макрон Твиттердеги баракчасында Франция, Германия, Британия Трамптын чечимине өкүнөрүн да жазды.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги болсо Трамптын чечимин сынга алып, аны “Иран менен саясий эсеп-кысапты калкалоо” аракети катары мүнөздөдү.

Ирандын аймактагы атаандашы Сауд Арабия АКШнын келишимден чыгышын жана Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтире турганын кубаттады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху болсо Трамптын чечимин “чечкиндүү" деп кубаттап, “Тегерандагы террористтик режим менен катастрофалык өзөктүк келишимден баш тартуу” деп сыпаттады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдеги басма сөз жыйында. 30-апрель, 2018-жыл.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдеги басма сөз жыйында. 30-апрель, 2018-жыл.

Ал өткөн аптада "Иран 2015-жылдагы келишим түзүлгөнгө чейин өзөктүк куралга ээ болууну көздөгөн" деген далилин Тель-Авивде видео слайддар менен коштолгон атайын басма сөз жыйынында көргөзгөн. Анда Израилдин чалгын кызматы 55 миң барактан, 55 миң файлдан жана 183 CD-дисктен турган материалдардын так көчүрмөсүн Ирандын жашыруун жайынан ала алганын билдирген.

Кошмо Штаттардын өзүнөн мурдагы президент, администрациясы өзөктүк келишимди түзгөн Барак Обама Дональд Трамптын чечимин "олуттуу жаңылыштык" деп баалады. Ошондой эле АКШны дүйнөнүн ири державаларына каршы коюп, анын "ишенимдүүлүгүнө" шек келтирүү тобокелчилиги бардыгына көңүл бурду.

АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш эле.

Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек болчу. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келмек.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ошондон кийин 2016-жылдан тартып Ирандын Европа жана Азия менен ишкерлик алакалары жанданып, ал азыр дүйнөдө күнүнө өндүрүлгөн 98 миллион баррел мунайдын 4 миллион баррелине жакынын камсыздоодо.

Батыштын экономикалык санкциялары жоюлса, эл турмушу бат эле оңолот деп ишенген Ирандын калкы үч жыл мурдарак түзүлгөн эл аралык келишимди кызуу кубаттап тосуп алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG