Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

ЖЭБ чыры: Жантөрө Сатыбалдиев кармалды


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды.

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июнь күнү экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган. Аларга ар башка фактылар боюнча кине коюлганы менен, үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин депутаттык комиссиянын жыйынында Бишкек ЖЭБин оӊдоо маселеси жыйырма жыл мурда эле көтөрүлүп, 2012-2017-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилгенин билдирген:

- Бул маселе кийин Коопсуздук кеӊешинде да каралган. Ошондон улам мекеме аралык комиссия түзүлүп, ЖЭБдин абалын иликтеп чыккан. Аны реконструкциялоо боюнча төрт компаниядан сунуш түшкөн. Бирок насыя каражатын бере турган Кытай тарап өздөрүнүн ТВЕА компаниясын нота түрүндө сунуш кылган. Андан кийин мен кызматтан кеттим, кандай иштер жасалганын билбейм.

Быйыл январдагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга кабылып, абоненттерге бир жума бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты-жөнү жарыяланган. Анда Сапар Исаковдун, Осмонбек Артыкбаевдин, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин жана башкалардын аттары аталган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG