Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:08

Канатбек Исаевдин бир кылмыш иши токтотулду


Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турган учурдагы кылмыш иши токтотулганын саясатчынын кызы Бермет Исаева “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, Бишкек шаардык сотуна Канатбек Исаевдин жактоочулары 303-беренесин ("Коррупция") 304 беренесине ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") которуп, мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартууну өтүнүшкөн. Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды. Мындай чечим ушул иш боюнча соттолуп жаткандардын үчөөнө карата чыгарылды. Канатбек Исаевден башка эки адам (Болот Имамадиев жана Мирлан Эсенбеков) сот залынан бошотулду. Иштин дагы төрт фигурантын ушундай эле негизде сот залынан бошоткон Биринчи май райондук сотунун буга чейинки чечими калды.

Бирок Исаев башка кылмыш иши каралып жаткандыктан камактан чыгарылган жок. Ошентип, бул иш боюнча соттолуп жаткан адамдардын ичинен камакта Канатбек Исаев гана калды.

Канатбек Исаев менен кошо ошол кездеги Токмок шаардык мэриясында иштеген бир нече кызматкер айыпталып жаткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

УКМК Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Канатбек Исаев Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри болуп 2008-2010-жылдары иштеген. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG