Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Польша: талаштуу реформага нааразылык


Cот реформасына каршы Варшавада жана башка шаарларда миңдеген киши митингге чыгууда. Жогорку соттун алдында тургун демонстранттар. 4-июль, 2018-жыл.
Cот реформасына каршы Варшавада жана башка шаарларда миңдеген киши митингге чыгууда. Жогорку соттун алдында тургун демонстранттар. 4-июль, 2018-жыл.

Польшада талаштуу сот реформасына каршылык күчөдү. Оппозиция өкүлдөрү жана активисттер сот реформасы Конституцияны бузуу менен жүрүп жатканын белгилешүүдө.

3-4-июлда Варшавада жана башка шаарларда миңдеген киши соттор тууралуу жаңы мыйзамдын күчүнө киришине каршы митингге чыгышты. Алар шейшемби күнү күчүнө кирген жаңы мыйзам сотторду бийликке толук көз каранды кылат деп эсептешет. Европа Биримдиги да Польшанын бийлигинин үстүнөн талаштуу сот реформасы боюнча териштирүү баштады.

Польшанын бийликтеги “Укук жана адилеттик” партиясы жарыялаган сот реформасына өлкөнүн ичинде да, тышында да каршылык жана күмөн саноо күчөдү. Өзгөчө 3-июлда күчүнө кирген Жогорку сот жөнүндөгү мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр чоң талашка жем таштады. Сөз болуп жаткан мыйзамдын талабына ылайык, жашы 65тен өткөн судьялар кызматын тапшырышы керек. "Deutsche Welle" радиосу кабарлагандай, бул судьялардын 40 пайызга жакыны иштен кетет деген сөз. Ошол эле учурда мыйзам талап кылган шартта медициналык күбөлүгүн көрсөтүп, президенттин макулдугун алгандар ишин уланта алат.

"Жаңы мыйзамга ылайык кызматтан кетет" дегендердин арасында бийликтин сот реформасын катуу сындап келе жаткан 65 жаштагы Польшанын Жогорку сотунун төрайымы Малгожата Герсдорфдун да аты аталып жаткан. Ал 3-июлда президент менен жолугуп чыккандан кийинки билдирүүсүндө төрайым катары ишин уланта берерин маалымдады:

- Менин кызматым тууралуу айтсам, президент менен жолуккандан кийин ал өзгөргөн жок. Мен эртең жумушка чыгам. Анткени Конституция мага алты жыл иштегенге кепилдик берет. Мен Конституциянын алкагында гана аракеттенишим керек, - деген Малгожата Герсдор​ башында жаңы мыйзам күчүнө кирип жаткандан кийинки жаралган жагдай боюнча президентке жолугуудан баш тартып келе жаткан болчу. Ал шаршемби күнү жумушка чыкты жана Жогорку соттун жанында турган митингчилерге жолугуп, "мен бул жерге саясат үчүн эмес, мыйзам үстөмдүгүн коргоо үчүн келдим" деди.

65 жаштагы Малгожата Герсдорф жаңы мыйзамга баш ийбей ишке чыгышын ал Конституцияга каршы келери менен түшүндүрдү жана кызматта 2020-жылга чейин калышы керек экенин белгиледи.

Жогорку соттун төрайымы 4-июлда жумушка чыкты. Ал сот реформасына каршы чыккан митингчилер менен турат. 4-июль, 2018-жыл.
Жогорку соттун төрайымы 4-июлда жумушка чыкты. Ал сот реформасына каршы чыккан митингчилер менен турат. 4-июль, 2018-жыл.

Польша парламенти июль айында кабыл алган мыйзамга ылайык, Сеймдеги башкаруучу “Укук жана адилеттик” партиясы мындан ары Улуттук сот кеңешинин 25 мүчөсүнүн 15ин дайындап калат. Улуттук сот кеңеши - судьяларды тандап, дайындоого жана сот адилеттигин камсыздоого жооптуу орган. Сот реформасынын алкагында кабыл алынган дагы бир өзгөртүү Юстиция министрлигине бардык соттордун төрагаларын каалаган учурда дайындап же кызматтан алууга укук берет. Бул болсо мыйзамдын күчүнө кириши менен соттордун азыркы төрагалары алмашат дегенди түшүндүрөт.

Президент Анджей Дуда сот реформасынын талаштуу жактары бар экенин белгилеп, Улуттук сот кеңеши бир гана партияга баш ийип калбашы керек экенин айткан.

Оппозиция "талаштуу сот реформасы бийлик бутактарынын тең салмагын бузат, Польшадагы демократиялык өнүгүүгө чекит коёт" деп каршы чыгууда. Алар башкаруучу партия мыйзамдарды жеке кызыкчылыктан улам өзгөртүүдө деп эсептешет. 3-июлда өкмөттүн сот реформасына каршы Варшавада жана башка шаарларда Польшанын жана Евробиримдиктин желектерин көтөргөн миңдеген киши күндүз да, кечинде да митингге чыкты. Активист Павел Каспирзак "бийликтин Конституцияны бузуусу чыккынчылык катары" баалады:

- Биз бул жерде көз каранды эмес, калыс соттор үчүн, бийлик бутактарынын Конституцияга ылайык бөлүштүрүлүшү үчүн туруп жатабыз жана ошону түшүнүшүбүз зарыл.

Сот реформасына каршы демонстранттар.
Сот реформасына каршы демонстранттар.

Европа комиссиясы Польшанын бийлигинин Жогорку соттогу реформасы боюнча териштирүү баштады. Европа Биримдиги Польшанын жаңы мыйзамы сот бийлигинин өз алдынчалыгына балта чабарын эскертүүдө. Брюссел бир ай ичинде жогорудагы талаштуу мыйзамды кабыл алганы үчүн Варшавага айыппул салууну сурап Европа сотуна кайрылышы да мүмкүн.

Европа комиссиясы өткөн айда Польшадан сот тармагындагы реформаны кайра кароону талап кылып, санкция сала турганын да эскерткен. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий өз өкмөтү жүргүзүп жаткан сот реформасын 4-июлда cүйлөгөн сөзүндө дагы бир жолу коргоду.

- Европа Биримдигиндеги ар бир өлкө өзүнүн салт-адаттарына ылайыктап, укуктук системасын реформалоого укугу бар, - деди ал.

Польшанын өкмөтү буга чейин да Европа комиссиясынын чечимин "саясий негиздеги иш" деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG