Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Исаевди экинчи иши кайра тергелет


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бийликти басып алуу аракети боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевге бийликти басып алуу аракетине байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө 5-июлда жөнөтүлдү. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков кабыл алды.

Буга чейин Исаевдин адвокаттары жабык каралып жаткан иште тергөө калыс өтпөгөнүн айтып, судьядан ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнгөн. Сот бул арызды канааттандырып, бирок депутатты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармоонун мөөнөтүн узартты.

Канатбек Исаевдин адвокаттарынын бири Сергей Слесарев ишти кайра тергөөгө жөнөтүү айыпталуучуну үй камагына которууга негиз болорун айтып, ушундай өтүнүч менен прокуратурага кайрылууга камынып жатканын "Азаттыкка" билдирди:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

- Биз Исаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп тергөө менен прокурорлорго кайрылабыз. Прокурорлор бул маселени карашы мүмкүн. Биздин мындай укугубуз бар. Эгер тергөө бул өтүнүчтү канааттандырбаса, биз анын үстүнөн доо арыз менен кайрылышыбыз мүмкүн.

Ошентип, адвокат Биринчи май райондук сотунун ишти кайра тергөөгө жөнөтүү боюнча акыркы чечими Канатбек Исаевди тергөө маалында эркиндикке чыгарууга себеп болушу мүмкүн экенин четке какпайт.

Себепчи болгон жаңы жагдайлар

Канатбек Исаевди УКМК былтыр президенттик шайлоо алдында кармаган. Буга депутаттын акча алды-бердиси чагылдырылган видеонун тарашы себеп болуп, "Исаев шайлоодо өзү сүрөгөн талапкер шайланбаса бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген доо коюлган.

Исаев ал учурда президенттик шайлоодо экинчи келген Өмүрбек Бабановду колдогон эле. Кийинчерээк ушул эле окуя боюнча Бабановго да айып тагылып, анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган. Дал ушундай шартта Исаевге козголгон кылмыш ишинин кайрадан тергөөгө жөнөтүлүшү кызыгуу жаратты. Себеби сот акыркы эки аптада "бийликти басып алууга аракет кылган" деген оор айып тагылган саясатчынын кызыкчылыгында эки чечим чыгарды.

Өткөн аптада Бишкек шаардык соту Исаевге карата "Коррупция" беренеси менен козголуп, райондук сот 10 жылга кескен ишти "мөөнөтү өттү" деген жүйө менен токтоткон эле. Анда Канатбек Исаев "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда жемкорлук кылган" деп айыпталып жаткан болчу. Эми бир жума өтпөй райондук сот саясатчыга карата козголгон экинчи иш боюнча анын адвокаттарынын өтүнүнүчүн канааттандырып отурат.

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев соттун мындай чечимин "тергөөдөгү жаңы жагдайлар белгилүү болушу мүмкүн" деп болжолдоду:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Ишти кайра тергөөгө жиберүүгө "тергөө сапаттуу болгон эмес" деген себеп болушу мүмкүн. Экинчи жагы бар - демек, бул иште кандайдыр жаңы жагдайлар пайда болушу мүмкүн. Мына ушул нерселерди себеп катары карасак болот. Бирок аны саясат менен байланыштыргандардын деле жүйөсү бар. Себеби бизди сот жараяндары көпчүлүк учурда саясат менен жанаша жүрүп, ошого жараша чечим кабыл алынып калган учурлар арбын.

Ошол эле учурда саясий эксперт Марс Сариев соттун акыркы чечими кайсы бир саясий сүйлөшүүнүн жыйынтыгы болушу мүмкүн экенин четке какпайт:

Учурдагы бийлик айрым оппоненттерин өз тарабына тартууга аракет кылышы мүмкүн. Ал эми Канатбек Исаев болсо "Кыргызстан" партиясынын лидери.

- 2020-жыл жакындап келатат. Мында парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдында учурдагы бийлик айрым оппоненттерин өз тарабына тартууга аракет кылышы мүмкүн. Ал эми Канатбек Исаев болсо "Кыргызстан" партиясынын лидери. Учурда саясий чөйрөдө "президенттин айланасындагылар “Кыргызстан” менен “Замандаш” партияларын бириктирип, шайлоого аттанат" деген сөз жүрүп жатат. Балким бүгүнкү чечимдер ушул пландын алкагында болушу мүмкүн. Себеби азыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы, КСДП партиясына каршы ушундай жол менен атаандаш күч түзүлүшү мүмкүн.

Марс Сариев бул чечим Исаев менен бирге айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен саясатчы Өмүрбек Бабановго да ишарат болушу ыктымал экенин кошумчалайт. Анын пикиринде, бул ишти кайра кароо азыркы бийликтин шайлоо учурундагы атаандаштарына карата позициясын жумшартканынын көрсөткүчү болушу мүмкүн.

Кайра кароо өтүнүчү

Былтыр күзүндө өткөн президенттик шайлоодо экинчи келген Өмүрбек Бабановдун ишин кароо боюнча өтүнүчтөр буга чейин эле айтып келген. Маселен, апрель айында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, Бабановго каршы козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгууну суранган эле:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Биздин лидер Өмүрбек Бабановго шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, фракциянын лидерлигинен баш тартты. Мандатын өткөрүп берди. Ушул маселени көзөмөлгө алып, карасаңыз. Саясий чечим менен козголгон кылмыш иштерин токтотушубуз керек. Биз ачык-айкындуулук, демократиялык жолдон тайбай, алдыга жылышыбыз керек.

Бирок Башкы прокуратура "бул боюнча кылмыш иши тергелип жатат" дегенден башка жооп бере элек.

Өмүрбек Бабановго "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуудан" тышкары, шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип кылмыш иши козголгон. Учурда Бабановдун Москвада ишкердик менен алектенип жүргөнү айтылууда.

Ал эми иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн, 43 жаштагы Канатбек Исаев - Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери. Ал 2010-жылы Өмүрбек Бабанов негиздеген "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Кийин эки саясатчынын мамилеси бузулуп, Исаев депутаттыгын таштап, Чүй облусунун губернаторунун кызматына кеткен.

2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында болсо "Кыргызстан" партиясын негиздеп, аны менен Жогорку Кеңешке келген.

2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөндө алгач аны колдоп, кийин каршы чыккан. Ошондон кийин бийлик менен мамилеси бузулган эле.

Кыргызстанда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен бир нече саясатчы соттолгон. Акыркы жолу мындай айып тагылган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров баштаган бир топ саясатчыларды Жогорку сот күнөөлүү деп, камакта калтырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG