Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

КСДП: "Илмиянов алды" деген акча боюнча Жээнбеков жооп берсин


Икрамжан Илмиянов кармалгандан кийин.
Икрамжан Илмиянов кармалгандан кийин.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) "Икрамжан Илмиянов алды" деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады. Атайын кызматтан келген, "24-октябрда жазылды" деген катта "тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды "демөөрчүлүк жардам" катары алганы аныкталды" деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.

КСДП бул катка 29-октябрда жооп берип, анда партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык маселелерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин жазган. Катта КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экендиги, партия акчаны албаганы айтылган. Финансылык документтердин баары талапкердин штабы менен БШКда болоору белгиленген. Ошондуктан КСДП "бардык суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну" сунуш кылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты, УКМК азырынча бул маалыматка байланыштуу үн ката элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG