Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Матраимов кызматына кайтканы калдыбы?


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Райымбек Матраимовдун буга чейинки ишин жогору баалап, ал соттон утуп келсе кызматына кайра коюларын билдирди.

Бул Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басарын өкмөт кайра кызматка койгону калды деген талкууларды дагы жандантты. “Райым миллион” каймана аты бар Матраимов өзүн иштен алган өкмөттү эки инстанцияда утуп чыккан эле.

Оңолбековдун мактоосу, өкмөттүн тактоосу

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында мекеме башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иштеп тургандагы аракеттерин жогору баалады.

Буга улай Оңолбеков Матраимовду кайра кызматка алып келүү боюнча сот чечим чыгарса, Мамлекеттик бажы кызматы аны аткарууга милдеттүү экенин билдирди:

Алмаз Оңолбеков.
Алмаз Оңолбеков.

- Райымбек Исмаилович Матраимов Ош бажысынын жетекчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал иштеген убакта Ош бажысында да, жалпы эле бажыда көрсөткүчтөр өскөн. Ошондуктан биз соттун гана чечимин карап турабыз. Ал 20 жылдан ашык бажы тармагында иштеп келе жатат. Азыр ал Бишкек шаардык сотунан утуп чыкты. Өкмөт апелляцияга арыз берсе, Жогорку сот маселени карайт. Сот кандай чечим чыгарса, биз соттун чечимин аткарууга милдеттүүбүз.

Бирок Бажы кызматынын төрагасы Матраимов жетектеген кездеги өсүштөрдү эсептеп берген жок, ал өзүнүн тушундагы гана көрсөткүчтөрдү айтуу менен чектелди. Анын айтымында, бажы мекемеси 2018-жылы 2017-жылкыга караганда төлөмдөрдү 22% көп жыйнады. Былтыркы жылы 41,7 миллиард сом бажы алымдары чогултулган.

Маалым болгондой, Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Юристтер ошол эле кезде бул чечим аткарылууга жатарын, Матраимов факт жүзүндө ишке бара ала турганын билдиришкен.

Бирок бир айдан бери өкмөт Жогорку сотко апелляциялык арыз берер-бербесин же Матраимов кызматка кайтарылар-кайтарылбасын айтпай келе жатат.

Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Разак Ашымбаев алар дагы деле маселени талдап жатышканын билдирди:

- Бул жарандык иштин чегинде биз азыр материалдарды, кошумча документтерди изилдеп жатабыз. Ошону бүткөндөн кийин биз бир жактуу чечим кабыл алабыз. Бизде азыр үч ай убакыт бар, ошонун ичинде чечим кабыл алышыбыз керек.

Келет-келбейт, барат-барбайт...

Деген менен коомчулукта “Райым миллион” деген каймана аты бар Райымбек Матраимовдун соттон утуп чыкканы жана кайра кызматка келер-келбеси боюнча талаш-тартыштар арбыды.

Активист Рита Борбукеева бийлик бул маселени атайын созуп жатканын айтып, муну көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр менен байланыштырды:

- Матраимов боюнча ишти сот чечсин деген сөз бул бийликтин жөнөкөй эле түртө салмайлыгы да. Ал негизи кызматына мурда эле келмек, эл кандай кабыл алат деген ойлордон, айрым сын-пикирлерден улам эле кармалып калды. Азыр деле чоюп жатышканынын себеби ошол. Мына, маселен, азыр Матраимов кызматка келет экен, эки инстанциядан утуптур деген сыяктуу пикирлер болуп, коомулук жоошуп калды. Бийлик мына ушуну каалап жатат, унуткарып, созуп туруп кайра кызматка алып келет. Ал шайлоодо жардам берди деп жатат, башка сөздөр бар, эми ошону акташ үчүн бийлик аны сөзсүз ишке коет. Бирок эгер бийликтин абийири болсо, аны кызматка алып келбеш керек болчу. Анткени мурдагы бажы кызматынын жетекчиси Матраимов кеткенден кийин бажы төлөмдөрү он эсе көп түшүп калганын айтып, анын учурунда канча каражат чогултулбай келгенин далилдеп чыкпады беле. Ошол нерселер деле эске алынбайт го эми.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупция боюнча айыптап келет. Өткөн күздө "Апрель" телеканалындагы маегинде Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп билдирген. Мурдагы мамлекет башчы ошондой эле Матраимовдорду "азыркы президенттин капчыгы" деп атаган эле.

Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана Алмазбек Атамбаев.
Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана Алмазбек Атамбаев.

Кийин президент Сооронбай Жээнбеков атайын маалымат жыйынында Райымбек Матраимовдун байлыгы жөнүндөгү журналисттердин суроосуна жооп берип, бул маселе териштирилерин айткан. Бирок анын кызматка кайра коюу маселесин комментарийлеген эмес.

Жээнбеков саясат жана коррупция тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:18 0:00

Ал эми Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси кызматка барыш үчүн эмес, актыгын далилдөө үчүн соттошуп жатканын билдирди:

- Менин иним ушунча жыл эмгектенип, экс-президент кызматтан ал десе эле себепсиз, өкмөт башчы аны кызматтан алып койгондугу үчүн, өзүнүн актыгын далилдөө үчүн сотко кайрылды. А жумушка кайтыш-кайтпаш маселесин мезгил көргөзөт, бирок аны азырынча ойлоно элек. Коомчулукта анын кандай адам экенин билип-билбей, кара-пиарларга ишенип алышып эле, инимди жаман көрүп жатышат. Анын каршылаштары атайын топ түзүп алышып, жалган комментарийлерди жазып, элге терс образ жаратып коюп жатат да. Райымбек инимди тааныган адамдардын баары кандай адам экенин, элге кандай жардам берип жатканын билишет.

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов коррупцияга айыпталып, Азербайжандан кармалып келген. Мунун алдында Бажы кызматынын бир катар жетекчилери да камакка алынып, аларга карата кылмыш иштери козголгон. Булардын фонунда Матраимовго карата чара көрүлбөй жатканын сынга алгандар чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG