Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:46

ЕАЭБ: Кыргыз бажысындагы аткезчиликке доомат


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары бажыдагы аткезчиликти текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү. Эл өкүлдөрү муну Кыргызстандын дарегине карата коңшу өлкөлөрдө дооматтар байма-бай айтыла баштаганы менен байланыштырууда.

Ушул күндөрү орусиялык басылмалар Москва Кыргызстан менен Казакстандан өтүп жаткан көмүскө каражаттарга жана аткезчилик товарларга көзөмөлдү күчөткөнүн жазышууда.

Орус басылмаларынын билдирүүлөрү

Кыргызстандын бажысындагы аткезчилик жана башка көрүнүштөрдү иликтөөгө алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көтөрүп чыкты. Бекешев Казакстан менен Орусияда расмий жана бейрасмий формада айтылып жаткан билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн такташ керектигин айтты.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Биз бажыдагы бир топ маселелер, ошол эле аткезчилик менен күрөшүү боюнча чечимдерди кабыл алганбыз. Ошондуктан мен депутаттык комиссия түзүп, чечимдерибизди инвентаризациялап, өкмөт аларды эмнеге аткарбай жатканын текшерели деп жатам. Себеби биздин өлкөдөн аткезчилик кетип жатканы жөнүндө башка өлкөлөр коңгуроо кагууда. Казакстан, Орусия айтып жатат. Ачык айтып жатса да биз көрмөксөнгө салып отура бергенибиз болбой калат го. Парламент болгондон кийин биз да көзөмөлгө алышыбыз керек”,-деди ал.

Бекешевдин сунушу азырынча парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралууда. Келерки күндөрү бажы тармагы жөнүндө өкмөттүн отчетторуна карап, жалпы палатага чыгарышы мүмкүн. Атайын комиссия түзүлөбү же жокпу - ошондон кийин белгилүү болот.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде да көмүскө финансылык каражаттар жүгүртүлүшү жана бажыдагы аткезчилик көрүнүштөр жөнүндө кескин билдирүүлөр жасалды.

Комитеттин 9-апрелдеги отурумунда депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандын бажысындагы аткезчилик көрүнүштөр тууралуу басылмалардын айыптоолорун ортого салды:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

“Мына сайттарга “Путин поручил Федеральной службе взять под особый контроль серые схемы контрабандных товаров, которые идут через Кыргызстан и Казакстан” деген маалыматтар чыгып жатат. Бир топ далилдер келтирилип жатат. Мындан кабарыңар барбы? Азыр бул жөнүндө катуу талкуу болуп жатпайбы. Ушунун артынан Казакстан менен Кыргызстандын чек арасы жабылды. Эми Орусиянын президенти бүт дүйнөгө угузуп, мындай тапшырма берип жатат. Биз аларга бир нерсе деп жооп беришибиз керек да, же моюнга алышыбыз керек, же “жок, андай эмес” деп айтышыбыз керек.

Ооба, соңку бир аптадан бери орусиялык басылмалар Москва Кыргызстан менен Казакстандын бажысындагы аткезчилик жана көмүскө схемалар боюнча текшерүүнү күчөткөнүн жазып жатышат.

Ошол эле “Интерфакс” агенттиги өкмөттөгү өздүк булактарына таянуу менен бул негизинен ири базарларда айланып жаткан товарлар жөнүндө кеп болуп жатканын жазды. Анда келтирилгендей, Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина президент Владимир Путинге кат жазып, 10 млрд. рублдин тегерегиндеги көмүскө акча эсепке алынбай калган импортту каржылоого кетип жатканын аныктаганын кабарлаган. Ал каражаттар Кыргызстандын жана Казакстандын ири соода кампаларына, базарларына которулуп жатканы жана аткезчилик товарлар Кытай менен Вьетнамдан ташылып жатканы айтылат.

Бул ортодо орусиялык REGNUM басылмасы да жашыруун булагына шилтеме берип, “Москва Кыргызстан жана Казакстандын Кытай менен чек арасындагы “чоң жыртыктан” тажаганын” жазды. Маалымат агенттиги бул аймактагы аткезчиликтен улам Евразия Экономикалык Биримдигинин бюджети 1 млрд. доллардай каражатты жоготконун билдирди.

Орусиянын өкмөтү же мамлекеттик маалымат каражаттары бул билдирүүлөрдү расмий ырастаган жок. Албетте төгүндөө да болгон жок.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы соңку кабарларга карата Орусияга расмий жооп берүүнүн зарылчылыгы жоктугун айтууда. Мекеменин жетекчиси Алмаз Оңолбеков “Азаттыкка” буларды билдирди.

Алмаз Оңолбеков.
Алмаз Оңолбеков.

“Эгер Орусия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына карата кандайдыр бир дооматтар болсо анда алар бизге түздөн-түз билдирмек. Бирок Орусия Кыргызстанга эч кандай доомат койгон жок. Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында бажы кызматтарынын жумуштук аянтчасы бар, бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы бар жана ал жакта түрдүү суроолорду, көйгөйлөрдү талкуулап турабыз. Ошондуктан кайсы бир маалымат агенттиктери кандайдыр бир маалыматтар тууралуу кабар таратышканда буга жакшылап маани бериш керек. Анткени бизде үчүнчү өлкөлөрдөн, өзгөчө Кытай Эл Республикасынан ташылып келип жаткан товарларды бажыдан өткөрүү ЕАЭБдин талаптарына ылайык гана жүрөт. Андан кийин товар ички пайдалануу үчүн эркин жүгүртүлүүчү болуп эсептелет жана алар уюмга мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз киргизилүүгө тийиш”.

Буга чейинки кыргыз-орус өкмөттүк жыйындарында жана орус президенти Владимир Путиндин марттын этегиндеги Бишкекке сапарында бажы темасынын тегерегинде сөз козголгону кабарланган эмес. Кантсе да бирдей мазмундагы айыптоолор басылмаларда катар-катар жарыяланганы Москванын позициясын билдирип тургансыйт.

Кайра эле Матраимов...

Казакстандын да бул жааттагы Кыргызстанга кинеси былтыртан бери белгилүү. 2017-жылдын октябрындагы кыргыз-казак чек арасындагы кризис учурунда, Евразия өкмөт аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын ошол кездеги премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып жатканын айтып чыккан.

Соңку жарым айдан бери да Казакстан чек арада оор жүк ташуучу автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, узун кезек ушул күнгө дейре азая элек.

Кыргызстандык экономист Марат Мүсүралиев Казакстан менен Орусиянын аракеттери Кыргызстандын “Кара-Суу” жана “Дордой” сыяктуу базарларына сокку уруп жатканын белгилейт. Бирок ал кыргыз бажысындагы аткезчилик бар экенин четке какпайт.

“Орусия менен Казакстандын жогору жактагылары бизди “Кытайдын продукцияны мыйзамсыз реэкспорт кылып жатасыңар, Кыргызстан өзүнчө эле “оффшор”, “серый зона” болуп кетти” деп айыптап келишет. Бирок Казакстан өзү “Хоргос” деген базарын ачып алып, ал “Дордойдон” ашып кетти. Ал жерге баргандар Кытайдан товарларды кандай гана тирукмуш жолдор менен алып кирип жатканын айтса, чачың тик турат. Анда эмне үчүн аларга болот да, бизге болбойт? Мисалы Орусияда да, ошол эле Ыраакы Чыгышта, Владивостокто, Благовещенскте “Хоргос” сыяктуу базарлары бар. Алар Кытайдан 20 кг товарды эч кандай бажысыз эле алып чыгышат. Өздөрүндө ошондой толтура тешиктер бар. Эмне үчүн бизди тыйгысы келет да, өздөрүнө карабайт? Бизде тескерисинче, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин ошол эле “Дордойдун” соодасы артка кетти. Коңшулардын аракеттери ушул базарларды жабууга алып баратат”.

Кыргызстандын бийлиги бажыдагы коррупция, анын ичинде контрабандалык көрүнүштөр боюнча былтыркы жылы ондогон кылмыш иштери козголгонун, мыйзамсыз товар ташууну тыюу аракеттери жүрүп жатканын айтып келет. Маселен Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн тиешелүү бөлүмү 2018-жылы 240 бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктап, укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин кабарлоодо.

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бирок бул жаатта сөз козголгондо эле кеп Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго келип такалууда. Өкмөттү сынга алгандар, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да, ал кызматтан кеткен менен анын схемасын иштеп жатканын, ошондуктан аны камакка алуу керектигин байма-бай эскертишүүдө.

Райымбек Матраимовдун агасы, депутат Искендер Матраимов инисине болгон айыптарды төгүнгө чыгарып келет.

Аз күн мурдараак “Азаттыкка” курган маегинде экс-президент Роза Отунбаева да ушул теманы козгогон эле.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

“Мурдагы жана азыркы президенттин ортосундагы татаал маселелердин бири - Матраимов. Экс-президент Матраимовду кайра-кайра айтып жатат. Ал эми Жээнбеков “сен бийликте турганда жакшы эле пайданы көрдүң, анан мага келгенде эле болбой калабы?” деп. Эгер Матраимов чындап эле саай турган “уйдай” киши болсо, тазалаш керек сөзсүз. Биздин коом бүгүн деле аны сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек деп турат. Эмнеге антпей жатканы бизге да суроо жаратып турат. Азыр чек арада болуп жатканды деле Орусиянын, Казакстандын жетекчиликтери «Матраимов дегендери бар, ошолор бажыдан байып жатат, байыганынан бөлүшүүдө. Эмнеге биз эрежелерге каршы турушубуз керек, оозубузду ачып?» деп айтып жатышат. Демек, Матраимов факторунун залакасы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилеге да тийип жатат”,-деди экс-президент.

Былтыр күзүндө Орусиядагы көз карандысыз Евразия аналитикалык клубу бажыдагы аткезчилик тууралуу иликтөөсүн жарыялап, анда Кыргызстан менен Кытайдын соодасына өзгөчө басым жасаган.

Анда Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы соңку 20 жылда Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөн. Ортодогу айырма 50 млрд. долларды түзгөнү белгиленген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG