Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Өкмөт сотто Матраимовдон утулду


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Жогорку сот Райымбек Матраимовду колдогон чечим чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Арыз 17-майда каралып, жарандык иштер боюнча соттук коллегия буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырды.

"Соттук актыларды күчүндө калтыруу менен Жогорку сот өкмөт Райымбек Матраимовду иштен алып жатканда мыйзамда көрсөтүлгөн тартипти бузган, себеби "ал ээлеген кызмат тартиптик жаза колдонуу тартиби көрсөтүлбөгөн жогорку административдик кызмат болуп эсептелет" деп туура эмес ойлогон деген буга чейинки тыянактарга макул болду. Бирок Райымбек Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкон деген негизде иштен алынган", -деп кабарлады Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов болсо Жогорку соттун чечимине комментарий берүү укугу жок экенин, “соттун чечими колго тийгенден кийин гана жооп бере аларын” билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, Райымбек Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов сот адилет чечим чыгарды деген пикирде:

Искендер Матраимов
Искендер Матраимов

"Иштен бошотуунун негиздемеси туура эмес болгон. Жумушунда эч маселе жок болчу, бирок аны текшеришкен эмес. Бир күндө эле бир кишинин, Атамбаевдин айтканы боюнча премьер-министр кызматтан алып салган. Беренеси туура эмес коюлган. Жогорку соттун чечими туура болду. Ушунча жыл бажыда иштеп, бир эле адамдын буйругу менен иштен алынып калбашы керек да. Азырынча жумушка кайтуу тууралуу ойлонгон да жок. Биринчи кезекте мыйзамсыз алынганын далилдеш керек болчу".

Жарандык активист Рита Карасартова соттун чечимине баа бере албасын, бирок бажыдагы жемкорлукту эске алганда эл ичинде "Райым миллион" деген атка конгон аткаминер жоопко тартылса жакшы болмок деген ойдо.

"Соттук чечимдин өзүн ала турган болсок, ал мыйзамдуу эле деп айтышкан. Себеби, адамды жумуштан алуунун өз тартиби бар. Сот чечим чыгарганда ошол тартип сакталдыбы, жокпу карайт. Ошондуктан азыр сот туура эмес чечим чыгарды деп айткандан алысмын. Ал эми ал иши боюнча жоопко тартылса жакшы болмок. Бажы маселеси боюнча сөзсүз бир нерселер чыгат. Анткени Кытай менен салыштырма статистиканы карасак, канча деген миллиарддар бири-бирине дал келбейт".

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана командасы учурдагы президент Жээнбековду «Матраимовду калкалап, бажыдагы мыйзамсыз иштерине көз жумат» деп айыптап келет.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева бийлик Райымбек Матраимовду актоого башынан аракет кылганын, анын мүлкү текшерүүгө алынат деген убада элди жоошутуу аракети болчу деген пикирде.

Рита Борбукеева
Рита Борбукеева

"Жарандык көз караштан алып караганда моралдык жактан көпчүлүк эл туура эмес кабылдап жатат. Президент Матраимовдун мүлкү сөзсүз текшериле турган айткан. Эгер мыйзамдуу байыганы аныкталса, соттун чечимине чейин ачык айтып коюшса болмок. Салык кызматы да анын байлыгы тууралуу маалымат бербей койду. Ошол да күмөн жаратты. Текшерүү жүрүп жаткан маалда «Исмаил ата» фонду 10 миң кишини чакырган иш-чарага спикер өзү баш болуп барганы, бара-бара ушинтип соттон утуп алганы атайын ошого бараткан нерсе, элди жоошутуу, кулагын, көзүн көндүрүү деп баалоого болот".

Ушул жылдын 12-майында Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жолдогон.

«​Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз “Райым миллион” атка кондурдуңуз. Алланын колдоосу жана жеке аракетим менен бажы тармагында катардагы инспекторлук кызматтарды басып өтүп, Ош бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план-тапшырмаларды аткарып, иштеп жүрдүм. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз, Икрам досумдун колдооңуз аркылуу Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм, дегеле 2010-жылдан тарта сизге жана сиз колдогон партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Аягында айтарым, мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө жетиштүү маалыматтарым бар жана күч-кубатым жетишээрлик», - деген Райымбек Матраимов.​

Раимбек Матраимов атасынын элесине арналган Кара-Сууда өткөн иш-чарага токтолгон. Аны "Атамбаевге таандык басылмалар көбүртүп, каралаганын" айткан. Ал спорттук иш-чара мурдатан эле өтүп келгенин, ага Атамбаев өзү да мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн билдирди.

1-майда Кара-Суу районунда Матраимовдор атасынын элесине арналган волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөргөн. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Батырбеков, депутаттар Жанарбек Акаев, Руслан Казакбаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев жана башкалар катышкан.

Иш-чарадан тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга түшкөн. Интернет колдонуучулар иш-чарага катышкан депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин моралдык жоопкерчилигин сынга алышкан.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген.

2018-жылы апрель айында Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарган. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.

​Бажыдагы коррупция тууралуу эл арасындагы дооматтар жалаң эле Райымбек Матраимовго тиешелүү эмес.

Коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов 2018-жылы 28-декабрда Азербайжандан Кыргызстанга жеткирилген. Жунусов "2013-2016-жылдары Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган кезде аталган мекеменин башка кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган", "казынага чоң өлчөмдө зыян келтирген" деп айыпталган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматына ылайык, мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Бажыдагы 166 млн. сомдук зыян боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 2018-жылы башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган.

2017-2018-жылдары бажыдагы коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG