Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Мурдагы бажы жетекчилеринин дагы бири кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мурдагы бажы жетекчилеринин дагы бири кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бүгүн тараткан маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктагыча камакта отурмай болду.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын айрым жетекчи кызматкерлерине карата иш козголгон. Анын негизинде өткөн аптада мекеменин Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган.

Тергөөнүн материалдарына караганда, 2015-жылы аффилирленген фирмалардын бири “U.Q.I.T.C.L.” фирмасы менен Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Бажы Биримдигинин Бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен товарларды атайылап жалган идентификациялоо аркылуу бажы аймагынан сырткары бажы процедурасын колдонууга уруксат берилген.

Мунун кесепетинен мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй, 166 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG