Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

«Мадина» базарындагы соодагердин өлүмү боюнча жети киши камалды


Абдурахеман Хуфур.
Абдурахеман Хуфур.

«Мадина» базарында иштеп жүрүп киши колдуу болгон соодагер Абдурахеман Хуфурдун өлүмү боюнча жети киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын төртөө соодагерди өлтүрүүнү уюштурган, ал эми үчөө кылмышты жаап-жашырган деп шек саналууда.

Каниметов негизги айыпталуучулардын экөө мурдагы милиция кызматкери болгонун билдирип, учурда кылмышты тергөө кадимкидей жүрүп жатканын билдирди.

Бирок «Азаттыккка» кылмышты жаап-жашырган деп шек саналгандардын жакындары кайрылган. Алар киши колдуу болгон соодагердин машинесинин түсү башкага сырдалган соң кылмыш жөнүндө эч кандай кабары жок сатып алганын айтышкан болчу.

Ишкер Абдурахеман Хуфур 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, анын сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция алгач аны өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшкөнүн жарыялаган.

39 жаштагы жаш ишкер Хуфур Абдурахеман «Мадина» базарында соода кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG