Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Бакиевдерден акча кайтарылса кайда жумшалары белгилүү болду


Евгений Гуревич.
Евгений Гуревич.

Бакиевдерден акча кайтарылса, ал кыргыз элинин пайдасы үчүн жумшалат. Бул тууралуу 25-февралда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол койгон биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Документке ылайык, Максим Бакиевдин учурунда мамлекеттик органдардан жана банк мекемелеринен уурдалган деп, кайра кыргыз өкмөтүнө кайтарылып берилген каражаттар социалдык борборлорго, коррупция менен күрөшүүгө жана ачык-айкындуулукту өнүктүрүүгө багытталган иштерге жумшалмакчы. Атап айтканда, ал саламаттык сактоо тармагында аймактык ооруканаларга медициналык жабдуу сатып алууга, элди таза суу менен камсыз кылууга, коррупция менен күрөшүүгө, соттук териштирүүлөрдүн айкындуулугун жана мамлекеттик органдардын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу боюнча программаларга жооптуу институттарды күчөтүүгө, коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында аудио-видео шаймандарын сатып алып, жергиликтүү сотторго орнотуу долбоорун ишке ашырууга сарпталат.

25-февралда АКШ менен Кыргызстан ортосунда кол коюлган биргелешкен билдирүүгө ылайык, мурунку президент Курманбек Бакиевдин жана анын уулу Максим Бакиевдин учурунда уурдалган 4,567 млн. доллар Кыргызстанга кайтарылып берилет.

Билдирүүдө айтылгандай, АКШда алдамчылык үчүн кармалып, соттолгон Евгений Гуревичтин 6 млн. доллар акчасы конфискацияланган. Кыргыз өкмөтү АКШнын Юстиция министрлигине жазган өтүнүчтүн негизинде 2018-жылы 4-октябрда АКШнын Юстиция министрлиги каражаттарды бошотуп берүү боюнча кайрылууну ырастап берген. 6 млн. доллардын 4,567 млн. доллары табылып, ал каражат кыргыз өкмөтүнө кайтарылып берилүүгө тийиш деп табылган.

Евгений Гуревич былтыр "Азаттыкка" курган маегинде өзү жөнүндө жана Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен 300 млн. доллар жөнүндө айтып, Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин да билдирген эле. (EBM/ZKo)

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:30 0:00

XS
SM
MD
LG