Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Матраимовдордун доосу сотто карала баштады


Коллаж.
Коллаж.

Матраимовдор «Азаттык» радиосу, кабарчы Али Токтакунов, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттары иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөсө материалдык доодон баш тартууга даяр. Бул тууралуу алардын адвокаттары 20-январдагы сот отурумунда айтышты.

«Азаттык» жана «Kloop.kgнин» жактоочулары иликтөөдөгү фактыларды жокко чыгарбай турганын айтса, «24.kg» агенттигинин өкүлү Матраимовдор тууралуу иликтөөгө «24.kg» катышпаганын, болгону сайтына жайгаштырганын жүйө кылды. Доогер тарап соттук ишти тынчтык жолу менен чечүүгө кеңешүү үчүн убакыт сурап, судья сотту 29-январга жылдырды.

Бишкектин Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча иштин мазмунун кароого киришти.

20-январдагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен анын аялы Минавар Жумаеванын, «Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун» жактоочусу Лейла Байдаева жоопкер тарап Матраимовдор тууралуу маалыматтарды төгүндөсө, Матраимовдор материалдык доодон баш тартууга даяр экенин айтты.

Матраимовдордун жактоочулары сот отурумунда. 20-январь, 2020-жыл.
Матраимовдордун жактоочулары сот отурумунда. 20-январь, 2020-жыл.

Бул сунушка Искендер Матраимовдун жаңы адвокаты, Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басарлыгы кызматынан 16-январда гана кеткен Канатбек Азиз мындай кошумча киргизди.

- Биз сөз болуп жаткан редакциялар менен сүйлөшүп, ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө жана бул ишке чекит коюуга даярбыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошуу эки тарапка тең пайда алып келбейт. Мен бул иште жактоочу болуп жатканымдын себеби - чындыкка жетүү, - деди Канатбек Азиз.

Адвокат Эмил Жандаев «24.kg» порталы «Азаттык» жана «Kloop.kg» иликтеп жарыялаган материалды гана сайтына чыгарганын, соттук ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө макул экенин, бирок анын шарттарын такташ керек болорун айтты. Ушундан улам Матраимовдордун адвокаттары мунасага келүүнүн жолдорун сүйлөшүш үчүн сотту жылдырууну өтүнүп, судья кийинки отурумду 29-январга белгиледи. Эмил Жандаев «24.kg» сайтынын позициясы тууралуу буларга токтолду.

Эмил Жандаев.
Эмил Жандаев.

- «24.kg» бул иликтөөнү жасаган эмес. Ал материалды сайтына гана жайгаштырган. Ошондуктан «24.kgде» тиешелүү материалдар жок жана алар журналисттик иликтөөдөгү фактылар чындыкка дал келеби же келбейби эч нерсе айта албайт. Доогерлер муну түшүнүп, «24.kg» башка жалпыга маалымдоо каражаттары жасаган иликтөөнү гана сайтына жайгаштырганын түшүнүшсө, биз ишти сот менен эмес, тынчтык жолу менен бүткөрүүгө даярбыз.

Ал эми «Азаттык» радиосу менен «Kloop.kg» сайтынын жактоочулары аталган жалпыга маалымдоо каражаттары журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөбөй турганын, ошол эле кезде мунасага келүүнүн башка жолдоруна ачык экенин билдирди.

Сотто «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан «Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев доогер тарап өз жүйөлөрүн келтириш үчүн эфир сураса микрофон берүүгө даяр экенин айтты.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

- Доогер тарап биз маалыматтарды төгүндөсөк жарашканга мүмкүнчүлүк бар экенин дагы бир жолу кайталашты. Төгүндөө дегенде алар «иликтөөдөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт, шек келтирген маалыматтар» деп жарыялагыла дешүүдө. Биз андайга бара албайбыз. Учурдагы соттук иш да ушул маалыматтар чынбы деген маселенин үстүндө болуп жатат. Биз доогерлер өз жоопторун айтканга эфир бергенге жана башка сунуштарга даярбыз. Бирок иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөбөйбүз, - деди Алагушев.

Белгилей кетчү жагдай, бажыдагы коррупциялык иштер тууралуу иликтөөдө Матраимовдорго да сөз берилген. Эгерде алардын айтчу пикири болсо «Азаттык» микрофон сунууга дагы да даяр.

Искендер Матраимовдун адвокаты Канатбек Азиз Матраимовдор үч медиадан акча өндүрүп алуу же аларга басым кылуу үчүн сотко бербегенин билдирди. Бирок 60 млн. сомдук доо эмненин негизинде коюлганын чечмелеп берген жок. Бул боюнча доогерлер менен сүйлөшүп туруп түшүндүрмө берүүнү убада кылды.

«Kloop.kg» сайтынын адвокаты Фатима Якупбаева Матраимовдордун доосун сөз эркиндигине басым катары баалайт.

Фатима Якупбаева.
Фатима Якупбаева.

- Коюлуп жаткан материалдык доо алар арызда көрсөткөн моралдык зыянга такыр шайкеш келбейт. Ошондуктан муну сөз эркиндигине кысым деп эсептесек болот. Анын үстүнө доогерлер кимдер экенин да эске алышыбыз керек. Доо коюлуп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары акыркы убакта эң көп талкууланган журналисттик иликтөөнү жарыялаганын да көңүлгө алыш керек.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байлынштуу Райымбек Матраимов жана анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Бул иш боюнча былтыр 19-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баштапкы соттук угуу өткөн.

Матраимовдор менен үч медианын соту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG