Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Жарандык коом бажыдагы коррупцияга каршы топ түздү


Кыргызстанда жарандык коом өкүлдөрү бажы системасындагы коррупцияны тыюу жана бул органдардагы маалыматты ачыкка чыгаруу максатында жумуш тобун түздү. Мындай чечим бүгүн Бишкекте өткөн жыйында кабыл алынды.

Бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер уюштурган жыйында Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын бул демилгеси колдоо тапты.

Жыйындын катышуучулары Бажы кызматынын коомдук кеңешинен мекеменин иши тууралуу маалымат алууну, парламентте атайын комиссия түзүүнү, ал аркылуу бажыдагы көмүскө схемалардын баарын ачыкка чыгарууну демилгелей турганын билдиришти.

Сооронкулова бүгүнкү күндө бажы коррупциясынын айынан чек арада ишкерлер запкы жеп жатканын, азыркыдай жагдай улана бере турган болсо Кыргызстандын эл аралык аброюна да шек келерин белгиледи. Ал эгерде парламентте комиссия түзүлсө анын курамына жарандык активисттерди да кошуу керектигин билдирди.

25-октябрда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып жатканын билдирип чыккан. Бул көрүнүштү Кытайдан айрым товарлар бажы алымы алынбастан, аткезчилик менен өтүп жатканы катары белгилеген.

Кийинчерээк кыргыз тарап анын сөзүнө жооп берип, импорттогу айырмачылык боюнча маселе Кыргызстанга эле тиешелүү эместигин, ал Евразия экономикалык биримдикке кирген бардык мамлекеттерде бардыгын айтып чыккан.

Экономика министри Артем Новиков Казакстан менен Кытайдын статистикасында да айырмачылыктар чоң экенин маалымдаган.(SDz)

XS
SM
MD
LG