Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Төкмө акын казак президентине кайрылды


Жеңишбек Жумакадыр.
Жеңишбек Жумакадыр.

Бүгүндөн тартып баяндамабыз Кыргызстандын интернет сайттары жарыялаган маалыматтардан турат.

Журналист Султан Жумагулов маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталып жатканын бардык интернет сайттары жазып чыкты. Ал буга дейре мурдагы “Ленинчил жаш”, “Бишкек шамы”, “Асаба”, Агым”, “Эркин тоо” гезиттеринде кабарчы, “Азаттык”, радиосунун Бишкек бюросунда, ЭлТР жана КТРК телерадиокомпанияларында жетекчилик кызматтарда иштеп келген.

Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков кызматынан 28-октябрда бошотулган.

“Kloop.kg” сайты “Казакстанда Кыргызстандын 100 килограммдан ашуун быштагы жок кылынды” деп жазып, быштакты Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөл комитети жок кылганын, казак тараптын тиешелүү комитетинин билдиргенине ылайык, кыргыз быштагы санитардык нормалардын талаптарына жооп бербей турганын кошумчалады. Ошондой эле буга чейин же 24-октябрда фитосанитардык сертификаттын жоктугунан улам Кыргызстандан алып барылган 400 тоннадан ашуун жашылча-жемиштер да кайра кайтарылган болучу.

“Спутник" сайты Эмгек сиңирген артист, белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылган ырын жарыялады.

Жеңишбек Курандын хадистеринде да атүгүл кербендер өткөн кан жол тосулбай турганын эске салып, Назарбаевди “Эл басы”, “Нур агам”, “Султан” деп эркелетип, кызмат даражасын санап келип, эзелтеден бир тууган эки элди буга чейин эле өткөн тарыхыбыз, тилибиз, элибиз, эл ичинен чыккан азаматтар бириктирип келгенин ырдаган.

Калың калк турат кыйналып,

Айкөлдүк кылып Нур ага,

Чек араңызды ачыңыз?

Өзөндө суубуз бир эле,

Өзгөчө катуу кетпеңиз,

Өзөккө ууну сеппеңиз.

Ач калса багып алышкан,

Айрыкча кыргыз, даанышман,

Ошол тарыхты эстеңиз.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси 10-октябрда башталган. Муну Астана карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы менен түшүндүргөн.

Эми мындан ары кыш мезгилинде алып сатарлар көмүргө каалаган баасын кое албай турганын, анткени Экономика министрлиги бул боюнча жаңы долбоорду коомдук талкууга койгонун “Чабарман" сайты билдирди. Анткени алып сатарлардын өзүм билемдигин ооздуктоо боюнча өкмөт өзү аралашпаса болбой калгандыгы жазылган.

“Жалбырак ТВ” сайты Бишкекте дайынсыз жоголгон 9-класстын окуучусу табылганын кабарлады. №32 мектептин 9-классынын окуучусу 26-октябрдын кечинде дайынсыз жоголгон. Баланы классташтары менен милиция издеген. Көрсө бала эки күн бою борбордук мечитте түнөп чыккан экен. Тайжесинин айтымында, бала мектепте жакшы окучу, атүгүл класстын президенти да болгон. Бирок кийин окуусу начарлап кеткендиктен чогулушта маселе коюлуп, аны окуудан чыгарып салышкан. Буга арданган бала эч кимге кабарын билдирбестен жоголуп кеткен. Учурда анын абалы жакшы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG