Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:35

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Америкада чыгуучу "Тайм" журналына берген маегинин кыскартылган вариантын окурмандарга кыргыз тилинде сунуш этебиз. БУУнун Башкы ассамблеясынан кийин Нью-Йоркто жаздырылган маекти "Таймдын" серепчиси Ян Бреммер алып барган.

"Тайм": Президент Алмазбек Атамбаев алты жыл мурун башкаруу институттары алсыз, клептократтар (коррупция менен лоббизмге чырмалышкан) басымдуулук кылган өлкөдөгү бийликти өткөрүп алган. Азыр деле бул өлкөдө табигый ресурстары чектелүү, бирок бийликте Атамбаев баш болгон нагыз демократтар тобу бар. Азыр ал Конституцияда жазылгандай, бир гана жолку мөөнөт менен чектелген бийлигин өткөрүп берүүгө камданып жаткан кез. Шайлоо 15-октябрга белгиленген, ошол күнү бул өлкөгө көз салып койуңуз.

Маегибизди Кыргызстан үчүн геосаясий маселеден баштайлы. Сиздин өлкөңүздүн Орусия менен мыкты мамилелери бар, ошол эле учурда экономикалык жактан Кытайга тыгыз байланган. Орусия менен алакалар жана Кытай менен мамилелер ортосунда күчөп бараткан каршылыкты көрө алдыңызбы?

Башка жетишкендиктер арасынан мен дал ушунусу менен мактансам болот: азыр кыргызстандыктар өз тагдырын, келечегин өз алдынча чече алышат.

Атамбаев: Билесизби, бул маселеде чоң деле көйгөй көрө алган жокмун. Бардык коңшулаш өлкөлөр, арасында ири мамлекеттер да бар, Кыргызстандын өз алдынча тышкы саясаты жана көз карашы бар экенине көнүп бүтүштү. Баарынан башкысы - Орусия, Кытай баш болгон бардык коңшулар биздин аларга карата жаман ниетибиз жок экенин, ак ниет коңшу гана болгубуз келээрин түшүнүштү. Албетте, айрым кошуна мамлекеттер биздин парламенттик демократия багытын тандаган жолубузду жактыра беришпейт. Аларга Кыргыз Республикасынын президенти бийлик мөөнөтүн алты жыл менен гана чектеп койгону жакпайт. Кээ бир лидерлер биз алардын элдерине терс өнөкөт жайылтып жатабыз деп эсептешет.

"Тайм": Демократиянын Кыргызстандын чек арасынан тышкаркы чөлкөмдө, деги эле дүйнөдө жаркын келечеги бар деп ишенесизби?

Атамбаев: Демократия болбосо, биздин региондун, жалпы дүйнөнүн жаркын келечеги болбойт. Бир мисалды келтире кетейин: азыр дүйнөдө терроризм маселеси курчуп бараткан кез. Азыр аны "Ислам мамлекети" уюмуна байлап жатышат, кийин дагы бирөө чыгат. Терроризмдин тамыры эмнеде? Эмне үчүн ал мусулман мамлеттеринен гана чыгып атат? Анткени дал ошол мусулман өлкөлөрүндө калк арасындагы теңсиздик, социалдык адилетсиздик көзгө даана урунат. Кээ бир режимдер өздөрүн республика деп атап алышкан. Иш жүзүндө алар байлар менен кедейлер ортосунда аңырайган ажырым келип чыккан, адилеттүүлүк жок кылынган авторитардык, диктатордук режимдер. Мындай кырдаалда, карапайым калк демократиялуу жол аркылуу бийликти алмаштыра албаса, социалдык өнүгүү абдан жай жүрсө, дал ушундай жерде радикал идеялар пайда болот.

Мусулман мамлекетте демократия өсүп-өнүгө алаарын айгинелеген үчүнчү жолду көрсөтө албасак, исламдын радикалдашуусун токтото албайбыз. Кыргызстан калкынын 90% мусулмандар, биз башка мусулмандарга дал ошол жолду көргөзгүбүз келет.

"Тайм": Коңшулаш Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстанда демократия жок, бул багытта жылыштар жок. Ушундай коңшулардын болушу сиздин президент катары тышкы саясатты жүргүзүүңүзгө кандай таасир этет?

Атамбаев: Чынында бул татаал маселе. Кыргызстан бай мамлекет эмес, алты жыл мурун кыйрап жок болуу коркунучу алдында турган. Андан бери Орусия менен Кытайдын ишеничине ээ болуп, каражат жагынан жардам алдык.

"Тайм": Силердин акыбалды АКШ туура түшүнөт деп ойлойсузбу?

Атамбаев: Мен убагында Барак Обаманын чоң күйөрманы болчумун, кийин Кошмо Штаттар жана Мамлекеттик департаменттин кылган аракеттерин көрүп нес болдум. Мисалы, 2014-жылы маркум өзбек президенти Ислам Каримов "региондо согуш чыгышы мүмкүн" деп айтты. Ошол билдирүүдөн төрт ай өтпөй АКШ Өзбекстанга 328 даана аскер адамдарын ташыган унааны бекер өткөрүп берди. АКШнын инвестициясы жана жардамы демократиялуу Кыргызстанга келген жок, Өзбекстанга ар бири жарым миллион доллардан кымбат турган 328 аскердик унаа берилди.

"Тайм": Президент Обамага бул жаман идея деп айттыңыздарбы? Учурунда АКШ ушундай аракеттерди жасабашы керек деп арыздандыңарбы?

Атамбаев: Ошондон көп өтпөй АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри биз жакка барды. Мен "демократия тууралуу өктөм сүйлөп атып, ушундай ишке кантип бардыңар?" деп сурадым. Мен президент болуп иштеген алты жыл ичинде АКШ тараптан ушундай мамилени көп көрдүм - элинен эмес, бийлиги тарабынан. Мен биздин өлкөдөгү демократия бизге, кыргыздарга гана керек экенин түшүндүм. Айтайын дегеним, миллиарддаган долларларды Ооганстан, Ливия, Сирияга короткондон көрө Кыргызстанда чыныгы демократияны курууга жардам берилсе, жалпы мусулман дүйнөсү үйрөнгүдөй өрнөк жаралмак. Кыйла арзан да болмок. Анын ордуна биз азырынча тоскоолдуктарды гана көрүп жатабыз.

15-октябрда Кыргызстан жаны президентин шайлайт. Айрым коңшулаш өлкөлөр "президенттик" деп мүнөздөлгөн эски авторитардык бийликти кайтарып келүүгө умтулган талапкерлерди колдоп каржылап жатышат. АКШга келсек, аларга мунай, газ жана башка кызыкчылыктар баарынан маанилүү экенин түшүндүк. Кошмо Штаттарга дүйнөдө демократия болушу керек деле эмес. Мен ушуларды түшүнгөндөн кийин Америкадан, Обамадан абдан көңүлүм калды. Ал эми азыркы АКШ президенти Американын кызыкчылыгындагы маселелер менен гана алектенем деп кайталап жатат.

"Тайм": Кыргыз Республикасынын президенти катары артыңызда кандай мурас калтыргыңыз келет?

Айрым кошуна мамлекеттер биздин парламенттик демократия багытын тандаган жолубузду жактыра беришпейт. Аларга Кыргыз Республикасынын президенти бийлик мөөнөтүн алты жыл менен гана чектеп койгону жакпайт.

Атамбаев: Баарынан мурда, биз өлкөдө тынчтык, биримдик жана стабилдүүлүктү орното алдык. Экинчиден, биз элдин аң-сезимин жана келечекке ишенимин ойгото алдык. Азыр элибиздин улуттук аң-сезими башкача болуп калды, калкыбыздын миң жылдан ашкан байыркы тамыры бар экенин эске салдык. Баарынан башкысы, элибизди өз тагдырын, келечегин өзү чече алаарына ишендирдик. Азыр биз болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөргөнү турабыз. Шайлоодо ар бир адамдын тек жайын аныктаган биометрикалык каттоо колдонулат. АКШдагыдай добуштарды бурмалоо Кыргызстанда эч мүмкүн эмес.

Соңку бир нече жыл ичинде өкмөттө, башка мамлекеттик мекемелерде иштегендер элдин пикирин урматтап, эсептешип, атүгүл андан коркуп калышты. Менин кыялым дал ушундай эле: өкмөттө, бийликте иштегендер элдин пикиринен чочулап турушу керек. Башка жетишкендиктер арасынан мен дал ушунусу менен мактансам болот: азыр кыргызстандыктар өз тагдырын, келечегин өз алдынча чече алышат.

"Тайм": Жеке өзүңүзчү? Эл сизди кандай эскеришин каалайт элеңиз?

Атамбаев: Менимче, эл мени улутка, расаларга бөлүнбөй биримдикте жашаса болорун көрсөткөн инсан катары эскеришин каалар элем. "Кыргыз" деген сөздүн мааниси ар дайым эсимде. Ал "кырк эл" дегенди билдирет. Тээ илгертеден эле биз ар башка улуттун өкүлдөрүнөн куралган элбиз. Мени келечекте эл арасындагы биримдикти орнотуп, бийликти элдин өзүнө, карапайым адамдарга өткөрүп берген инсан катары эскеришсе деген үмүтүм бар.

Албетте, оюмдагы көп нерселерди ишке ашырууга убакыт жетпеди. Ошентсе да, кудайдын жардамы менен абдан көп нерселерди жасай алдым. Албетте, эл мени эл үчүн кызмат кылган жакшы жетекчи болгон деп эстеп жүрсө экен деп тилек кылам. Менин эң башкы максатым ошол болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG