Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:42

Кыргызстан жемкорлуктун деңгээли боюнча 176 өлкөнүн ичинен 136-орунда калды. Бул тууралуу Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээли боюнча баяндамасында айтылат. Уюмдун Бишкектеги борборунун жетекчиси Адылбек Шаршенбаевдин билдиришинче, Кыргызстан 26 упай менен жемкордуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алды.

Былтыр да Кыргызстанда бул рейтингде 28 упай менен 136-орунду алган эле.

Шаршенбаев бул рейтингди түзүү үчүн үч булактан тактоо зарыл болсо, Кыргызстанда жети булактан такталганын билдирди.

Transparency International уюмунун рейтингинде биринчи орунда Дания жана Жаңы Зеландия турат. Ал эми коррупция жайылган өлкөлөр деп Түштүк Судан менен Сомали эсептелинет.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG