Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Быйылкы эки айда мигранттардан 307,6 млн. доллар келип түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, февраль айында сыртта жүргөн кыргызстандыктар 161,7 млн. доллар которушкан. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 15,8 млн. долларга көп.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусиядан келген. Алар февралда 158,6 млн. доллар которсо, алыскы чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар 2,8 млн. доллар жиберишкен. Алардын ичинен 1,5 млн. доллары АКШдан келген.

Ал эми Кыргызстандан чет мамлекеттерге которулган акчанын көлөмү 35,6 млн. доллар. 90% көбү Орусияга кеткен.

Өткөн жылы чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктардан 2,482 млрд. АКШ доллары которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG