Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ири ишкерлер инвестиция салууга кызыкдар


Бишкектеги Кыргызстан-АКШ бизнес форумунун катышуучулары. 11-июль, 2017-жыл.
Бишкектеги Кыргызстан-АКШ бизнес форумунун катышуучулары. 11-июль, 2017-жыл.

Бишкекте Кыргызстан-АКШ бизнес форуму өттү. Ага AGCO, Baker & McKenzie, General Electric, AES, Mobilized Construction, American Councils for International Education, Coca-Cola баштаган америкалык белдүү тогуз компаниянын ишкерлер тобу, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү катышты.

Бизнес форумду Кыргызстандагы "Америка соода палатасы" (AmCham) эл аралык уюму, Кыргыз-америка ишкерлер кеңеши (USKGZBC) өкмөт менен биргелешип уюштурган.

Өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатын көздөгөн америкалык тогуз компания алгач Кыргызстандагы шарттарды байкап көрөт деп билдирди "Америка соода палатасы" уюмунун Кыргызстандагы аткаруучу директору Зарина Чекирбаева:

- Булардын негизги максаты иликтөө. Андан кийин кандай мүмкүнчүлүктөр бар, кимдер менен, кайсы тармакта иштешсе боло турганын байкап көрүшөт. Соңунда кандайдыр бир меморандумга кол коюлуп, бир жыл болобу, эки жыл болобу келишимдер түзүлөт деп ишенип турабыз.

Зарина Чекирбаева.
Зарина Чекирбаева.

Бизнес форумда президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү инновация, маалымат жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу өлкөнү өнүктүрүү максаты камтылган "Таза коом" долбоорун меймандарга тааныштырып, ар бири анын мааниси чоң экендигине токтолушту.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун айтымында, Кыргызстан аталган долбоор аркылуу ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берерин ишара кылды:

- "Таза коом" долбоорун тааныштыруудагы негизги максат - өлкө 21-кылымдын жаңы технологияларын колдонуп, мамлекет менен бизнестин ортосундагы коррупцияны жоюу үчүн автоматташтырылган технология жолуна баратат деген белгини инвесторлорго бердик. Биз ачык өлкөбүз, ачык өкмөтпүз, коррупцияга каршыбыз деген ойду билдиргибиз келди.

Элдар Абакиров кошумчалагандай, Mobilized Construction компаниясы "Таза коом" программасына тиешелүү жаңы программаларды иштеп чыгуу менен алектенет. Ошондой эле айыл чарба тармагына да америкалык бизнести тартуу сунушталууда.

Чакырардан мурда шарт түзүш керек

Форумга катышкан АКШдагы белгилүү General Electric компаниясы Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду инвестициялоого кызыкдар экени белгилүү болду.

Аталган компаниянын Борбор Азия боюнча өкүлү Арман Абикеновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгү өтө чоң болгону менен ал толук колдонулбай келүүдө:

- General Electric быйыл тендерге катышып, Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо боюнча келишимге кол койду. Кыргызстандан гидроэнергетикалык потенциалы үлкөн. Бизге жолугушууларда айтылгандай, азырынча анын он пайызы гана пайдаланылып жатат. Ушу тапта иштеп жаткан станцияларды модернизациялап, жаңыларды куруу зарыл.

Ошол эле маалда ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салуудан мурун бизнеске түзүлгөн шарттар ойлондура турганын да айтышты. Өкмөт америкалык компанияларга ыңгайлуу шарт түзүү аракетин көрүп жатканын Инвестицияны илгерилетүү агенттигинин директору Алымбек Орозбеков билдирди:

- Негизги шарттар катары либералдуу экономика, либералдуу салык режимин сунуштап жатабыз. Ошондой эле Кыргызстанда кесипкөй жумушчу күчү арзан. Буга чейин Кыргызстанда ишке ашпаган долбоорлорду турмушка ашыруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай шарттарды америкалык ишкерлер карап жатышат.

Кыргыз-америка бизнес форумунун алкагында америкалык ири компаниялардын өкүлдөрүнөн турган соода миссиясы Кыргызстанга алгач ирет келди. Муну өкмөттүн "Таза коом" долбоору менен байланыштыргандар да жок эмес. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бийлик президенттик шайлоо алдында болгон күчүн популисттик чакырыктарга жумшап жатат деген ойдо:

- Менимче, азыр "Таза коом" долбоор иретинде гана. Эл да, коомчулук да, саясатчылардын, илимпоздордун көбү да аны менен тааныша элек. Мурдагыдай эле булардын кадимки пиар-кампаниясы жүрүп жатат.

Инвесторду кооптондурган коррупция

Ал эми экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Кыргызстанга америкалык компаниялардын келишин жана энергетикалык долбоорлорго катышуусун жакшы жышаан деп мүнөздөп, ошол кезде бийлик инвесторлорду чочута тургандай аракеттерден оолак болушу керектигин белгиледи:

- Ар бир нерсени жакшы шарт түзүп туруп, тартып кетсе болот. Буга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок чет элдик ишкерлер чоң долбоорлорго келгенден эмнеге качат? Анткени бизде коррупция жана анын арты менен ар кандай ызы-чуу чыгып, айланы кетирип жатабыз. Мунун баарын ишкерлер карап, сезип турат. Бизде жагымсыз көрүнүштөр орун алып атса, кыйынчылык жаралса инвесторлор келгенден кооптонушат. Алар тобокелдикке барып, ири суммадагы акча салып аткандан кийин баарын көрүп-байкап иш кылышат. Эгерде бизде башынан эле ири долбоорлордо эки жактын кызыкчылыгына бирдей канааттандырган талаптар аныкталып иш жүргүзүлсө чет элдик ишкерлер оңой тартылмак.

Кыргызстан менен АКШ бизнес форумун тараптар 2013-жылдан бери кезектешип өткөрүп келатышат.

Бишкектеги соңку форумда маалымдалгандай, былтыр эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 154 миллион долларды түзүп, мурдагы жылдарга караганда 31 миллион долларга көбөйгөн. Акыркы жылдары Америкадан келген инвестиция да жогорулап, каржы, транспорт, байланыш жана мейманкана тармагына көп тартылып жатканы белгилүү болду.

АКШдагы ири компаниялардын өкүлдөрү Бишкекке 10-июлда келишкен, алар 12-июлга чейин улана турган сапарында кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугушат, жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен бизнес жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG