Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:21

Орусия-Кытай кызматташтыгы: сандан сапаткабы?


Владимир Путин жана Си Цзиньпин Москвада расмий сүйлөшүүлөргө чейин жолуккан учур. 3-июль, 2017-жыл.

Москвада бүгүн Кытай менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөнү турат. Кытай президенти Си Цзинпин Орусиянын борборуна расмий сапар менен кечээ келди. Москва жана Бээжин саясатта бири-бирин эң ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары санаганы менен орусиялык расмийлер Кытай менен экономикалык кызматташтыкта алар азыр сандан сапатка муктаждыгын моюнга алат.

Кытайдын президенти Си Цзинпин Москвадагы сапарын утурлай орусиялык ММКлар үчүн маегинде анын өлкөсү менен Орусиянын азыркы карым-катышына “тарыхтагы эң мыкты учур” деген мүнөздөмө берди.

Ал эми Орусиянын Кытайдагы элчиси Андрей Денисов болсо Си Цзинпиндин Москвага визитин эки өлкөнүн быйылкы карым-катыш календарындагы “эң маанилүү окуя” деп сыпаттады:

- Саясий чөйрөдө, экономикалык чөйрөдө болсун эки тараптуу мамиле чын эле динамикалуу жана эки тараптын кызыкчылыктары менен артыкчылыктарын даана чагылдырып турат. Кызматташтыгыбыз азыр эле масштабдуу, бизге эми кызматташтыктын сапатын көтөрүү керек. Мисалы биз көбүрөөк активдүүлүккө экономикалык кызматташтыктын инвестициялык тарабында муктажбыз. Жөн эле товар алмашуу жана соода жакшы деңизчи, бирок ал жетишсиз. Бизге Орусияда, Кытайда да отун - энергетика, мунай, газ, электр жана өзөктүк энергия өңдүү чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлор зарыл, - деди Орусиянын Бээжиндеги элчиси Андрей Денисов кытайлык CCTV телеканалы менен маегинде.

Соода демекчи, Орусия менен Кытайдын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 69,5 миллиард долларды түзгөн, расмий өкүлдөр быйыл балким 80 миллиард долларга чейин чаап барат деп үмүттөнүшүүдө.

Орусия Кытайга да негизинен чийки зат, мунай жана металл продукцияларын сатат. Азыркы расмий сапар Си Цзинпиндин президенттикке келгенден бери Орусияга алтынчы визити жана ал Путин менен быйылкы жыл ичинде үчүнчү ирет жолукмакчы.

Кытайдын "Бир алкак, бир жол" долбоорунун картасы.
Кытайдын "Бир алкак, бир жол" долбоорунун картасы.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги сапар учурунда акчалай наркы 10 миллиард доллардык келишим түзүлөрүн, орус тарап кол коюуга 40тай документ даярдалганын маалымдады. Орусия абдан кызыкдар, бирок Кытай тездетүүгө анча ашыкпай турган ири долбоор - “Сибирдин кубаты” (Сила Сибири) газ кууру.

Ал аркылуу Москва көгүлтүр отту Кытайга саткысы келет. Бирок Бээжин Москвадан газ алууга шашпай турганынын себебин орусиялык талдоочу, RusEnergy консалтинг компаниясынын аналитиги Михаил Крутихин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Орусиялык газ Кытай үчүн кошумча гана булак. Алар өз муктаждыгын Борбор Азиядан барган, өздөрү өндүргөн, Мьянма өлкөсүнөн келген жана суюлтулган жаратылыш газы менен жаап жатат. Мен Бээжинде быйыл эле сүйлөшкөн кытайлык эксперттердин айтымында, эгер ошол суюлтулган жаратылыш газын Тынч океанда аскерий-саясий абалдын курчушунан улам деңиз аркылуу ташуу жагынан кыйынчылык жаралса гана алар орусиялык газга муктаж болот.

Талдоочу Михаил Крутихин “Азаттык” менен маегинде “Сибирдин кубаты” газ куурун Орусия азыр өз аймагында гана төшөп жатканын, Кытай болсо өз тарабында курулушту баштай электигин, эки ортодо баа боюнча маселе бардыгын кошумчалады.

"Сибирдин кубаты" кууру- Орусиянын Кытайга газ сатуу үмүтү
"Сибирдин кубаты" кууру- Орусиянын Кытайга газ сатуу үмүтү

Москва баштапкы макулдашуулар боюнча Кытайга 2019-жылдан тарта жылына 38 миллиард куб метрге чейин газ сатууну көздөгөн. Орусияга азыр Бээжиндин “Бир алкак, бир кур” концепциясында эске алууга туура келүүдө.

Быйыл май айында Бээжиндеги атайын форумда сүйлөгөн учурунда президент Путин Кытайдын долбоорун этият колдогон, алар сунуштаган интеграциялык жараяндарды ишке ашыруу “жалпы таанылган эрежелерге” таянуусу керектигин белгилеген.

Орусия азырынча Кытай менен “Бир алкак, бир долбоор” концепциясы боюнча келишим түзгөн өлкөлөрдүн арасында жок.

Москвалык кытай таануучу Алексей Маслов “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Кремлдин турумун төмөнкүчө чечмеледи:

- Орусия биз интеграция жөнүндө сөз кылсак, интеграция Кытайга, Кытайдын долбоорлоруна эмес, буга чейин эле бар, мисалы Евразия экономикалык союзу же көп жылдардан берки АСЕАН долбоолору менен Кытайдын Жибек Жолу долбоору ортосунда болсун деп жатат. Кытай Орусия долбоорду толук колдойт дегидей таасир калтыргысы келет, бирок Путиндин Бээжиндеги сөзүнө көз чаптырсак ал буга чейинки долбоорлорду айкалаштыруу жөнүндө гана айтты. Бул жагынан, менимче, Кытай менен Орусия ортосунда толук биримдик жок.

Батыштык талдоочулар арасында Бээжин Москвага эмес, Москва ага көбүрөөк муктаждыгын жакшы түшүнөт, “Бир алкак, бир жол” долбоору боюнча инвестиция Орусияны негизинен кыйгап өтөт деген көз караш бар.

2016-жылы кытайлык компаниялар 225 миллиард доллардык тышкы инвестициянын 2% гана Орусияда жумшаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG