Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:42

Фэллон: Кытай ири экономикалык оюнчу болгусу келет


“Бир алкак - бир жол” форумунун катышуучулары, Бээжин, 15-май 2017-жыл.

Кытайдын “Бир алкак - бир жол” долбоорунун күңгөй-тескейи тууралуу Азия боюнча европалык изилдөө институтунун эксперти Тереза Фэллон "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Карл Шрекке маек курду.

Карл Шрек: Бээжинде “Бир алкак - бир жол” долбоору​н алга сүрөгөн ири форум өттү. Бул долбоор Борбор Азияга кандай таасирин тийгизет?

Тереза Фэллон: “Бир алкак - бир жол” долбоору "Алкак жана жол" аттуу мурдагы демилгенин жаңыртылган түрү. Анда буга чейинки бардык долбоорлор камтылган. Мисалы, кезинде Казакстан аталган долбоордун алкагында биринчи жолу Орусиянын монополиялык "Транснефть" компаниясын катыштырбастан, газ куурун кура баштаган. Бул макулдашуу 1997-жылы жетишилген. Газ кууру Казакстандан Кытайга багытталган. Бул сыяктуу эски жана жаңы пландар “Бир алкак - бир жол” долбооруна кошулган. Анда алты экономикалык коридор ачуу планы бар. Ал жолдордун бири Борбор Азия аркылуу өтүп, Европага багыт алат.

Айрымдар “Бир алкак - бир жол” долбоорун “Маршалл планына” (же Дүйнөлүк Экинчи согуштан кийин АКШнын Европага берген жардамына) салыштырат. Бирок көпчүлүк талдоочулардын ою боюнча, бул жардам долбоору эмес. Кытай инвестиция салып жатат.

Тереза Фэллон
Тереза Фэллон

Карл Шрек: Сиз бул долбоорго кошулган эски программаларды атап өттүңүз. Борбор Азияга багытталган жаңы долбоорлор тууралуу эмне айта аласыз?

Тереза Фэллон: Буга чейин ири долбоорлор ишке ашкан. Учурда аймак үчүн темир жол байланыштарын жакшыртуу пайдалуураак болмок. Себеби, бул чөлкөмдө поезддердин ылдамдыгы кыйла эле төмөн. Темир жол долбоору ишке ашса, түрдүү экономикалар бири-бири менен байланышмак. Бирок поезддер Борбор Азия аркылуу Европага кетип, чөлкөмдүн экономикасына көп деле пайда алып келбейт дегендер да бар. Ошентсе аймакта бир катар ийгиликтүү, ийгиликсиз долбоорлор жүрүп жатат. Бирок ири долбоорлор солгун ишке ашып жаткандай.

Бээжиндеги форумга 30га чукул өлкөнүн расмийлери катышты.
Бээжиндеги форумга 30га чукул өлкөнүн расмийлери катышты.

Карл Шрек: Кеңири масштабдан карасак, “Бир алкак - бир жол” долбоору канчалык ийгиликтүү иштеп кетет деп ойлойсуз?

Тереза Фэллон: Бул жакшы суроо. Кытайлыктардын өзү да бул долбоорго ар башкача аныктама беришет. Ошол эле учурда дымагы күч долбоор дешет. Бээжинде башталган “Бир алкак - бир жол” форуму дүйнөнүн көңүлүн Кытайга бурууга, Кытайды ири экономикалык оюнчу катары көрсөтүүгө багытталган. Бул Си Цзинпин үчүн маанилүү долбоор. Демек, мында ички саясаттын да үлүшү бар.

Дүйнөнүн бир катар лидерлери Бээжинге келди. Алар Кытайга глобализациянын жаңы лидери катары мамиле кылышууда. Бирок Кытай чындап эле глобализациянын лидериби деген суроо бар. Себеби, Кытайда бизнес жүргүзүү кыйынчылыктары тууралуу европалык жана америкалык соода палаталарынын арыз-дооматы көп.

Андыктан Кытайды бул багытта лидер деп атоо кыйын. Бирок Кытай түзүп чыгууну көздөгөн жаңы имидж кызыгуу жаратат. Кытай АКШнын жаңы жетекчилиги ички маселелерге көңүлүн буруп жаткан учурдан пайдаланып, боштукту толтургусу келет.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзинпин
АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзинпин

Карл Шрек: Европа Биримдигинин жана АКШнын алдыңкы лидерлери Бээжинге барган жок. Бул долбоор боюнча Вашингтон менен Брюсселди эмне тынчсыздандырат?

Тереза Фэллон: Европанын айрым лидерлери, алардын ичинде Италия, Испания, Греция жана Венгриянын өкүлдөрү катышты. Алар Кытайдан инвестиция алып келген. Кытай талаштуу Будапешт-Белград темир жолуна каражат салган. Стратегиялык жактан алганда Кытайдын Жер Ортолук деңиздин чыгышына, Борбордук жана Чыгыш Европага кызыкчылыгы чоң.

Кытай “Бир алкак - бир жол” долбоору жарыяланганга чейин эле Европада "16+1" аттуу демилгеси бар болчу. Мындай жагдай Брюсселдин тынчсыздануусун жаратат. Түштүк Кытай деңизи боюнча Кытай менен Филиппиндин ортосундагы талашта Европа толугу менен эл аралык соттун чечимин колдойт деп күтүлгөн. Евробиримдик чечимди колдогон билдирүү тараткан. Бирок ага Кытайдан инвестиция алган Венгрия менен Грекия кошулган эмес. Бул Европа үчүн эскертүү белгиси болду. Евробиримдик уюм оңой эле бөлүнүп калышы мүмкүндүгүн, Кытай айрым өлкөлөрдү өзүнө тартып кетиши мүмкүн экенин түшүндү.

Орус президенти Путин кытай лидери менен, Бээжин, 15-май 2017-жыл.
Орус президенти Путин кытай лидери менен, Бээжин, 15-май 2017-жыл.

Карл Шрек: Бул долбоор боюнча Орусиянын позициясы кандай? Дем алыш күндөрү орус президенти Владимир Путин да Бээжинге келбедиби.

Тереза Фэллон: Кытай менен Орусиянын ортосунда кызык бир байланыш бар. Айрымдар бул эки өлкө бири-бирине ыңгайлуу дешсе, кайсы бири ортодогу алаканы атаандаштык менен коштолгон достук дешет.

Менимче, Путин бул долбоордон күмөн санайт. Орустар өз ара кабатырланып турса да, эл алдында аны билдиришпейт. Кытайлар да эл алдында ортодогу кызматташтыкты кубатташса, өз ара бул кызматташтык токтоп калбайбы деп ойлонушат.

Орусия Евразиялык экономикалык биримдикти түздү. Бир тараптан бул Кытайдын Жибек жолу долбооруна атаандашкан план. Бирок чындыгында атаандаша албайт. Себеби Кытайдын капчыгы калың.

Андыктан Орусияда бир тарап бул долбоорду кабыл алуу керек десе, экинчи тарап андан эмне чыгаар экен деп байкоо салышууда. Себеби кытайлык талдоочулардын өзү да убадалар ишке ашабы деп тынчсызданып турушат. Эгер убадалар аткарылбаса, ишеним азаяры бышык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG