Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Трамп: АКШ -Кытай алакасы алга жылды


Дональд Трамп жана Си Цзиньпин. Флорида, 7-апрель, 2017-жыл.
Дональд Трамп жана Си Цзиньпин. Флорида, 7-апрель, 2017-жыл.

Аяктаган апта соңунда АКШ менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги саммити өттү. Лидерлер Дональд Трамп менен Си Цзиньпин эки күн катары менен сүйлөштү. Флоридадагы жолугушуудан соң тараптар жакшы маанайдагы билдирүүлөрдү жасашты. Саммит АКШ химиялык чабуулдан улам Сирияга ракеталык сокку урган учурга да туш келди.

АКШ президенти Дональд Трамп өзү Кытай лидери менен эки күндүк сүйлөшүүлөрү эки тараптын мамилесинеде “эбегейсиз прогресске” жол ачканын ырастаганы менен жетишкендиктерди конкреттүү чечмелеген жок:

- Менимче, биз Кытай менен мамилебизде эбегейсиз прогресске жетиштик. Менин өкүлдөрүм кытайлык кесиптештери менен көзмө-көз жолугушту. Менимче прогресс чын эле жетишилди. Президент Си Цзиньпин экөөбүз түзгөн мамиле, менимче, эң мыкты. Биз келечекте дагы көп жолу бирге болууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Мен жаман жана абдан потенциалдуу проблемалардын баары чечилет деп ишенем.

Кытай лидери Cи Цзиньпин АКШдан кетип жатып жылуу сөздөрдү айтты. “Биз терең түшүнүшүп, ишенимге келдик, баштапкы иштиктүү мамиле менен достукка жеттик” деген кытай лидери эки ири өлкөнүн алака-катышы“ дүйнөнүн туруктуулугу жана стабилдүүлүгү үчүн” зарылдыгын, муну кармоо лидерлердин “тарыхый жоопкерчилиги” экенин белгилеген.

Кытай жана АКШ президенттери алгачкы көзмө-көз жолугушуусунда бир катар татаал маселелерге, анын ичинде Корей жарым аралындагы кырдаалга, соода саясатына, Түштүк Кытай деңизи боюнча талаш-тартыштарга кайрылары күтүлгөн.

Алгачкы жолугушуу учуру. 6-апрель, 2017-жыл.
Алгачкы жолугушуу учуру. 6-апрель, 2017-жыл.

Президент Трамптын Флоридадагы сөзү анын шайлоо өнөктүгү учурундагы позициясынан айырмаланды.

Трамп талапкер кезинде Кытайды валюта менен манипуляция кылганы, АКШда жумушчу орундарын жоготкон адилетсиз соода саясатын жүргүзүп жатканы үчүн көп эле сындаган.

Атүгүл Си Цзиньпиндин сапарын утурлай сүйлөшүү “өтө татаал” болорун, Вашингтон Кытай менен соодадагы ири таңкыстык үчүн мындан ары келише албасын, эгер Кытай улам-улам ракеталык сыноо өткөрүп жаткан Пхеньянды ооздуктагыдай кадам жасай албаса, АКШ бул маселе менен өзү алектенерин да билдирген.

Вашингтон Бээжинди Пхеньянга таасир көргөзө алат деп санайт. Эки өлкө мына ушул маселеде кандайдыр конкреттүү макулдашууларга жеткени тууралуу расмий айтыла элек.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бээжинден сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын “диалог боюнча кеңири механизмдин түзүлүшү” деп мүнөздөдү.

Кытайдын башкы дипломатиялык мекемесинин жетекчиси учурдагы стратегиялык экономикалык диалог механизми кеңейтилип, эми коопсуздук, укук коргоо ишмердиги жана маданий чөйрөнү да камтыйт.

Ван И кошумчалагандай, тараптар ошондой эле “соодадан түшкөн кирешелерди тең салмактоого жардам берүү үчүн базарларды мындан ары да ачууну макулдашты”.

Кытайды колдогондор тобу президент Си Цзиньпинди аэропорттон тосуу учурунда. 6-апрель, 2017-жыл.
Кытайды колдогондор тобу президент Си Цзиньпинди аэропорттон тосуу учурунда. 6-апрель, 2017-жыл.

АКШнын статистикасына ылайык эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү былтыр 577 млрд долларга жеткен. Бирок Кытайдын экспорту АКШга караганда 347 млрд долларга көптүк кылат.

- Менимче бул жолугушуудан эки гана жыйынтык чыгышы керек. Биринчиси жеке мамилелер. Менде мамиле курууда ийгилик тапканына эки лидер тең ынангандай таасир калды. Экинчиси алар жараян түзүүсү керек. Башкача айтканда, алар макулдашуусу керек. Демек биз карым-катнаш боюнча макулдашууну, тирешүүнү азайтып, кызматташтык чөйрөсүн кеңейткидей жолду түзүүбүз абзел. Мен саммитте мына ушул жетишилди деп ойлойм, - дейт АКШнын Бээжиндеги мурдагы элчиси Степлтон Рой.

Трамп менен Цзьинпиндин алгачкы саммити АКШ химиялык чабуулдан улам Сирия өкмөтүнүн аскер-аба базасына ракеталык сокку урган учурга туш келди. Ал үчүн АКШны Орусия менен Иран кескин айыптаса, НАТОдогу, Жакынкы Чыгыш жана Аиядагы өнөктөштөрү бекем колдоо көргөздү.

Мамлекеттик катчы Тиллерсон президент Трамп Цзиньпинге бул сокку жана анын жүйөсү тууралуу түз маалымат берип, кытай лидери ал муну зарыл чара катары түшүнгөнүн ишара кылганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG