Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

АКШ Сириянын аба базасына сокку урду


Дональд Трамп жана Башар Асад
Дональд Трамп жана Башар Асад

АКШ Сириянын аскер аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урду. Бул алты жылдык жарандык согуш учурунда АКШнын Сирия өкмөтүнө каршы алгачкы чабуулу болду жана Вашингтон президент Асадды айыптаган химиялык чабуул үчүн жооп чара катары айтылды. Асаддын өнөктөштөрү Орусия жана Иран АКШнын кадамын айыпташты. Вашингтондун өнөктөштөрү колдоо көргөзүштү.

Пентагондун маалыматына караганда 59 канаттуу “Томагавк” ракеталары АКШнын Жер Ортолук деңизиндеги кемелеринин бортунан жума күнү Бишкек убактысы боюнча таңкы 6:40тарда атылды. Бутага Сириянын Хомс провинциясындагы Шэйрат аскер-аба базасы алынды.

Сокку согуштук учактарга, алар катылган жайларга, күйүүчү май сакталган кампаларга, ок-дары сакталган бункерлерге, ракетадан коргонуу системаларына, радарларга жасалды.

АКШ коргоо министрлиги белгилегендей, жайкын тургундар арасындагы жоготуулардын алдын алуу, аба базаны тейлеген кызматчылар үчүн тобокелдикти азайтуу багытында болгон аракет көрүлгөн.

Аба соккунун кесепеттери

Шэйрат аскер-аба базасынын спутниктен тартылган сүрөтү.
Шэйрат аскер-аба базасынын спутниктен тартылган сүрөтү.

Сириянын армиясы базадан алты аскери өлгөнүн, аба майданы талкаланууга дуушар болгонун маалымдады. Мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, АКШ соккусунан базага жакынкы кыштактардан тогуз жайкын тургундун, анын ичинде төрт жаш баланын өмүрү кыйылып, дагы жети киши жаракат алды.

"Американын жасаганы акылсыздык жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турум, бул анын алысты көрө албаганын, реалдуулукту билбеген аскерий жана саясий сокурлугун ачыктап турат", - деп айтылат президент Асаддын кеңсеси тараткан билдирүүдө.

Пентагондун өкүлү Жефф Дэвистин айтымында, алгачкы белгилер ракеталык сокку “Сириянын учактарына, алардын химиялык куралды алып жүрүү жөндөмүнө, Шэйрат аба майдандын жабдууларына, инфраструктурасына олуттуу зыян тийгизгенин көргөзүүдө".

АКШнын Жер ортолук деңиздеги кемесинен Сирияны карай ракета атылган учур. 7-апрель, 2017-жыл.
АКШнын Жер ортолук деңиздеги кемесинен Сирияны карай ракета атылган учур. 7-апрель, 2017-жыл.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан жана Сириядагы жарандык согушка башынан байкоо салып келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, АКШнын ракеталык соккусунан аба базасы дээрлик толугу менен кыйраган.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги болсо АКШ соккусунун натыйжалуулугу "абдан төмөн" болду деп ырастоодо. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, Сириянын базасына 23 гана ракета жеткен. Калган 36сы кайда түшкөнү анык эмес.

"Үрөй учурган" химиялык чабуул

Деңиздеги кемелерден жасалган ракеталык чабуул Сириянын алты жылга созулган жарандык согушунда АКШнын Сирия өкмөтүнө каршы багытталган алгачкы тикелей соккусу.

Ошондой эле бул Дональд Трамптын президенттик кызматка киришкенден бери чет өлкөдө көргөн алгачкы олуттуу аскерий чарасы, ага катар буга чейин карманган багытынан олуттуу бурулушу болду.

Шайлоо учурунда Трамп АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактарга аралашуусуна каршы маанайдагы өнөктүк жүргүзгөн болчу. Бирок АКШнын аскерий кубатын чыңдай турганын жана күчтүн турумунан сүйлөшө турганын убада кылып келген.

Президент Трамп 6-апрелде Флоридада жасаган кыска билдирүүсүндө ал төмөнкүлөргө токтолгон:

- Сириянын диктатору Башар Асад шейшемби күнү (4-апрель) бейкүнөө жарандарга каршы үрөй учурган химиялык чабуул жасады. Асад жардамга муктаж эркектер менен аялдардын, балдардын өмүрүн уулуу газ менен кыйды. Бул алардын көбү үчүн жай, бирок азаптуу өлүм болду. Атүгүл татынакай наристелер да жырткычтык менен жасалган чабуулда мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Мындай карасанатайлыкты кудай бир да баланын башына салбасын. Бүгүн (6-апрель) кечинде Сириянын химиялык чабуул жасалган аба майданына аскерий сокку урууга көрсөтмө бердим. Химиялык куралдын колдонулушун алдын алуу, жайылышына жол бербөө АКШнын маанилүү улуттук коопсуздук кызыкчылыгы. Сирия тыюу салынган химиялык куралды колдонуп, химиялык куралдар боюнча конвенция алдындагы милдеттенмелерин бузуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чакырыктарын жеригенинде эч талаш жок.

Дональд Трамп буга чейин аталган окуяны алгач комментарийлегенде президент Башар Асад “кызыл сызыктан” өтүп жатканын, буга чейин да “көп жолу” өтүп келгенин, химиялык чабуулга баруу менен “адамзатты кордоду” деген, ага катар Сирияга жана Асадга карата мамилеси “олуттуу” өзгөрүп жатканын айткан.

АКШ Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон болсо Орусияны Башар Асад менен мамилесин кайра кароого чакырган.

Эл аралык реакция

Сирия президенти Башар Асаддын өнөктөштөрү Орусия менен Иран АКШнын ракеталык соккусун дароо айыпташты. Вашингтондун НАТОдогу жана аймактык өнөктөштөрү болсо бекем колдоо көргөзүштү.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргендей, президент Владимир Путин “АКШнын Сириядагы соккусун суверендүү өлкөгө каршы агрессия жана эл аралык мыйзамдарды бузгандык” катары карайт. Песковдун айтымында, Путин ага катар “Вашингтондун бул кадамы ансыз деле азыр жаман абалда турган Орусия-АКШ алакасына олуттуу сокку урарын” жана “терроризмге каршы күрөшүү үчүн эл аралык коалиция түзүүгө олуттуу тоскоолдук жаратат” деп санайт.

Мурдараак Пентагон Сирияга жасай турган сокку тууралуу Орусия кабардар болгонун билдирген.

АКШнын соккусунан кийин Москва Вашингтон менен Сириянын аба мейкиндигинде эки өлкөнүн аскерий учактары ортосундагы инциденттерди алдын алуу максатында түзүлгөн макулдашууну токтотуп жатканын жарыялады. Кырдаалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө да чакырды.

Зарин газына ууланган кыз. Сирия
Зарин газына ууланган кыз. Сирия

Асадга аскерий жана экономикалык колдоо көргөзүп келе жаткан Иран АКШнын соккусу “Сириядагы террорчуларды күчтөнтө турганына”, “Сириядагы жана аймактагы кырдаалды татаалдаштырарына” токтолду.

Иран химиялык куралдын колдонулушун айыптайт, “бирок биз аны бир тараптуу аракеттер үчүн жүйө катары пайдаланууну коркунучтуу жана эл аралык мыйзамдарды бузуу деп санайбыз", - деди Тегерандан Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Касеми.

АКШнын өнөктөштөрүнөн болсо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трампты чечимине толук колдоо көргөзөрүн билдирди. Нетаньяху муну химиялык куралдын колдонулушу жана жайылышы менен келишүүгө болбой турганын ачык-айкын көргөзгөн белги деп сыпаттады.

Сауд Арабия да АКШнын кадамын “толук колдой” турганын мамлекеттик СПА агенттиги кабарлады.

Түркиядан премьер-министрдин орун басары Нуман Куртулмуш америкалыктардын соккусун кубаттоо менен Асаддын өкмөтү жазасын тартуусу керектигин белгилеп, “АКШнын бул операциясы тынчтыкка салым кошоруна үмүттөрүн” айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франция президенти Франсуа Олланд биргелешкен билдирүүсүндө АКШ көргөн чара үчүн "Асад жеке өзү жоопкер" экенине көңүл бурушту. Ушундай ойду НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг да айтып, химиялык курал колдонуу кабыл алынгыстыгын, бул жоопсуз калбашын, жоопкерлер жазага тартылуусу керектигине токтолду.

Кошмо Штаттардын өзүнөн болсо Сирияга жасалган соккуну Конгресстеги эки партиянын тең лидерлери колдошту.

Трампка Токиодон жапон премьер-министри Синдзо Абэ да колдоо көргөздү:

- Жапония өкмөтү АКШнын өкмөтүнүн химиялык куралдын колдонулушуна жана жайылтылышына каршы чечкиндүүлүгүн колдойт. Биз АКШнын бул аба соккулары кырдаалдын мындан ары начарлоосун алдын алууга багытталганын түшүнөбүз.

Химиялык чабуулдун чоо-жайы

АКШ Башар Асаддын режимин айыптаган химиялык чабуул 4-апрелдин таңында Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарчасында болгон.

Батыш маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Кошмо Штаттардын чалгын өкүлдөрү баштапкы иликтөөлөрүндө адамдар Сириянын өкмөттүк учагы зарин газын абадан чачканда ууланган деген бүтүмгө келишкен.

Ал эми Сирия өкмөтүнүн жана Орусия уулуу газ өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын курал кампасына абадан сокку ургандан кийин тарап кеткенин билдирген. Бирок АКШ жана башкалар бул ырастоолорго макул болгон жок.

Асаддын режими химиялык курал колдонгонун Түркия дагы билдирип чыккан. Өлкөнүн юстиция министри Бекир Боздаг муну каза тапкан үч сириялыктын сөөгүн сойгондон кийинки жыйынтыктар да көргөзгөнүн билдирет. Боздагдын билдиришинче, Түркияда жүргүзүлгөн бул ишке Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери да катышкан. Анткени, жараат алган 32 адам Түркияга алынып келип, үчөө ал жерде каза тапкан.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваторясы деген уюмдун эсебинде, 4-апрелдеги химиялык чабуулдан кеминде 86 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар. Жеринде тартылган видеолордо адамдар дем ала албай, тумчугуп, ооздорунан көбүк агып жатканы чагылдырылган.

Сирия: химиялык чабуулдун дүрбөлөңү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG