Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:48

"Русгидро" кыргыз өкмөтүн сотко берет


Нарын ГЭС каскадында курулуш башталган учур. 2013-жыл. "Азаттыктын" архиви.

Орусиянын «РусГидро» энергетикалык компаниясы Кыргызстанга каршы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылаарын жарыялады.

Орусиянын “РусГидро” компаниясынын башчысы Николай Шульгинов 27-июндагы акционерлердин жыйынында Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Кыргызстанга каршы Гаага сотуна арыз даярдалып жатканын айтканын федералдык "РИА Новости" агенттиги жазып чыкты.

Анда Шульгинов кыргыз тараптын чакыруусу менен атайын делегация "бүгүн-эртең" Бишкекке сүйлөшүүгө келээрин, Кыргызстан менен маселени тынч чечүүгө даяр экенин, бирок андан майнап чыгарына ишенбей турганын белгилеген.

Кыргыз өкмөтү болсо "Русгидронун" жарыясына комментарий бере элек. Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиевдин айтымында, компаниядан кабар келе элек:

- Маалыматтарда кабар берилгени айтылып атат. Бирок бизде азыр андай маалымат жок.

"Русгидро" компаниясы сотко кайрылууга "Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына жумшалды" деген 37 миллион долларды "Кыргызстан эмгиче төлөп бере элек" деген жүйө келтирүүдө. Компаниянын Гаага сотуна кайрылуу ниети коомчулукта ар кандай талданып жатат. Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов Орусия Кыргызстанга басым көрсөтүп жатат деген пикирде:

Жаныбек Оморов. Архивдик сүрөт.
Жаныбек Оморов. Архивдик сүрөт.

- Сотко берген күндө деле булар өздөрү туура эмес кылды да. Кысым алдында бизди биринчи келишимден баш тарттыргандай кылып коюшпадыбы. Чындыгында биринчи орус тарап өзү келишимди аткарбай, ишти создуктурду. Бул үчүн кайра алар компенсация төлөшү керек. Эксперттер кеткен чыгымдар ашыкча көрсөтүлгөнүн айтып чыгышпадыбы. Баары эле "анчалык чыгым кеткен жок" дешти. Бирок Кыргызстанды "төлө" деп мажбурлашты. Анысы да туура эмес. Эреже боюнча жаңы келген инвестор объектини баалап туруп сатып алышы керек. Ушул эрежени сактабай эле кысымга алып келатышат.

Эксперттик чөйрөдө муну жаңы өкмөткө карызды эскертип коюу аракети катары сыпаттагандар да бар. Коомдук ишмер Райымбек Мамыровдун баамында, энергетикалык долбоорлор боюнча келишим эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөндүктөн, Гаага сотуна кайрылууга негиз жок болчу:

- Кыргызстан аны төлөөдөн баш тарткан жок да. Келишимдин негизинде Кыргызстан менен Орусияда карала турган эле маселе. Биринчи баскыч деген болуш керек да. Мүмкүн Орусиянын ичинде бир сотко кайрылып, эгер туура эмес чечим чыга турган болсо Гаага сотуна кайрылса болмок. Менимче бул алдын-ала айтылган эскертүү болсо керек. Экинчиден, алардын сотко кайрылууга укугу бар. Анткени Кыргызстан келишимден мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу чыгып, долбоорду токтотуп жатпайбы, формалдуу күнөөлүү болуп.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны "Интер РАО" ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын "Русгидро" курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келатат. Буга чейин да бересе кайтарылбаса, эл аралык арбитражга кайрылаарын эскерткен.

Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курулбаганын жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныкташ үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуш кылган. Орусия ага көнгөн эмес. Жогорку Кеңеште да бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, эл өкүлдөрү курулушка кеткен каражаттар "эки-үч эсе кымбат эсептелген" деп бүтүм чыгарган. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов эл аралык арбитраждан "Русгидро" утуп чыгышы мүмкүн деп кооптонуп турат:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- "Русгидро" бизди сотко берсе сөзсүз түрдө утуп алат. Анткени келишимдер боюнча Кыргызстан акчаны төлөп берүүгө милдеттүү. 37 миллион негизги карыздан тышкары сотко кеткен чыгымдар менен айып санкцияларды кошкондо 40 миллион долларга жакын төлөп калышы мүмкүн. Бул Кыргызстандын күнөөсү менен денонсация болгон келишим. Бирок 37 миллион доллардын үчтөн эки бөлүгү уурдалып кеткен. Аны биздин укук коргоо органдары текшериши керек. Ошол эле учурда ал карызды бербей коюуга негиз эмес. Карызды биз каалайбызбы-жокпу, төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Карызды төлөө бюджетти гана чыгымга учуратпастан, биздеги инвестициялык климатка, мамлекеттин аброюна сокку урулат. Инвесторлор менен болгондо да эл аралык сотто соттошуу өлкөгө аброй алып келбейт. Сотто утулуп, акчаны төлөп берүү бир топ инвесторлорду чоочутуп коюшу ыктымал. Аларда "бул мамлекетке барып, инвестиция салуу опурталдуу" деген ой калат. Ошого биз эки жактан уттуруп жатабыз - инвестиция жана каржы жактан. TBEA, Бишкек Жылуулук электр борборундай эле 37 миллион доллардын үчтөн экиси уурдалган. Убагында аны жогорку жактан таасирлүү адамдар токтотуп койгондуктан, эч ким иликтеген эмес. Эми андай нерсе жок. Ошондуктан прокуратура жана күч органдары муну иликтеп чыгып, акчаны уурдагандардын аттарын жарыялашы керек.

"Русгидродон" кийин Кыргызстан былтыр жайында чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу боюнча келишим түзгөн. Өкмөт чехиялык ишкерлер Кыргызстандын "Русгидрого" болгон карызын төлөй турганын жарыялаган. Анткен менен "Liglass Trading CZ" келишимдин шарттарын аткара албай, кыргыз тарап андан да кол үзгөн.

Өкмөттүн дарегине карата "эми Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына эч ким келбейт" деген сындар айтылган. Бийлик аны четке кагып, индиялык жана кытайлык инвесторлор кызыгып жатканын жар салган.

Азыркы тапта "Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына кайра Орусия өзү келүүгө кызыкчылыгы бар" деген пикирлер да айтылып жүрөт. Бирок коомдук ишмер Райымбек Мамыров Орусиянын бул долбоорго кайра келерине көзү жетпейт. Ал "Русгидронун" соңку билдирүүсүн саясат менен байланыштырды:

Райымбек Мамыров.
Райымбек Мамыров.

- Орусиянын ал жерге кайра келишине ишенбейм. Биздин объект алар үчүн көп деле кызыктуу эмес. Бул жерде көбүнчө саясий маселе болгон. Экономикалык жактан орус тарапка андай деле кызыгуу жаратпайт. Негизи ал жерге инвестор табылышы кыйын. Ар бир инвестор акча салаардан мурда анын өндүрүмү баа болобу-жокпу, эсептеп көрөт. Нарын облусунун шартында бул объектиде чыккан электр энергиясынын баасы Кыргызстандагы тарифке же сыртка сатылып жаткан энергияга салыштырмалуу бир топ жогору болот.

"Русгидро" жана "Liglass Trading CZ" компанияларынан кийин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына чындап инвестиция салууну көздөгөндөр чыга элек. Эреже боюнча долбоорду ишке киргизе турган инвестор Кыргызстандын Орусияга болгон 37 миллион доллар карызын да төлөөгө тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG