Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Жогорку Нарын каскадын курууга эки компания кызыгып жатат


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга эки компания кызыкчылыгын билдирип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр аягына чыккан соң өкмөт алардын жыйынтыгын расмий түрдө жарыялайт.

- "Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына эч ким келбейт" деген сөздөр жүрүп жаткан. Ал туура эмес. Бул долбоорго кызыккандар бар. Биз бул долбоордун үстүнөн иштеп, аягына чыгарабыз, - деди Исаков.

Ошондой эле премьер Камбар-Ата 1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин жана бул долбоордогу Орусиянын үлүшүн кыргыз тарап сатып алууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, "РусГидро" сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсацияланган.

Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курулбаганын жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныкташ үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок Орусия тарап андан баш тартып, Кыргызстан 37 миллион доллар бересе экенин айтып келатат.

Ошондон кийин чехиялык "Лигласс" компаниясы менен келишим түзүлүп, бирок ал келишимди да Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG